19 November 2024

Бүткүл дүйнөлүк дааратканалар күнү Нарын облусунда белгиленди

2024-жылдын 19-ноябрь күнү Нарын облусунун айылдарындагы бала бакчаларда жана мектептерде Бүткүл дүйнөлүк дааратканалар күнүнө арналган иш-чаралар өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган Нарын облусунда айылдарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү Программасынын алкагында тематикалык сабактар жана интерактивдүү оюндар уюштурулуп, ага кичинекей кыргызстандыктар активдүү катышты.

Бүткүл дүйнөлүк дааратканалар күнү, Бириккен Улуттар Уюмунун 19-ноябрда белгиленүүчү глобалдык санитардык кризисти чечүү боюнча иш-аракеттерди жандандырууга багытталган расмий эл аралык күнү. Аталган датада, дүйнө жүзү Дүйнөлүк дааратканалар күнүн белгилеп, санитария тармагындагы глобалдык кризиске көңүл бурат жана таза суу менен камсыздоо жана санитардык шарттарды жакшыртуу максатын баса белгилейт.