14 Ноябрь 2024

Бишкектеги Бизнес-форум: Жергиликтүү коомчулуктарды экономикалык колдоо жана өнүктүрүү — тажрыйба алмашуу, өнөктөштүк жана туруктуу өнүгүү үчүн платформа!

14-ноябрда Кыргызстандын борборунда «Коомчулуктардын демилгеси боюнча долбоорлор аркылуу экономикалык колдоо жана жергиликтүү коомчулуктарды өнүктүрүү» бизнес-форуму өттү.

Негизги максаты: Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Долбоорлорунун алкагында ишке ашырылуучу Кошумча нарк чынжырынын негизинде экономикалык чакан долбоорлорду ишке ашыруунун алдыңкы тажрыйбаларын талкуулоо үчүн аянтчаны түзүү:

  • Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо CASA-1000 долбоору (ППМС CASA-1000);
  • Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору үчүн кошумча каржылоо  (ДФ ППМС);
  • «Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагында кошумча каржылоо (СOVID-19 чара көрүү боюнча)» долбоору (ДФ ПСИ-3).

Бизнес-форум ошондой эле  айыл аймактарын/регионду туруктуу өнүктүрүү жана экономикалык объектилердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн ишкердик байланыштарды түзүүгө жана инвестиция тартууга багытталган. Бизнес-форумдун 350дөн ашык катышуучулары конструктивдүү маалымат алмашуу жана муниципалдык-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү жана өз ара аракеттенүү боюнча биргелешкен сунуштарды иштеп чыгуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк алышты. Бир күндүн ичинде «B2B»  форматында жолугушуулар, натыйжалуу механизмдердин жана айыл чарба, туризм, тигүү өнөр жайы, кол өнөрчүлүк жана IT-технологиялар тармагында ийгиликтүү жетишкендиктердин мисалдарынын презентациялары көрсөтүлдү.

Форумдун ишине Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов, Финансы министрлигинин Мамлекеттик инвестициялар башкармалыгынын башчысы Нурбек Акжолов, АРИСтин аткаруучу директору Марс Наспеков, тиешелүү мамлекеттик органдардын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Эл аралык финансылык институттардын жогорку деңгээлдеги кызыгуусун Дүйнөлүк банктын социалдык өнүктүрүү боюнча глобалдык директору Робин Мернс мырзанын, Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Риделл мырзанын, Ага Хан Фондунун, ПРООНдун жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу көрсөтүп турат.

Ал эми уюштурулган нетворкинг-жолугушуулардын жүрүшүндө катышуучуларга өндүрүш, маркетинг, логистика маселелери боюнча чакырылган эксперттердин тажрыйбасы менен таанышууга жана чакан долбоорлордун экономикалык ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча конструктивдүү сунуштарды алууга мүмкүнчүлүк берди.

Мындан тышкары, көргөзмө-жарманкеде төмөнкү өнүмдөр көрсөтүлдү:

  • Жогоруда көрсөтүлгөн үч долбоордун алкагында инвестициялык гранттарды алган бизнес өнөктөштөр (ППМС CASA-1000, ДФ ППМС, ДФ ПСИ-3)
  • Калктын аялуу топторуна жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга багытталган «Жашоо каражаттарын колдоо» программасынын (ЖККП) жана Киреше булактарын колдоо программасынын (КБКП) катышуучулары.

Кыргызстандын 7 облусунан келген жергиликтүү коомчулуктун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ар кандай бирикмелердин, бизнес-өнөктөштөрдүн өкүлдөрү мастер-класстарга катышып, ишке ашырылып жаткан экономикалык чакан долбоорлордун сүрөт-көргөзмөсүн көрө алышты.