25 Июль 2024

АРИС: ПРЭР жана ПРЭР-2 долбоорлорунун алкагындагы Дүйнөлүк банктын миссиясы аяктады

"Ош облусунда жана Ош шаарында аймактык экономикалык өнүктүрүү" (ПРЭР-1) жана ошондой эле "Баткен облусунда аймактык экономикалык өнүктүрүү" (ПРЭР-2) долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында Дүйнөлүк банктын миссиясы аяктады. Бул долбоорлорду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу (АРИС) тарабынан, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Дүйнөлүк банктын колдоосу менен каржыланууда.

Дүйнөлүк банктын Миссиясынын жыйынтыктоочу бөлүгү АРИСтин жетекчилигинин, долбоорлордун адистеринин жана банк өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Дүйнөлүк банктын жетекчилиги менен жыйынтыктоочу жолугушууга Кырсыктардын тобокелдигин башкаруу боюнча улук адис/жумушчу топтун жетекчиси Толкун Жукушева жана шаарды өнүктүрүү боюнча улук адис/жумушчу топтун жетекчиси Тенгиз Гоготишвили катышты. АРИС тарабынан АРИСтин Аткаруучу директору М.Наспеков, аталган долбоорлордун координатору А.Кадыров жана ПРЭР-2 долбоорунун координаторунун орун басары Г.Джумабекова катышты.

Миссиянын жүрүшүндө жер-жерлерде жолугушуулар өткөрүлдү, анда долбоорду ишке ашыруунун бардык аспектилери талкууланды. Ошондой эле, долбоордун максаттарын аткаруу жана пландаштырылган натыйжаларга жетишүү маселелерин камтыды.

Ошону менен бирге,  Дүйнөлүк банктын консультанты З.Черчелаури долбоордун адистери менен биргеликте Ош жана Өзгөн шаарларындагы объекттерге мониторинг жүргүзүү үчүн иш сапары менен барганы белгиленет. Бул мониторинг “Аймактык экономикалык өнүктүрүү долбоорун” ишке ашыруунун учурдагы абалын жана натыйжалуулугун баалоого багытталган.