АРИС: Төө-Моюн айыл аймагындагы 250 гектар жерге сугат суусу жеткирилди
Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагындагы беш айылдын 20 миңден ашуун жашоочусуна пайда алып келген сугат сууларын камсыздаган скважиналар ишке кирди.
Климаттын ѳзгѳрүүсүнүн таасири акыркы жылдары агын сулардын киришинин азаюусуна жана суу балансынын бузулушуна алып келди. Суунун 40% нын жоголушу, Найман суу сактагычынын дээрлик кургап калышы жана ички чарбалык ирригация системаларынын эскириши, суу скважиналарынын иштебей турушу дыйканчылык менен эмгектенген Тоо-Моюн айыл аймагынын калкына кыйла оор түйшүк жараткан. Талааларга сугат суусун жеткире албай, мунун натыйжасында дыйкандар орто эсеп менен 3,6 млн сом чыгымга учурап, 300 га жакын жер аянты иштетилбей калган.
Жалпы эл бул кѳйгѳйдү ѳзѳктѳн билгендиктен, келип жаткан инвестицияга сугат сууларын камсыздай турган скважиналарды толугу менен жаңылоону демилгелеп, аны ишке ашырууну колго алышты. Скважиналарды таштандылардан тазалап, зым мамыларын орнотушуп, электр чубалгыларын тартып, насосторду жаңылап, трансформаторлорду коюп, союз тарагандан бери каралбаган скважиналарды толук кандуу ишке киргизишти.
Жыйынтыгында беш айылдын эгин талааларына ѳз убагында сугат суусу берилип, дыйкандар иштетпей калган жер аянттарын иштетип, ал жерден мол түшүм алуусуна шарт түзүлүп, башта суу талаштан тынымсыз чыгып турган ич ара конфликттер да алдын алынды. Климаттын ѳзгѳрүүсүнѳ таасир бере турган кѳп жылдык бак аянттарга суу жетип, бактарды жашыл токойго айлантууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Бул саамалыкты белгилѳѳ үчүн айыл эли чогулуп, бардык ѳнѳктѳш тараптарды чакырып, ачылыш аземин уюштурушту. Ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Б.Э. Тѳрѳбаев, президенттин Ош облусундагы өкүлү Э.Н. Джантаев, Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Хью Риддел, АРИСтин Аткаруучу директору Марс Наспеков, ошондой эле Дүйнөлүк банктын, АРИСтин өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты. Салтанаттуу аземде коомчулук ѳнѳктѳш болгон тараптарга ыраазычылыктарын билдирип, иштин жыйынтыктарын кубануу менен презентациялашты.
Аталган чакан долбоор АРИСтин "Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбооруна кошумча каржылоо CASA 1000" долбоорунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосу, Дүйнөлүк банктын каржылоосунун алдында ишке ашырылган.