АРИС: CS-FOR долбоорунун алкагында адистерди окутуу иш-чаралары башталды
Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу, “Кыргыз Республикасындагы токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртектин секвестрациясы (CS-FOR)” долбоорунун иш-чараларын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн катышуучуларга зарыл билим берүү үчүн арналган тренингдин башталышы жөнүндө маалымдайт.
Өткөрүлүп жаткан окуу иш-чараларынын эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында тренингге негизги адистер, атап айтканда консалтингдик компаниянын өкүлдөрү, АРИСтин жана ФАОнун кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинин өкүлдөрү, Россия-Кыргыз Өнүгүү Фондунун жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын өкүлдөрү чакырылган.
Эки күндүн ичинде тренингдин катышуучулары социалдык мобилизациялоо кадамдарын ишке ашыруу механизмдерин жана ландшафтты башкаруу боюнча коомдук топторду түзүү менен таанышат. Ошондой эле, “Биз алар менен жамааттардын муктаждыктарын биргелешип аныктоо ыкмаларын, жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу планынын түзүмүн жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулукту бөлүшүүгө ниеттенип жатабыз”, - деп белгиледи CS-FOR (АРИС) долбоорунун координатору Түпеев Руслан Сагынбекович.
Ошондой эле, Түпеев Р.С., тренингдин катышуучуларын билим жана жөндөмдүүлүктөрүн менен өз убагында камсыз кылуу CS-FOR долбоорунун иш-чараларын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн маанилүү экенин белгиледи.
“Кыргызстандын көмүртектерин секвестрлөө долбоору туруктуу өнүгүүгө болгон умтулуубуздагы маанилүү кадам болуп саналат жана бул тренинг катышуучулар үчүн аны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн зарыл болгон жөндөмдүүлүктөрдү үйрөнүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк болуп саналат”, - деди CS-FOR (ФАО) долбоорунун улуттук координатору Гүлмира Советбековна Урманбетова.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар көмүртектин запастарын баалоо, токойду башкаруунун туруктуу практикасын өнүктүрүү жана климаттык инвестиция үчүн каржылоону тартуу үчүн зарыл болгон ыкмаларды жана инструменттерди терең түшүнүшөт. Климат жана туруктуулук боюнча эксперттер өздөрүнүн тажрыйбалары жана мыкты тажрыйбалары менен бөлүшүп, долбоордун алдында турган негизги көйгөйлөрдү жана мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашат.