18 Июль 2024

АРИС: ПРЭР жана ПРЭР-2 долбоорлорунун алкагында Дүйнөлүк банктын миссиясы иштей баштады

2024-жылдын 17-июлунда "Ош облусунда жана Ош шаарында аймактык экономикалык өнүктүрүү" (ПРЭР-1) жана ошондой эле "Баткен облусунда аймактык экономикалык өнүктүрүү" (ПРЭР-2) долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында

Дүйнөлүк банктын миссиясы иштей баштады. 2024-жылдын 17-июлунан 23-июлуна чейин созулган миссия инфраструктуралык долбоорлорду жана социалдык демилгелерди ар тараптуу колдоо аркылуу региондун туруктуу экономикалык өнүгүүсүн колдоого багытталган.

Миссиянын курамы Дүйнөлүк Банктын төмөнкү эксперттерин камтыйт:

Кырсыктардын тобокелдигин башкаруу боюнча улук адис/жумушчу топтун жетекчиси Толкун Жукушева, шаарды өнүктүрүү боюнча улук адис/жумушчу топтун жетекчиси Тенгиз Гоготишвили, ошондой эле консультант З.Черчелаури жана башка адистер кирет.

Миссиянын биринчи жолугушуусу Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун (АРИС) жетекчилиги менен болду. АРИС тарабынан АРИСтин Аткаруучу директору М.Наспеков, долбоордун координатору А.Кадыров жана ПРЭР-2 долбоорунун координаторунун орун басары Г.Джумабекова катышты.

Жакынкы күндөрү Миссиянын эксперттери ПРЭР жана ПРЭР-2 командасы менен долбоордун бардык компоненттерин ишке ашыруунун деталдарын талкуулоо үчүн жолугушууларды пландаштырууда. Долбоорлор Кыргыз Республикасынын аймактарынын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн натыйжалуу колдоого багытталган жана долбоорлордун жалпы максаттарына жетүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен активдүү өз ара аракеттенүүнү улантат.

"Ош облусунда жана Ош шаарында аймактык экономикалык өнүктүрүү" (ПРЭР-1) жана ошондой эле "Баткен облусунда аймактык экономикалык өнүктүрүү" (ПРЭР-2) долбоорлору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Дүйнөлүк Банктын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу тарабынан ишке ашырылууда.