АРИС: ПРЭР долбоору аркылуу Кыргызстандагы айыл чарба чынжырларын өнүктүрүүнү колдоо
Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Х.Ридделл, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары М.Дүйшеев, АРИСтин аткаруучу директору М.Наспеков жана башкалар "Аймактык экономикалык өнүктүрүү" (ПРЭР) долбоорунун негизги компоненттеринин бири: Агроазык-түлүк менен камсыз кылуу чынжырларын жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн чакан чарбаларын чыңдоо компонентинин жыйынтыктары менен таанышты.
ПРЭР долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Дүйнөлүк банктын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу (АРИС) тарабынан ишке ашырылып жатат.
Иш сапардын жүрүшүндө, дан өндүрүү менен иштеген «Элдик тех-сервис» кооперативинин ишмердүүлүгү менен таанышты. ПРЭРдин алкагында, эң акыркы үлгүдөгү тракторлорду, пресс-подборщикти, жүк ташуучу унааны жана өндүрүмдүүлүктү жана эффективдүүлүктү бир топ жогорулата турган ирригациялык установкаларды сатып алууга 15 000 000 сом акча каражаты бөлүнгөн.
Канаттууларды өстүрүү борборунун лидери "BBK Group" ЖЧКсында болушту. ПРЭР долбоорунун алкагында "BBK Group" ЖЧКсынын өндүрүшүн кеңейтүү үчүн жалпы суммасы 35 000 000 сомго жабдуулар сатылып алынды, анын ичине тоокканаларды автоматташтыруу үчүн жабдуулар, 890 даана сэндвич-панельдер жана башка керектүү жабдуулар сатып алынды.
Багбанчылыкты, өсүмдүк өстүрүүнү жана мал чарбачылыгын активдүү өнүктүргөн "Термез" айыл чарба өндүрүштүк коммерциялык кооперативинин ишмердүүлүгүнөн да кабар алынды. ПРЭР долбоорунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд тарабынан 20 000 000 сом суммасында каражаттар бекилди. Анын эсебинен алма бактарынын көчөттөрү, тамчылатып сугаруу системасы, насос, самосвал жана башкалар алынды.
"Аймактык экономикалык өнүктүрүү" долбоору Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүдө, туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууда жана жергиликтүү коомчулуктун жашоосун жакшыртууда маанилүү кадам болуп саналат. Бул аракеттер чакан жана орто айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоого, алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана эл аралык рынокторго интеграциялоого багытталган.