АБР и АРИС обсудили перспективы сотрудничества в сфере экологии и водоснабжения
Бишкек, 2025-жылдын 21-апрели – Бүгүн Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Миссиясы менен Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун (АРИС) ортосунда экология, суу менен камсыздоо жана энергияны үнөмдөө жаатындагы жаңы масштабдуу демилгелердин башталышы болгон жолугушуу болуп өттү.
Сүйлөшүүлөрдүн негизги багыты өлкөнүн таза жана туруктуу келечегине карай кадам болгон турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын башкаруу боюнча жаңы долбоорду (SWEEP) даярдоо болду. АӨБ өкүлдөрү ошондой эле мамлекеттик мекемелерде энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу жана жашыл технологияларды киргизүүгө багытталган коомдук имараттарды жашыл трансформациялоо долбоорунун жүрүшү тууралуу маалымат алышты.
Маанилүүлүгү жогору болгон, жалпы баасы 184 миллион АКШ долларынан ашкан суу менен камсыздоо багытында эки жаңы долбоорду талкуулоо болду:
• 100 млн. АКШ доллары – Жалал-Абад облусунун 80 айылын таза суу менен камсыз кылууга;
• 84 млн АКШ доллары – Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы 64 айылды туруктуу суу менен камсыздоо үчүн.
АӨБ миссиясынын курамына төмөнкү адистер кирди:
• Цзинминь Хуан, Борбордук, Чыгыш жана Батыш Азия боюнча суу менен камсыздоо жана шаарларды өнүктүрүү департаментинин директору,
• Джиа Хиян Хон, суу менен камсыздоо боюнча улук адис,
• Личжун Чжоу, консалтинг тобунун жетекчиси,
ошондой эле АӨБ командасынын башка мүчөлөрү.
АРИСтин атынан төмөндөгүлөр катышты:
• Марс Наспеков, Аткаруучу директор,
• Асел Мамбеткулова, Аткаруучу директордун орун басары,
• Бактыбек Сталбек уулу, финансы менеджери,
ошондой эле учурдагы долбоорлордун координаторлору жана адистери.
Кызматташтыктын маанилүүлүгүн АӨБнын Борбордук, Чыгыш жана Батыш Азия боюнча суу менен камсыздоо жана шаарларды өнүктүрүү бөлүмүнүн директору Цзинминь Хуан өзгөчө баса белгилеп, мындай деп белгиледи: «АРИС АӨБ долбоорлорун ишке ашырууда стратегиялык өнөктөш болуп саналат.
Жолугушуу конструктивдүү маанайда өтүп, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө жана жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган жаңы демилгелерди ишке ашырууга карай маанилүү кадам болуп калды.