2024-жылдын 23-октябрында Нарын облусунун Чет-Нура айыл аймагынын Орук-Там айылында таза суу менен камсыз кылуу системасы ишке берилди.
2024-жылдын 23-октябрында Нарын облусунун Чет-Нура айыл аймагынын Орук-Там айылында таза суу менен камсыз кылуу системасы ишке берилди.
Анын ачылышына Нарын райондук жергиликтуу мамлекеттик администрациясынын башчысы - акимдин биринчи орун басары Туратбек Кулешов, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун (АРИС) өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.
Иш-чарада район жетекчиси аталган долбоордун маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, анын демилгелерине колдоо көрсөткөн Азия өнүктүрүү банкына жана долбоорду ишке ашырган АРИСке элдин атынан ыраазычылык билдирди жана ошондой эле айыл элин таза суу системасын натыйжалуу башкаруу менен сарамжалдуу пайдаланууга чакырды.
Эске салсак, таза суу системасын куруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган “Нарын облусунда айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү программасынын” алкагында АРИС тарабынан ишке ашырылды.
Курулуш-монтаждоо иштери 2023-жылдын 7-июнунда “Экарас-5" ЖЧК жана "Шер-Курулуш" ЖЧК консорциуму тарабынан башталып, төмөнкү иштер аткарылды:
• көлөмү V=25м3 болгон резеруар курулду;
• резервуардан 508 м. алыстыкта суу алуучу түзүлүштөр курулду;
• сууну хлорлоочу курулмалар курулду;
• узундугу 3727 м. суу бөлүштүрүүчү тармагы курулду;
• 28 даана темир-бетон кудуктары орнотулду.
Бардык социалдык объектилер, анын ичинде бала бакча, орто мектеп, фельдшердик-акушердик пункт, мечит, административдик имараттардын суу менен камсыз кылуу системасына кошулуу мүмкүнчүлүктөрү эске алынды.
Программанын алкагында «Үч-Нура таза аймак» муниципалдык ишканасын ачууга колдоо көрсөтүлүп, компьютердик техникалар сатылып алынды жана ишкананын кызматкерлерине техникалык эксплуатациялоо боюнча окутуулар өткөрүлдү. Мындан тышкары, айылдын тургундарына суу, санитария жана гигиена маселелерин жайылтуу багытында окуучуларга жана үй-чарбаларына “Мектепте суу, санитария жана гигиена” жана “Үйдө санитарияны жакшыртуу” усулдары боюнча окутуулар өткөрүлдү.