Практика аркылуу өндүрүшкө үйрөнүү: Балбай айыл аймагынын ишкерлеринин тажрыйбасы
НПИС алкагында, Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Балбай айыл аймагында жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө жана айыл тургундарынын киреше булактарын кеңейтүүгө багытталган жаңы экономикалык демилге ишке киргизилди.
Алсак, «Жем жемиштерди кайра иштетүү цехин куруу» экономикалык чакан долбоорунун негизги өзгөчөлүгү – бул жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн айыл чарба продукцияларын кайра иштетип, чийки зат катары сатуунун ордуна, даяр продукцияга айландыруу аркылуу кошумча нарк чынжырын түзүүгө багытталгандыгында.
Эки ишкердин – Таалайбек Алиев менен Замирбек Абдылдаевдин биргелешкен командасы, келечектеги өз бизнесинин технологиясын теориялык жактан да, реалдуу өндүрүш шарттарында да өздөштүрүп, OSOP+1 өндүрүштүк цехинде практикалык окуудан өтүштү. Мындай ыкмада «окуу – практика – талдоо – өркүндөтүү» принциби колдонулат, бул келечекте жемиш жана жашылчаларды кайра иштетүүчү цехинде жаңы билим жана көндүмдөрдү колдонууга мүмкүндүк берет.
Бизнес-команда керектөөчүнүн муктаждыктарына жооп берген даяр товарды түзүү принциптерин өздөштүрдү: продукциянын рецептурасын, технологиялык ырааттуулугун, сырткы көрүнүшүн, даам сапаттарын, сактоо шарттарын жана потенциалдуу кардарларга сунуштоо үчүн тиешелүү таңгактоону эске алуу менен. Мунун баары келечекте өндүрүштү баштоодогу тобокелдиктерди азайтууга, команданын ар бир мүчөсүнүн ролун алдын ала аныктоого жардам берет, Ысык-Көл облусунун Балбай айыл аймагында келечекте түзүлө турган чакан долбоордун туруктуу иштешин камсыз кылуу максатында.


