Жумгал районунда жеке үйлөрдү суу системасына туташтыруу боюнча тренинг өттү
2026-жылдын 24-сентябры, Чаек айылы, Жумгал району, Нарын облусу.
Нарын облусундагы «Айылдык суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасы – Кошумча каржылоо» программасын ишке ашыруунун алкагында Мин-Куш айыл аймагынын Кызыл-Сөөк, Сары-Булуң, Котур-Суу, Кең-Суу жана Табылгы айылдарындагы муниципалдык ишкананын адистери жана жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү үчүн «Жеке үйлөрдү суу түтүктөрүнө туташтыруу» темасында практикалык тренинг өткөрүлдү.
Тренингдин негизги максаты — катышуучулардын жеке үйлөрдү ичүүчү суу менен камсыздоо системасына туташтыруу жана сууну туруктуу пайдаланууну уюштуруу боюнча квалификациясын жогорулатуу болду.
Окутуунун жүрүшүндө катышуучулар суу менен камсыздоо системасынын түзүлүшү, суу түтүктөрүн тартуу, суу эсептегичтерди жана санитардык-техникалык жабдууларды орнотуу боюнча практикалык билим алышты. Практикалык сабактар жана кейс-стадилер аркылуу керектөөчүлөрдү суу түтүктөрүнө туташтыруунун ар кандай жолдору каралып, үй чарбаларын суу менен камсыздоого байланышкан актуалдуу маселелер талкууланды.


