АРИС: «Ноокат алмасы» - Ош облусунда логистиканы жана айыл чарбаны өнүктүрүүдөгү олуттуу кадам
Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги 6-июлда Ноокат районунун Н.Исанов айыл аймагынын Байыш айылында "Ноокат алмасы" айыл чарба багбанчылык кооперативи тарабынан курулган алма сактоочу соода-логистикалык борбордун ачылыш аземи боюнча маалымдайт.
Ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев, Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Хью Риддел, АРИСтин Аткаруучу директору Марс Наспеков, ошондой эле Дүйнөлүк банктын, АРИСтин өкүлдөрү ж.б. катышкан.
Аталган борбор Дуйнөлук Банктын Ош облусунда жана Ош шаарындагы "Региондорду экономикалык өнүктүрү" долбоору, АРИСтин мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору жана жеке ишкердин салымы менен курулду. Соода-логистикалык борбордун аянты 1140 чарчы метр. Сыйымдуулугу 1200 тонна. Багбанчылык кооперативинде сыйымдуулугу 350 тоннага ылайык мөмө-жемиш сактоочу муздаткыч, таңгактоочу линия, сорттоо жана жуугуч цехи бар.
"Ноокат алмасы" логистикалык борборун ачуу аземи учурунда АРИС ишке ашырган "Жергиликтуу коомчулуктарды колдоо долбооруна кошумча каржылоо CASA 1000" Долбоорунун алкагында Ош областынын кээ бир айыл аймак окулдоруно атайын техникалар тапшырылды. Айта кетсек, Өзгөн районун Салам-Алик айыл аймагынын Карачабек жана Мырза-Аке айыл аймагынын Чечебай айылында Долбоордун алкагында курулуп жаткан сүт топтоочу цехтер үчүн 2 сүт чогултуучу автомашиналары, Кара-Суу районун Савай жана Ала-Тоо айыл аймактарына жүгөрү жыйноочу 2 комбайн жана 2 трактор тапшырылды. Ошондой эле Ноокат районун Н. Исанов атындагы айыл аймагына 1 тез жардам автоунаасы жана Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагына 1 таштандыларды ташуучу 1 автоунаа берилди.
«Ноокат алмасы» логистикалык борборунун ачылышы Кыргызстандын түштүк регионунда логистиканы жана айыл чарбаны өнүктүрүүдөгү олуттуу кадам болуп саналат, ал кошумча нарк чынжырчасын оптималдаштыруу жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн рынокко жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында иштелип чыккан. Борбордун ачылышы өлкө үчүн маанилүү окуя катары белгиленип, экономиканын туруктуу өнүгүүсүнө жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатуусуна салым кошуусу күтүлүүдө.
Кыргыз Республикасындагы АРИС ишке ашырган «Региондук экономикалык өнүктүрүү долбоору» жана «Жергиликтүү коомчулукту колдоо долбоору» Министрлер Кабинетинин колдоосу менен ишке ашырылып, Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланат.