Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосун түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин
Жарлыгы
Жакырчылыкты жоюуга, жакырчылыкты жоюунун Улуттук стратегиясынын чегинде жеке ишкерликти өнүктүрүүгө жана колдоого, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин чыңдоого жана «2010-жылга чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнү децентралдаштыруу» Улуттук стратегиясына ылайык жергиликтүү жамааттарды жана жамааттык уюмдарды күчөтүүгө инвестицияны тартуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды тереңдетүү, ошондой эле Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы менен макулдашуунун негизинде иштелип чыккан айылдык инвестициялар Долбоорун жүзөгө ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-статьясынын 1-пунктунун 10-пунктчасын жетекчиликке алуу менен токтом кылам:
Кыргыз Республикасынын айылдык жана поселкалык жергиликтүү башкаруу органдарынын Ассоциациясынын юридикалык жактарынын бирикмесинин жана «Каунтерпарт-Шериктеш» коомдук бирикмесинин ниеттерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу (мындан ары — Агентство) түзүлсүн.
Агентствонун чогуу уюштуруучулары катары: Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Кыргыз Республикасынын айылдык жана поселкалык жергиликтүү башкаруу органдарынын Ассоциациясынын юридикалык жактарынын бирикмеси, «Каунтерпарт-Шериктеш» коомдук бирикмеси аныкталсын.
Агентствонун тиркелген Уставы бекитилсин, ага кийинки өзгөртүүлөр жана толуктоолор Агентствонун Уставында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жол-жоболорго ылайык жүргүзүлсүн.
Агентствонун аткаруучу директору болуп Ибраимова Эльмира Султановна дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: Агентствонун курамына Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына караштуу айылдык инвестициялар Долбоорун даярдоо бөлүмүн, анын ичинде анын материалдык-техникалык каражаттарын жана кызматчыларын өткөрүп берсин; Агентствого аны мамлекеттик каттоодо мыйзамда белгиленген тартипте көмөк көрсөтсүн; бир айдык ичинде өзүнчө имарат түрүндө ага кызматтык жай өткөрүп берүү маселесин чечсин; бир жуманын ичинде өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
Агентство Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына караштуу айылдык инвестициялар Долбоорун даярдоо бөлүмүнүн укук мурастоочу болуп санала тургандыгы белгиленсин. Агентство тийиштүү гранттардын, бөлүнгөн финансылык каражаттардын, ошондой эле карызга алынган, кредиттик каражаттардын жана эларалык уюмдардын гранттарынын, донордук агентстволордун жана башка финансы ресурстарын берген институттардын негизинде жергиликтүү жамааттарды жана жаматтык уюмдарды финансылык жана башкача колдоо максатында уюштурулган өзалдынча коммерциялык эмес юридикалык жак түрүндө түзүлөт.
Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаев
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2003-жылдын 15-октябры
ПЖ № 330