Кыргыз Республикасынын жергиликтүү коомчулуктарын колдоо CASA-1000 долбоору
CASA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында CASA-1000 электр чубалгыларын бойлото жайгашкан 77 айылдарды инвестиция менен камсыздайт. Долбоор бул айылдар үчүн чакан гранттарды берет, коомчулуктарды электр энергия менен камсыздоону, социалдык инфратүзүмдү жакшыртууга жардам көрсөтөт жана жаңы киреше булактарын түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорунун өнүктүрүү максаты болуп, кызмат көрсөтүүлөрдү, жашоого каражаттарды жакшыртуу жана CASA-1000 электр берүү тармагынын жанында жайгашкан максаттуу айылдарда калктын бардык катмарларын кошуу аркылуу социалдык жана экономикалык инфраструктурага коомчулуктарды тартуу саналат.
Долбоор коомчулуктун потенциалын өстүрүү жана негиз түзүүчү мобилизациясы боюнча ишмердикти, коомчулуктар социалдык-экономикалык инфраструктурага инвестициялар тууралуу чечимдерди кабыл алышын жана бул инвестициялар коомчулуктун бардык мүчөлөрүнүн муктаждыктарына жооп бергендей кылып камсыздоо үчүн колдойт. Долбоор ошондой эле кабардардык жана социалдык жоопкерчиликти жогорулатууда жаштардын катышуусун камсыздайт. Ал жаш аялдар жана эркектердин активдүүлүгүн: (i) кабардардыкты жогорулатуу боюнча иш чараларды жана (ii) жаш аялдар жана эркектер максаттуу коомчулуктарда өткөрө турган социалдык жоопкерчилик иш чараларын колдоо аркылуу күчөтүүгө багытталган.
Донор: |
Эл аралык өнүтүрүү ассоциациясы |
Долбоордун суммасы: |
11,0 миллион АКШ доллары |
Кредиттин суммасы: |
5,0 миллион АКШ доллары |
Гранттын суммасы: |
5,0 миллион АКШ доллары (ӨЭА) |
1-компонент: "Социалдык жана экономикалык инфраструктурага коомчулуктар башкарган инвестицияларды колдоо".
- 1А чакан компоненти: Максаттуу айылдардын чегинде электр менен жабдууну жакшыртууну колдоо. Бул чакан компонент: (i) айылдын деңгээлинде электр менен жабдууну жакшыртуу же (ii) энергиянын альтернативдик булактары үчүн коомчулуктарга субгранттарды берет. Бул субгранттар 2а чакан компонентинде толук баяндалган катышуу процесстерине ылайык иштетилет жана электр энергиясы/энергия менен байланыштуу варианттардын макулдашылган топтомунун алкагында коомчулуктардын артыкчылыктары менен чектелет.
- 1B чакан компоненти: Максаттуу айылдарда социалдык инфраструктураны жана кызмат көрсөтүүлөрдү колдоо. Бул чакан компоненттин алкагында социалдык инфраструктуранын артыкчылыктуу долбоорлорун каржылоо максатында коомчулуктар үчүн субгранттар берилет. Бул субгранттар ошондой эле 2а чакан компонентинде толук баяндалган катышуу процесстерине ылайык иштетилет.
- 1С чакан компоненти: Тандалып алынган айыл аймактарда жашоого каражаттарды алуу үчүн объекттерди колдоо. Максаттуу айыл аймактарда экономикалык мүмкүнчүлүктөрдүн жоктугун чечүү үчүн, бул чакан компонент жашоону камсыздоонун объекттеринин чектелген санын курууну же жергиликтүү ишкерлер же ишкерлердин топтору менен өнөктөшүктө тандалып алынган өндүрүштүк-экономикалык инфраструктураны колдойт. 2а чакан компонентинде баяндалган коомчулуктардын артыкчылыктарын аныктоо процесси, объектти тандоо процессин маалымдайт.
2-компонент: "Коомчулуктарды мобилизациялоо, жаштардын тартылышын жана коммуникацияларды колдоо".
- 2А чакан компоненти: Коомчулуктарды мобилизациялоо жана жаштардын тартылышын колдоо. 2A чакан компоненти: (i) коомчулуктар, өзгөчө жаштар жана максаттуу топтор жакырчылык менен күрөшүүгө багытталган долбоордун иш чараларын тандоодо активдүү катышуусун; (ii) 1-компоненттин социалдык жана экономикалык инфраструктурага (электр энергиясын кошкондо) инвестициялары – бул коомчулук үчүн эң артыкчылыктуу инвестициялар; ошондой эле (iii) максаттуу коомчулуктардын бардык мүчөлөрүнө, аялдарды, аяр жана жакыр калкты кошкондо, муктаждыктарына негизделген чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл маалымат, көмөк жана потенциалды өстүрүүнү камсыздоо үчүн арналган.
- 2B чакан компоненти: Коммуникациялар. CASA-1000 жөнүндө айылдарда жана электр берүү тармагынын жанындагы айыл аймактарда даана, макулдашылган жана так маалыматты берүү тургундарды колдоону камсыздоо, ишенимди орнотуу жана күтүүлөрүн башкарууну камсыздоо үчүн артыкчылыктуу мааниге ээ болот. 2B чакан компоненти, электр берүү тармактары, анын багыты жана артыкчылыктары, ошондой эле электр берүү тармактарын коргоонун, ден соолук жана коопсуздук же көчүрүү болобу, аспекттери жөнүндө маалыматты кошкондо CASA-1000 долбоору үчүн иштелип чыккан коммуникациялык стратегия менен тыгыз байланыштуу.
3-компонент: Долбоорду башкаруу, Долбоордун алкагында мониторинг жана баалоо.
- 3А чакан компоненти: Долбоорду башкаруу жана координациялоо. 3А чакан компоненти өзүнө ишке ашырууну координациялоо жана контролдоо, бюджетти башкаруу, долбоорлордун аудиттерин, кайтарым байланыш жана сатып алуулар системасын кошкондо долбоорду башкаруу боюнча иш чараларды камтыйт.
- 3B чакан компоненти: Мониторинг жана баалоо. 3B чакан компоненти долбоордун жүрүшүнө байкоо жүргүзүү боюнча иш чараларды колдойт, жыйынтыктары жана натыйжалардын жарым жылдык баалоосун жүргүзөт, ошондой эле тийиштүү адресаттарга долбоордун жүрүшү жөнүндө отчет тапшырат.