Image

Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Бөкөнбаев көч. 102

АРИСтин жогорку башкаруу органы болуп, Байкоочу кеңеш саналат. Байкоочу кенештин курамына Кыргыз Республикасынын (КР) мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрү - легитимдүү жана катталган өкмөттүк эмес  уюмдардын өкүлдөрү кирет.

Байкоочу кеңеш төмөнкү мүчөлөрдөн турат:

КРнын мамлекеттик органдарынан 7 өкүл:

КРнын Президенти тарабынан КРнын Администрациясынын же КРнын Президентинин Иш башкаруу башкармалыгынын кызматкерлеринин ичинен дайындалган КРнын Президентинин өкүлү;

КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасы тарабынан КРнын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү же КРнын Президентинин  Администрациясынын кызматкерлеринин ичинен дайындалган КРнын Министрлер Кабинетинин өкүлү;

КРнын Финансы министри (кызматы боюнча);

КРнын Юстиция министри (кызматы боюнча);

КРнын Билим берүү жана илим министри (кызматы боюнча);

КРнын Саламаттыкты сактоо министри (кызматы боюнча);

КРнын Президенти тарабынан дайындалган КР облустарындагы  КР Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жети өкүл:

Айылдар жана кыштактардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциациясынын төрагасы (кызматы боюнча);

КРнын Шаарлар ассоциациясынын аткаруучу директору (кызматы боюнча);

Айылдар жана кыштактардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциациясы тарабынан, ассоциациянын отурумунда шайланган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан 4 өкүл (айыл өкмөттөрүнүн башчылары);

КРнын Шаарлар ассоциациясы тарабынан ассоциациянын отурумунда шайланган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан бир өкүл (мэр);

Жарандык коомдон жети өкүл:

«Каунтерпарт-Шериктеш» коомдук биркмесинин башкармалыгынын төрагасы (кызматы боюнча);

катталган кыргыз коммерциялык  эмес уюмдарынан алты өкүл, алардын талапкерлигин АРИСтин аткаруучу директору сунуштайт жана Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүгү бекитет.