Айылдарды туруктуу өнүктүрүү долбоору (ПУРС)
ПУРС Кыргыз Республикасынын (КР) Министрлер Кабинети жана Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) (Ислам Өнүктүрүү үчүн тилектештик фондунун администратору катары) тарабынан демилгеленген. Бул долбоор КРнын Министрлер Кабинети тарабынан 2015-жылдын 14-июлунда ратификацияланган.
КРнын Министрлер Кабинети жана Ислам өнүктүрүү банкы ортосунда ПУРС долбоору боюнча кредиттик макулдашууга 2014-жылдын 25-июнунда Джидда шаарында кол коюлган.
Жалпы максаты КРнын Министрлер Кабинетине жакырчылык менен күрөшүү жана «Миң жылдыктын өнүктүрүү максаттарына» жетишүүдө көмөк көрсөтүү болуп саналат.
Долбоордун негизги максаты коомчулуктун конкреттүү керектөөлөрүн эске алуу менен иштелип чыккан, коомчулуктардын жетекчилиги алдында чакан бюджеттүү, туруктуу чакан долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу долбоор камтыган аймакта, атап айтканда Чүй облусунун Жайыл, Кемин жана Панфилов райондорунда жакырчылыкты кыскартуу болуп саналат.
Чүй облусу КРнын Министрлер Кабинети тарабынан төмөндөгү аспекттерге таянып, ПУРС долбоорун ишке ашыруу үчүн пилоттук аймак катары тандалып алынган:
- Чүй облусунда калктын жогорку жыштыгы жана коомдук өнүгүүнүн басымдык кылган тенденциялары;
- Болгон социалдык-экономикалык чөйрөгө басымды түзгөн ички миграция;
- Түштүк региондо эл аралык донорлордун концентрацияланышы жана ошентип түштүк облустарга, өзгөчө Чүй облусунун алыскы райондоруна колдоонун жетишсиздиги;
- Туруктуу жакырчылык жана облуста жагымсыз социалдык-экономикалык шарттар;
- Долбоордук иштин борборго жакындыгы пилоттук долбоор катары ПУРС долбоорун ийгиликтүү аяктоонун мүмкүндүгүн жогорулатышы ыктымал.
Донор: |
ИӨА |
Каржылоонун жалпы суммасы: |
11 000 000 АКШ доллары, анын ичинен: |
Географиялык камтуусу: |
Чүй облусунун Жайыл, Кемин жана Панфилов райондорундагы айылдардын блогу |
Ишке ашыруунун пландалган мезгили: |
2017 – 2021-жылдар |
Ишке ашыруучу агентство: |
АРИС |
Ислам өнүктүрүү үчүн тилектештик фондунун ПУРС программасы коомчулуктардын демилгесине негизделген жана айылдык коомчулуктарга өз алдынча өтө жакыр абалдан чыгып жана чарбакер субъекттер болуу мүмкүнчүлүгүн берүүгө багытталган өнүгүүнүн комплекстүү жана инновациялык модели болуп саналат.
Ал Ислам өнүктүрүү үчүн тилектештик фондунун 5 жылдык стратегиялык планында каралган комплекстүү, көп жылдык жана көп тармактык стратегиясын божомолдойт жана ошондой эле коомчулуктардын демилгесине жана ислам принциптерине негизделген микрокаржылоону илгерилетүүгө негизделген, айыл чарбасын жана айыл жергесин өнүктүрүү, адамдык потенциалды өнүктүрүү, айылдык инфраструктураны өнүктүрүү (саламаттык сактоо, билим берүү, суу менен камсыз кылуу жана санитария) аркылуу жакырчылыкты кыскартуу боюнча ИӨТФтин артыкчылыктуу багыттарына ылайык келет.
Ислам өнүктүрүү үчүн тилектештик фондунун, Ислам тилектештиги уюмунун катышуучу-өлкөлөрүндө жакырчылыктын деңгээлин азайтууга алып келүүчү, өндүрүштү өнүктүрүүгө жана кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүккө багытталган долбоорлорду жана программаларды каржылоо максатында түзүлгөн ИӨБдүн атайын фонду болуп саналат.
Долбоордун компоненттери:
Долбоор алдында коюлган максатка жетишүү үчүн төрт компонент иштелип чыккан. Ар бир компоненттин өзүнүн белгилүү бир максаттары жана милдеттери бар. Жыйындыда компоненттер долбоордун жалпы максатына жетишүүгө багытталган. Долбоор төмөндөгү компоненттерден турат:
A Компонент. «Коомчулуктарда долбоорлорду ишке ашыруу үчүн блоктук каржылоо».
Чакан компоненттер:
- Айыл чарбасын жана ишкердик ишин өнүктүрүү:
- Мал чарбачылык;
- Өсүмдүк өстүрүү;
- Ирригациялык инфраструктура;
- Айылдарды насыялоо;
- Ишкердик иш.
- Саламаттык сактоо жана коммуналдык инфраструктура:
- Суу менен камсыз кылуу;
- Айылдагы поликлиникаларды жана медпункттарды куруу жана реабилитациялоо;
- Мончолорду куруу.
- Билим берүү жана коомчулуктарды окутуу:
- Балдар бакчаларын куруу, мектептерди жана коомдук китепканаларды калыбына келтирүү;
- Спорттук залдарды куруу жана маданият үйлөрүн калыбына келтирүү.
B Компонент. «Потенциалды өстүрүү».
C Компонент. «Мониторинг жана баалоо».
D Компонент. «Долбоорду башкарууда колдоо көрсөтүү».