Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны жакшыртуу долбоору (ПУСВС),
Баткен жана Талас облустарындагы айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны жакшыртуу долбоору (ПУСВС БТ)
Долбоордун максаттары: Кыргыз Республикасынын (КР) (i) максаттуу айылдык коомчулуктарында суу менен камсыз кылуунун жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртуу, (ii) тандалып алынган айылдарда санитария кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу жана (iii) суу менен камсыз кылуу жана санитария секторунда институттардын потенциалын бекемдөөдө көмөк көрсөтүү.
Бул максаттар (i) суу менен камсыздоо боюнча муниципалдык кызматтардын сапатын суу менен камсыздоо системаларын куруу жана реконструкциялоо аркылуу жогорулатууга; (ii) санитардык курумдарды жакшыртууга, лабораториялык жана IT жабдуулар, суу системаларын эксплуатациялоого жана техникалык тейлөөгө керектүү жабдуулар жана атайы техника менен камсыздоого; (iii) жергиликтүү бийлик органдарынын, суу менен камсыз кылуу ишканаларынын дареметин көтөрүүгө жана санитария, гигиена боюнча элге маалымат берүүгө финансылык ресурстарды мобилизациялоо аркылуу ишке ашырылат.
Жалал-Абад облусундагы 25 айылдын тургундары, ал айылдардагы суу менен камсыздоо ишканалары долбоордун негизги бенефициарлары болуп эсептелет.
Суу менен камсыз кылуу кызматтарынын сапатын жогорулатуу, мектептердеги санитардык объектилерди жакшыртуу ишмердигинен улам 78 000 ден ашык адам пайда алуусу күтүлүүдө.
Каржылоо булактары:
Донор: |
Ислам Өнүктүрүү банкы |
Каржылоонун жалпы суммасы: |
23 000 000 АКШ доллары |
ИӨБ кредитинин суммасы: |
15 000 000 АКШ доллары |
Өнүктүрүү Максаттарында Тилектештик Ислам Фондунун (ИФСЦР) кредитинин суммасы: |
5 000 000 АКШ доллары |
Гранттын суммасы: |
- |
КРнын Министрлер Кабинетинин салымы: |
3 000 000 АКШ доллары |
Географиялык камтуусу: |
Жалал-Абад облусунун Токтогул, Ала-Бука, Аксы, Базар-Коргон, Сузак райондорунун 25 айылы кирет |
Долбоорду ишке ашыруунун мөөнөтү: |
2017 – 2022 жылдар |
Долбоордун компоненттери:
1-компонент: "Курулуш жумуштары: айылдардагы суу менен камсыз кылуу жана санитария системаларын реабилитациялоо". Компонент эски суу менен камсыз кылуу жана санитария системаларын реабилитациялоого же жаңы системаларды курууга багытталган жана төмөндөгүлөрдү камтыйт: (i) суу менен камсыздоо өндүрүшүнүн электрикалык, механикалык бөлүктөрүн (скважиналар, суу булактары ж.б. жана ошондой эле дезинфекция, керектүү учурларда насостор), долбоордук аймактагы үй чарбаларына сууну жеткирүү жана таратууну (суу тармактары, резервуарлар, суу өлчөгүчтөр), кошуп суу менен камсыздоо системаларын реабилитациялоо; (ii) социалдык мекемелердеги (мектептерде же башка социалдык мекемелерде) санитардык объекттерди реконструкциялоо жана куруу.
2-компонент:" Атайын техника, эксплуатация жана техникалык тейлөөгө арналган жабдуулар, лабораториялык жана компьютердик жабдуулар менен камсыздоо". Долбоордун алкагында реабилитацияланылуучу суу менен камсыз кылуу системасынын туруктуулугун камсыз кылуу максатында керектүү атайын техникаларды, тейлөө жана эксплуатацияга пайдалынылуучу жабдууларды сатып алуу жана суу менен камсыздоо ишканаларына берип айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү каралган: (i) суу менен камсыз кылуу ишканаларынын жумушуна керектүү негизги атайын техниканы жана экплуатация жана техникалык тейлөөгө арналган жабдууларды сатып алуу; (ii) КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин мамлекеттик оорулардын алдын-алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин райондук борборлорун ичүүчү суунун сапатын аныктоого жана көзөмөл жүргүзүүгө арналган лабораториялык шаймандар жана IT жабдуулар менен камсыздоо; (iii) биллинг системасын калыптандыруу үчүн кичи долбоорлорду IT жабдуулар менен камсыздоо.
3-компонент: Суу менен камсыздоо ишканаларын институционалдык жактан өнүктүрүү жана санитарияны жакшыртуу. Компоненттин алкагында долбоорго кирген аймактарда санитарияны жакшыртуу, суу менен камсыз кылуу ишканаларын институционалдык өнүктүрүү, Мамлекеттик стратегияны колдоо максатында төмөндөгүлөр каралган: (i) биллинг системасын орнотуу (тарификацияны колдоо, төлөмдөрдү саноо жана чогултууну колдоо, эксплуатация жана техникалык тейлөө, абоненттер менен иштөө боюнча окутуулар ж.б.); (ii) суу менен камсыз кылуу ишканаларынын, жергиликтүү бийликтин дареметин көтөрүү жана тариф, индивидуалдык кошулууларды жүргүзүү, биллинг системасы менен иштөө жана башка маселелер боюнча ийгиликтүү иш жүргүзүп жаткан ишканалар менен тажырыйба алмашууну жүргүзүү; (iii) санитария жана гигиена маселелери боюнча тажырыйба алмашуу; жана (iv) санитария жана гигиена практикаларын өнүктүрүү боюнча коммуникациялык иш чаралар жана маалыматтык кампаниялар.
4-компонент: "Консультациялык кызматтар. ДСД жана курулуш көзөмөлү". Компонент төмөндөгүлөрдөн турат: (i) ДСД даярдоо жана курулуш иштерин техникалык көзөмөлдөө жана (ii) базалык изилдөөнү жана долбоордун тийгизген таасирин баалоо боюнча изилдөөнү жүргүзүү.
5-компонент: "Долбоорду ишке ашыруу". Бул компонентте долбоорду ишке ашыруу боюнча чыгымдар каралган: (i) кызматкерлерди жалдоо, керектүү жабдуулар менен камсыздоо, иш сапарлары жана операциялык чыгымдар, мониторинг жана баалоо программасы; (II) тышкы финансылык аудит жана (III) киришме семинарын жана ИӨБ таанышуу визитин өткөрүү.
Долбоордун жетектөөчү агентствосу болуп Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаменти (ИКСӨД) саналат, анын ролу өзүнө секторду жалпы координациялоону жана стратегиялык колдоону, КР Өкмөтү жана донорлор менен өз ара аракеттенүүнү, чакан долбоорлордун тизмесине кошуу үчүн артыкчылыктуу айылдарды тандоону, сектордун артыкчылыктуу ишмердигин аныктоо жана белгилөөнү, ошондой эле инфраструктурага инвестициялоо жана институционалдык колдоону, ошондой эле Долбоорду ишке ашырууда АРИСке көмөк көрсөтүүнү камтыйт.
Баткен жана Талас облустарындагы айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны жакшыртуу долбоору (ПУСВС БТ)
Долбоордун максаттары: Кыргыз Республикасына (i) максаттуу айылдык коомчулуктарда суу менен камсыз кылуунун жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртууда, (ii) тандалып алынган айылдарда санитария кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу жана (iii) суу менен камсыз кылуу жана санитария секторунда институттардын потенциалын бекемдөөдө көмөк көрсөтүү.
Көрсөтүлгөн максаттар (i) суу менен камсыздоо боюнча муниципалдык кызматтардын сапатын суу менен камсыздоо системаларын куруу жана реконструкциялоо аркылуу жогорулатууга, (ii) санитардык курулмаларды жакшыртууга, лабораториялык жана IT жабдуулар, суу системаларын эксплуатациялоого жана техникалык тейлөөгө керектүү жабдуулар жана атайын техника менен камсыздоого, (iii) жергиликтүү бийлик органдарынын, суу менен камсыз кылуу ишканаларын дареметин көтөрүүгө жана санитария, гигиена боюнча элге маалымат берүүгө финансылык ресурстарды мобилизациялоо аркылуу ишке ашырылат.
Долбоор боюнча бенефициарлардын саны Баткен жана Талас облустарынын катышкан айылдарында жашаган 150 000 адамдан ашыкты түзө тургандыгы болжолдонууда. Долбоор камтыган аймактардагы бенефициарлардын көп саны жаңы үй чарбаларын кошуу аркылуу сүү түтүктөрү аркылуу ичүүчү сууга карата жеткиликтүүлүк менен камсыздалат. Мындан тышкары, айылдын тургундары (башкы түрдө балдар) санитардык объекттерге жана курулмаларга салынуучу инвестициялардан жана алар менен байланыштуу ден соолуктун гигиенасын жакшыртуудан жана мектептерде жана башка укуктуу мамлекеттик мекемелерде (мисалга алсак, ооруканалар жана поликлиникалар) жүрүм-турумду өзгөртүүдөн түздөн-түз пайда алышат.
Каржылоо булактары:
Донор: |
Ислам өнүктүрүү банкы жана Сауд өнүктүрүү фонду |
Каржылоонун жалпы суммасы: |
60 000 000 АКШ доллары |
Ислам өнүктүрүү банкынын кредитинин суммасы: |
20 000 000 АКШ доллары |
Сауд өнүктүрүү фондунун кредитинин суммасы: |
30 000 000 АКШ доллары |
Гранттын суммасы: |
- |
КРнын Министрлер Кабинетинин салымы: |
10 000 000 АКШ доллары |
Географиялык камтуусу: |
Баткен облусунун 44 айылы Талас облусунун 17 айылы |
Долбоорду ишке ашыруунун мөөнөтү: |
2020 – 2024 ж.ж. |
Долбоордун компоненттери:
1-компонент: Курулуш жумуштары: айылдардагы суу менен камсыз кылуу жана санитария системаларын реабилитациялоо. Компонент эски суу менен камсыз кылуу жана санитария системаларын реабилитациялоого же жаңы системаларды курууга багытталган жана төмөндөгүлөрдү камтыйт: (i) суу менен камсыздоо өндүрүшүнүн электрикалык, механикалык бөлүктөрүн (скважиналар, суу булактары ж.б. жана ошондой эле дезинфекция, керектүү учурларда насостор), долбоордук аймактагы үй чарбаларына сууну жеткирүү жана таратууну (суу тармактары, резервуарлар, суу өлчөгүчтөр), кошуп суу менен камсыздоо системаларын реабилитациялоо; (ii) социалдык мекемелердеги санитардык объекттерди реконструкциялоо жана куруу (мектептерде же башка социалдык мекемелерде).
2-компонент: Атайын техника, эксплуатация жана техникалык тейлөөгө арналган жабдуулар, лабораториялык жана компьютер жабдуулар менен камсыздоо. Долбоордун алкагында реабилитацияланылуучу суу менен камсыз кылуу системасынын туруктуулугун камсыз кылуу максатында керектүү атайын техникаларды, тейлөө жана эксплуатацияга пайдалынылуучу жабдууларды сатып алуу жана суу менен камсыздоо ишканаларына берип айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү каралган: (i) суу менен камсыз кылуу ишканаларынын жумушуна керектүү негизги атайын техниканы жана экплуатация жана техникалык тейлөөгө арналган жабдууларды сатып алуу; (ii) КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин мамлекеттик оорулардын алдын-алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин райондук борборлорун ичүүчү суунун сапатын аныктоого жана көзөмөл жүргүзүүгө арналган лабораториялык шаймандар жана IT жабдуулар менен камсыздоо; (iii) биллинг системасын калыптандыруу үчүн кичи долбоорлорду IT жабдуулар менен камсыздоо.
3-компонент: Суу менен камсыздоо ишканаларын институционалдык жактан өнүктүрүү жана санитарияны жакшыртуу. Компоненттин алкагында долбоорго кирген аймактарда санитарияны жакшыртуу, суу менен камсыз кылуу ишканаларын институционалдык өнүктүрүү, Мамлекеттик стратегияны колдоо максатында төмөндөгүлөр каралган: (i) биллинг системасын орнотуу (тарификацияны колдоо, төлөмдөрдү саноо жана чогултууну колдоо, эксплуатация жана техникалык тейлөө, абоненттер менен иштөө боюнча окутуулар ж.б.); (ii) суу менен камсыз кылуу ишканаларынын, жергиликтүү бийликтин дареметин көтөрүү жана тариф, индивидуалдык кошууларды жүргүзүү, биллинг системасы менен иштөө жана башка маселелер боюнча ийгиликтүү иш жүргүзүп жаткан ишканалар менен тажырыйба алмашууну жүргүзүү; (iii) санитария жана гигиена маселелери боюнча тажырыйба алмашуу; жана (iv) санитария жана гигиена практикаларын өнүктүрүү боюнча коммуникациялык иш чаралар жана маалымат кампаниялары.
4-компонент: Консультациялык кызматтар: ДСД жана курулуш көзөмөлү. Компонент төмөндөгүлөрдөн турат: (i) ДСД даярдоо жана курулуш иштерин техникалык көзөмөлдөө жана (ii) базалык изилдөөнү жана долбоордун тийгизген таасирин баалоо боюнча изилдөөнү жүргүзүү.
5-компонент: Долбоорду ишке ашыруу. Бул компонентте долбоорду ишке ашыруу боюнча чыгымдар каралган: (i) кызматкерлерди жалдоо, керектүү жабдуулар менен камсыздоо, иш сапарларына жана операциялык чыгымдар, Мониторинг жана Баалоо программасы; (II) тышкы финансылык аудит жана (III) киришме семинарын жана ИӨБ таанышуу визитин өткөрүү.
Долбоордун жетектөөчү агентствосу болуп Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаменти ИКСӨД саналат, анын ролу өзүнө секторду жалпы координациялоону жана стратегиялык колдоону, КРнын Министрлер Кабинети жана донорлор менен өз ара аракеттенүүнү, чакан долбоорлордун тизмесине кошуу үчүн артыкчылыктуу айылдарды тандоону, сектордун артыкчылыктуу ишмердигин аныктоо жана белгилөөнү, ошондой эле инфраструктурага инвестициялоо жана институционалдык колдоону, ошондой эле Долбоорду ишке ашырууда АРИСке көмөк көрсөтүүнү камтыйт.