Image

Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Бөкөнбаев көч. 102

Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоору (ПУТС)

 
«Коомдук мекемелердеги энергонатыйжалуулукту жогорулатуунун артыкчылыктарын демонстрациялоо» мамлекеттик жана муниципиалдык мекемелердеги, билим берүү жана саламаттыкты сактоо секторлорунун имараттарындагы энергияга болгон талапты төмөндөтүү үчүн жылуулук берүү жана энергонатыйжалуу технологияны жайылтуу жаатындагы ишенимдүү жана натыйжалуу кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү жакшыртууга багытталган.

Долбоордун максаты - Кыргыз Республикасынын (КР) айрым долбоордук аймактарындагы жылуулук менен камсыздоонун натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатууда камтылган.

Долбоордун негизги максаты болуп айрым коомдук имараттарда, башкы түрдө билим берүү жана саламаттык сактоо секторлорунда (мисалы, мектептер, балдар бакчалары, ооруканалар жана клиникалар) энергоноатыйжалуулукту жана сейсмикалык туруктуулукту жогорулатуу болуп саналат.

Ишке ашыруу: Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) 

Донор:

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (ЭӨА) жана Швейцария Өкмөтүнүн Экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик катчылыгы (SECO)

Каржылоонун жалпы суммасы:

Грант – 12 661 000 АКШ доллары

Географиялык камтуусу:

Чүй, Нарын, Ысык- Көл, Талас, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустары;
Бишкек жана Ош шаарлары.

Ишке ашыруунун пландалган мезгили:

2019 - 2023-жылдар.

Долбоор төмөнкү компоненттерден жана чакан компоненттерден турат:

2.1 компоненти: Коомдук имараттардагы энергонатыйжалуулукту жогорулатууга инвестициялар. Компоненттин алкагында кээ бир коомдук, эң негизинен, билим берүү жана саламаттыкты сактоо (мисалга алсак, орто мектептерде, ооруканаларда, бала бакчаларда, клиникаларда ж.б.) секторундагы имараттардагы энергонатыйжалуулукту жана сейсмикалык туруктуулукту камсыздоого жана ошондой эле, дараметти өнүктүрүү боюнча коштомо иш чараларга инвестициялар каржыланат. Каралып жаткан чакан компоненттин алкагында 2 негизги иш чара ишке ашырылат:

1-иш-чара: Тандалып алынган имараттардагы энергонатыйжалуулукту жогорулатууну инвестициялоо. Иш-чара тандалып алынган имараттардагы энергонатыйжалуулукту жана сейсмикалык туруктуулукту жогорулатууну инвестициялоо боюнча иш чараларды жана коштомо консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү каржылайт.

2-иш-чара: Энергонатыйжалуулук тармагындагы дараметти өстүрүү. Энергонатыйжалуулукту жогорулатуу үчүн жагымдуу шарттарды жакшыртуу, рыноктук мүмкүнчүлүктөрдү жакшыртуу жана энергонатыйжалуулук тууралуу маалымат алууларды жогорулатуу максатында жергиликтүү дараметти чыңдоого багытталат. Колдоонун конкреттүү тармактары төмөнкүлөр: жергиликтүү фирмаларды окутуу, энергонатыйжалуулук боюнча маалымат, пайдаларды же/жана кош каржылоолорду бөлүштүрүүлөрдүн схемаларын пилоттоо, энергонатыйжалуулук боюнча жол картасын ишке ашырууну колдоо.

2.2 компоненти: Долбоорду ишке ашырууну колдоо. Компоненттин алкагында долбоордун компонентин натыйжалуу ишке ашыруу жана башкаруу үчүн колдоо көрсөтүлөт, төмөндөгүлөр үчүн көрсөтүлүүчү колдоону кошкондо: АРИС ДИБ кызматкерлери үчүн жана АРИС кызматкерлерине административдик жактан колдоо көрсөтүүлөргө чыгымдарды жабууларга көмөктөшүү (АРИСтин административдик пулу деп аталат); (ii) Долбоор менен байланышкан операциялык чыгымдар жана тренингдер; (iii) Долбоордун эсептеринин жыл сайынкы аудити.

Долбоордо катышуу үчүн коомдук имараттардын критерийлери: 

  • Мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган (балдар бакчалары, мектептер, ооруканалар, клиникалар, балдар үйлөрү ж.б.) саламаттык сактоо, билим берүү жана социалдык коргоо чөйрөсүнүн коомдук имараттары;
  • Имараттын түзүмдүк бекемдиги жана жабуу, аянтын кыскартуу же имаратты менчиктештирүү боюнча пландардын жоктугу;
  • Электр энергиясынын негизинде жылытуу системасын пайдалануу.

Коомдук имараттарда энергонатыйжалуулукту жакшыртуунун алкагында каралган жумуштар: 

  1. Дубалдарды изоляциялоо;
  2. Терезелерди алмаштыруу;
  3. Тышкы эшиктерди алмаштыруу;
  4. Чатыр жабуусун/чатырды изоляциялоо;
  5. Полду реновациялоо, изоляциялоо;
  6. Имараттарда вентиляциялоо системасы;
  7. Имараттын сейсмикалык бекемдигин чыңдоо (имаратты арматуралоо, пайдубалды чыңдоо);
  8. Жылытуу системасын жаңыртуу + жылуулук насосу;
    - же борбордук: вентиляция / жылытуу / абаны кондицирлөө,
    жылуулук алмашуу аппараты жана жылуулук насосу;
  9. Ысык суу менен жабдуу (ГВС) – жылуулук насостору, күн коллекторлору менен;
  10. Ички жарык диод жарыктандыруу (LED).

Күтүлгөн натыйжалар: 

  • 3-компоненттин алкагында тандалып алынган коомдук имараттарда ыңгайлуулуктун жогорулатылган деңгээли, жогорураак туруктуулугу жана жакшы функционалдуулугу (мисалы, мектептер, ооруканалар, балдар бакчалары, поликлиникалар ж.б.) пайданы биринчи кезекте өзүнүн иш күнүнүн көпчүлүк бөлүгүн бул имараттарда иштеген жана өткөргөн бейтаптарга, окуучуларга (мектеп окуучулары)/наристе жашындагы балдарга, медициналык персоналга жана мугалимдерге алып келет.
  • Мамлекеттик/муниципалдык органдар өзү үчүн пайданы электр энергиясына учурдагы чыгашаларды кыскартуудан жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн шарттарын жакшыртуудан алышат.
  • Мындан тышкары, долбоорду ишке ашыруудан пайда алган кыйыр бенефициарлар болот, мисалы, электр энергиясына чыгашаларды кыскартууда, муниципалдык органдар бошогон каражаттарды жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечүүгө багыттай алат.
  • Аларда ЖКЖД алкагында имараттар модернизациялана турган, тандалып алынган шаарларда/башкаруунун жергиликтүү органдарынын бир катарында, суу менен камсыз кылуу, көчөлөрдү жарыктандыруу, борборлоштурулган жылуулук менен жабдуу жана коомдук имараттар сыяктуу – ар кандай муниципалдык секторлордо энергонатыйжалуулукту кеңири баалоону жүргүзүү.
  • Жергиликтүү компаниялар (мисалы, энергетикалык аудиторлор, долбоордук институттар, курулуш жана көзөмөлдөө компаниялары) энергонатыйжалуулук жана сейсмикалык коопсуздукка инвестицияларды аныктоодо, даярдоодо жана ишке ашырууда потенциалды кеңейтүү жана тажрыйбаны тереңдетүү менен катар, энергонатыйжалуулук жана курулушту камсыздоо боюнча өзүнүн кызмат көрсөтүүлөрүнө сурамды көбөйтүүдөн өзүнө пайда алышат.

КР Президентинин 31.10.2018-ж. № 221 ПЖ Жарлыгы менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын 2018-2040-жылдарга Улуттук өнүгүү стратегиясынын», ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2018-жылдын 20-апрелинде № 2377-VI токтому менен бекиткен КРнын Министрлер Кабинетинин 2018-2022-жылдар мезгилине «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасынын алкагында, КРнын Министрлер Кабинетинин жылытуу секторунда негизги артыкчылыктарынын санына кыш айларында жылытуу максатында электрден көз карандысыздыкты кыскартуу жана жылытуу жаатында ишенимдүү жана натыйжалуу кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү жакшыртуу жана мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, имараттардын электрди пайдалануусун азайтуу үчүн энергонатыйжалуу технологияларды жайылтуу кирет.

КРнын 2018-2040-жылдарга Улуттук өнүгүү стратегиясы менен эски турак жай жана турак жай эмес фондду энергонатыйжалуу реконструкциялоо боюнча масштабдуу программаларды ишке ашыруу артыкчылыгын, энергияны жана ресурстарды сактоочу жогорку натыйжалуу технологияларды колдонбостон жаңы курулушка тыюу салууну белгилейт. Энергиянын (чакан ГЭС, күн жана шамал электр станциялары, күн коллекторлору, жылуулук насостору, биогазды пайдалануу ж.б.) экологиялык таза булактарынын үлүшүн өлкөнүн жалпы энергобалансында 50 % кем эмеске жеткирүү.

Коомдук бюджеттик имараттардын көпчүлүгү 25-60 жыл мурун курулган. Эски имараттар энергетикалык натыйжалуулуктун заманбап чараларына ээ эмес, бул жогорку энергетикалык жана жылуулук жоготууларына алып келет, бул отун ресурстарын рационалдуу эмес пайдаланууга алып келет жана жыйынтыгында бул мекемелердин бюджетине, бөлүштүрүү тармактарына жогорку жүккө, ошондой эле электр энергиясынын жетишсиздигинен улам катуу отунду көбөйүп жаткан пайдалануудан улам экологиялык кырдаалдын начарлашына алып келет.

Коомдук имараттарда энергияны керектөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, коомдук энергиянын учурдагы чыгашаларын төмөндөтүү менен катар, электр энергиясын жана ушуну менен байланыштуу олуттуу басымды кыскартууга шарт түзөт. Энергонатыйжалуулукту жогорулатууга  инвестициялар ошондой эле бул талдоодо сандык аныкталбаган экономикалык пайдаларды түзөт, бул объекттер көрсөткөн кызматтардын сапатын жогорулатууну кошкондо мисалы, балдарды кароону жакшыртуу жана имараттардын жакшы функционалдуулугу, ошондой эле сейсмикалык коопсуздуктун жакшыртылган чаралары.

КРнын Министрлер Кабинетинен жана Дүйнөлүк банктан жактырууларды алуудан кийин, 2017-жылдын 12-18-сентябрында «Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу» долбоору боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.

2018-жылдын 26-январында ЭӨА менен КРнын Министрлер Кабинетинин атынан Финансы министрлигинин ортосунда  финансылык макулдашууга кол коюлган. КРнын Министрлер Кабинетинин токтом долбоору жана финансылык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө Мыйзам долбоору кызыкдар министерстволор жана ведомстволор менен макулдашылган. «Жылуулук менен камсыз кылууну жакшыртуу» долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору КР Жогорку Кеңешинин үч жолку окуусунда жактырылган.

2019-жылдын 5-февралында Долбоорду ратификациялоо жөнүндө Мыйзамга КР Президенти тарабынан кол коюлган. 2019-жылдын 25-апрелинде Жылуулук менен камсыз кылууну жакшыртуу» долбоору расмий түрдө күчүнө кирген.

Тийиштүү түрдө облустарды камтуу боюнча долбоорду ишке ашыруу үч циклге бөлүнгөн: 

  • 1-цикл: Талас жана Чүй облустары, ошондой эле Бишкек ш.;
  • 2-цикл: Нарын, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустары;
  • 3-цикл: Ош жана Баткен облустары, ошондой эле Ош ш.

Долбоордун биринчи циклинин алкагында Чүй, Талас облустарында жана Бишкек ш. тандалып алынган коомдук имараттар 

Аталышы

Облусу

Району

Жылытылуучу аянт (м2)

1.

Жалпы дарыгерлик практика борбору

Чүй

Панфилов

3413

2.

«Алтын балалык» балдар бакчасы

Чүй

Москва

446

3.

«Ала-Тоо» турак жай массиви,№;82-орто мектеп

Бишкек ш.

Ленин

1184

4.

А. Солтонов ат. орто мектеп

Талас

Талас

1084

5.

Р. Шүкүрбеков ат. орто мектеп

Талас

Кара-Буура

1128

6.

Сретенка орто мектеби

Чүй

Москва

1152

 

Долбоордун 2-циклинин алкагында Ысык-Көл, Баткен, Жалал-Абад облустарында тандалып алынган коомдук имараттар

Аталышы

Облусу

Району

Жылытылуучу аянт (м2

1

Райондук территориалдык ооруканасы

Нарын

Ак-Талаа

2 064,6

 

2

 

Т. Мойдунов атындагы “1-орто мектеп

Жалал-Абад

Тогуз-Торо

3 999,0

 

3

П. Жуманазаров атындагы №89-орто мектеп

Жалал-Абад

Сузак

2 371,3

 

4

Т. Турсунбаев атындагы мектеп-гимназиясы

Нарын

Жумгал

5 964,2

 

5

«Жаныл-Мырза» бала бакчасы

Жалал-Абад

Тогуз-Торо

1 086,0

 

6

им. А.Муканов атындагы №15-орто мектеп

Ысык-Көл

Түп

1 392,4

 

 

Долбоордун 3-циклинин алкагында Ош, Баткен облустарында жана Ош ш. тандалып алынган коомдук имараттар

Аталышы

Облусу

Району

Жылытылуучу аянт (м2

1

Алай районунун жалпы дарыгерлик практика борбору

Ош облусу

Алай

1187

2

ГСВ №5

Ош шаары

г. Ош

691

3

Араван ГСВси

Ош облусу

Араван

860

4

Т.Садыков атындагы орто мектеп

Баткен облусу

Баткен

3955

5

№85 "Oктябрь-Туусу" орто мектеби

Ош облусу

Өзгөн

288

6

Додон орто мектеби

Ош облусу

Ноокат

581

7

О.Сапаров атындагы орто мектеп

Ош облусу

Ноокат

1945

8

А.Шеркулов атындагы №74-орто мектеп

Ош облусу

Кара-Суу

2482

9

Т.Мурзапаров атындагы орто мектеп

Баткен облусу

Баткен

4552