«Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү 1 жана 2» долбоорлору (ПРЖР)
«Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү 1 жана 2» долбоорлору (ПРЖР) Кыргыз Республикасынын Нарын, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жакырчылыктын деңгээлин азайтууга жана жергиликтүү коомчулуктардын экономикалык өсүшүнө көмөк көрсөтүүгө багытталган.
ПРЖР өнүктүрүү максаты болуп мал чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуунун жана Нарын, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында климаттын өзгөрүшүнө карата жергиликтүү коомчулуктардын туруктуулугунун негизинде мал ээлеринин кирешесинин шайкеш өсүшүнүн жыйынтыгы болуп жакырчылыктын деңгээлин азайтууга жана экономикалык өсүшкө алып келүү болуп саналат.
Долбоордун милдеттери болуп төмөндөгүлөр саналат:
- жергиликтүү коомчулуктун катышуусунун негизинде жайыттарды натыйжалуу жана туруктуу башкарууну жайылтуу;
- жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртуу;
- мал чарба секторунда өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу;
- адамдардын ден соолугуна коркунуч келтирген малдын ылаңдарын азайтуу;
- фермерлер жана жалпы айыл калкы үчүн айыл чарба багытындагы ар кандай кызмат көрсөтүү түрлөрүн жакшыртуу жана кеңейтүү.
Долбоорлордун жалпы наркы 65,3 млн. АКШ долларын түзөт, анын ичинен:
АРИС: |
37,6 млн. АКШ долл. |
Анын ичинен: |
|
Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фонду (ЭАӨФ): |
28,4 млн. АКШ долл. (анын ичинен 16,7 млн. АКШ долл. - кредит жана 11,7 млн. АКШ долл. - грант) |
Майда жер ээлерин адаптациялоонун айыл чарба программасынын трасттык фонду (СПАМЗС): |
9,2 млн. АКШ долл. (грант) |
Өкмөттүн салымы: |
0,7 млн. АКШ долл. салыктарды жабууга |
Бенефициарлардын салымы: |
10,0 млн. АКШ долл. |
Долбоордун негизги максаттуу топтору:
- аярлуу үй чарбалары, биринчи кезекте чакан мал чарбачылык продукциясын өндүрүүчүлөр;
- аялдар жетектеген үй чарбалары, жана аялдар;
- башка үй чарбалары – мал чарбачылык продукциясын өндүрүүчүлөр;
- жеке ветеринарлар (ЖВ).
Ишке ашыруунун мөөнөтү: 2013-2021-жылдар.
ПРЖР 4 компоненттен турат:
1 компонент. «Жайыттарды жамааттык башкаруу жана аярлуулукту азайтуу»
Компоненттин өзөктүү милдети: жаратылыш ресурстарын жамаат тарабынан туруктуу башкаруу аркылуу майда мал чарба продукцияларын өндүрүүчүлөрдүн жакшыраак жайыттарга чыгуусун камсыздоо жана анын натыйжасында кошумча жайыт тоюттарын пайдалануу көбөйөт. Бул компонент эки чакан компоненттен турат:
1.1 чакан компоненти. «Тобокелчиликтерди жумшартуу менен жайыттарды жамааттык башкаруу жана инвестициялар»
Бул чакан компоненттин алкагында жайыттарды колдонуу жана жайыттарга чыгуу мүмкүнчүлүгүн алууга, жайыттардын кунардуулугун жогорулатууга багытталган ЖПБлерин каржылоого төмөнкүдөй иш-чаралар кирет: 1) Укуктук жана жөнгө салуучу реформа; 2) Жайыттардын чектерин демаркациялоо (тактоо) жана жайыттарды инвентаризациялоо; 3) Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча коомчулуктардын пландарын (ПСУИП) өркүндөтүү; 4) Климаттын өзгөрүшүнө карата адаптация боюнча саясий диалог; 5) Тоют өсүмдүктөрү боюнча жамааттык үрөн фонддорунун программасы (ОСФ).
1.2 чакан компоненти. «Жайыттарды институционалдык чыңдоо»
Бул чакан компоненттин алкагында жайыттарды жакшыртуу жана башкаруу чөйрөсүндө эмгектене турган жогорку квалификациялуу адистерди даярдай турган уюмдардын потенциалын чыңдоого жардам берет. Ошондуктан жардам төмөндөгүлөргө көрсөтүлөт: 1) Жайыттар департаментине; 2) Кыргыз агрардык университетине; 3) Мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтуна – илимий-изилдөө жүргүзүү, окутуу жана башка коштомо иш чараларды өткөрүү чөйрөсүндө; 4) «Кыргыз жайыты» Республикалык Ассоциацисын (АКЖ) колдоо; 5) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин агрардык өнүктүрүүнүн райондук башкармалыктарын (РУАР) колдоо; 6) Эрте эскертүү тутумун (СРО) түзүү жана жайылтуу.
2 компонент. «Малдын ден-соолугун жана өндүрүмдүүлүгүн коргоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр»
Бул компоненттин өзөктүү милдети: фермерлерге мал чарбасы жана ветеринария боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу, анын натыйжасында малдын оорулары, илдет таралуу учурлары азаят. Бул өз кезегинде малдын чыгашасын (өлүмүн) кыскартып, мал чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатат. Бул компонент үч чакан компоненттен турат:
2.1 чакан компоненти. «Малдын ден-соолугун коргоо боюнча ветеринардык жана жамааттык кызмат көрсөтүүлөрдү чыңдоо»
Бул чакан компонент, негизинен, малдын ден-соолугун коргоо комитеттерин (МДСК) колдоону жана окутууну улантуу менен катар, компетенттүү жана финансылык туруктуу жеке ветеринардык кызматты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган. МДСК жайыт комитеттерине (ЖПБ) жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча коомчулуктардын пландарынын милдеттүү бөлүгү катары малдын ден-соолугун коргоо боюнча пландарды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга жардам берет.
2.1 чакан компоненти өзүнө 3 иш чараны камтыйт: 1) Малдын ден-соолугун коргоо боюнча коомдук кызмат көрсөтүүлөрдү изилдөө; 2) Малдын ден-соолугун коргоо боюнча комитеттерди/топторду түзүү жана окутуу; 3) Жеке ветеринарлардын дараметин өстүрүү.
2.2 Чакан компоненти. «Ылаңдар менен күрөшүү боюнча улуттук программа»
Бул чакан компонент өзүнө үч төмөндөгү негизги иш чараларды камтыйт: 1) Укуктук алкактар – ветеринардык мыйзамдардын ченемдик-укуктук реформасы; 2) Дары каражаттарын жана ветеринардык препараттарды контролдоо; 3) Ылаңдар менен күрөшүү боюнча улуттук стратегиялар.
2.3 чакан компоненти. «Малдын ден-соолугун коргоо боюнча окутуу жана дараметти жогорулатуу»
Бул чакан компонент максаттуу коомчулуктарда иштөөгө кызыккан жаш ветеринарларды окутуп чыгарууда тиешелүү уюмдарга техникалык жана финансылык жактан колдоого багытталган. Бул чакан компонент өзүнө төмөндөгү инвестициялык иш чараларды камтыйт: 1) Муктаждыктарды баалоо жана ветеринардык билим берүү боюнча программаны жакшыртуу; 2) Ветеринардык билим берүү жана окутуу; 3) Студенттерге түрткү берүү программасы; 4) Кесиптик өнүгүү жана окутуу; 5) КНИИВ артыкчылыктуу илимий изилдөөлөрүн колдоо.
3 компонент. «Сүттүн кошумча нарк тутумун диверсификациялоо жана өнүктүрүү»
Бул компоненттин максаты – мал чарба өндүрүүчүлөргө рыноктун суроо-талабына жооп берген сүттүн өндүрүшүн кеңейтүүдө көмөк көрсөтүү, жана ошону менен өзүнүн сүт багытындагы жаныбарларынын эсебинен кирешелерин жогорулатуу, ошондой эле киреше алып келүүчү ишмердиктин кошумча жашоого жөндөмдүү бир катар түрлөрүн жайылтуу. Бул өз кезегинде калктын жакыр аярлуу топторунун, аялдардын жашоо сапатын камсыздоосун жогорулатууга алып келет.
3.1 чакан компоненти. «Программаны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу»
Бул чакан компонентте долбоордун 3-чү Компонентин ишке ашырууга көмөк көрсөтүүдө төмөндөгүлөр каржыланат: 1) бул компоненттин иш чараларын ишке ашыруу үчүн өзүнө жоопкерчиликти алган, атайын бизнес-кызмат көрсөтүүчү уюм менен түзүлгөн техникалык тапшырманы, тендердик документацияны жана контракттын долбоорун иштеп чыгуунун үстүндө иштеген бизнес жана маркетинг боюнча эл аралык адисти жалдоо жана тартууга; 2) бизнести/рынокту өнүктүрүүдө олуттуу тажрыйбасы жана мал чарбасы, негизинен сүт секторунда конкреттүү билимдери жана көндүмдөрү бар, жогоруда айтылып кеткен бизнес-кызмат көрсөтүүчү менен келишим түзүүгө.
3.2 чакан компоненти. «Сүттүн кошумча нарк тутумуна инвестициялар»
Экинчи чакан компонент төмөндөгү эки демилгени колдоо аркылуу сүттүн наркынын тутумун тузүү менен өндүрүлгөн сүттүн наркын көбөйтүүгө багытталган: 1) сүттү кайра иштетүүчү заводдор менен өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун негизинде сүттү чогултуу жана муздатуу борборлорун түзүү, жана 2) башкы түрдө жогорку сапаттагы салттуу продуктуларды өндүрүүгө багытталган сүттү кайра иштетүү боюнча чакан ишканаларды түзүүдө аялдар топторун колдоо.
3.3 чакан компоненти. «Аярлуулукту азайтуу үчүн киреше булактарынын ар-түрдүүлүгүн көбөйтүү (диверсификациялоо)»
Бул чакан компоненттин алкагында ишмердик, адаптациялоо каражаттары жана жеке жана/же мамлекеттик өнөктөштүк ишканалар менен кызматташтыкта, башкы түрдө аялдарга акцент менен киреше алып келүүчү ишмердиктин инновациялык түрлөрү менен мал чарбасы менен алектенген жергиликтүү коомчулукка жардам каражаты катары киреше булактарын диверсификациялоону колдоону карайт, бул мал чарбасы ишмердигинен түшкөн кирешелерди интеграциялоого шарт түзөт. Бул чакан компоненттин алкагында инвестициялар үчүн негизги объекттер төмөндөгүлөр: 1) коомчулуктун өзүндө гана эмес улуттук жана эл аралык туризмдин тез өнүгүп жаткан сектору тарабынан суроо-талапты канааттандырган жашылча-жемиштерди жана багбанчылык продуктуларын өндүрүү үчүн гелио күнөсканалар; 2) мөмө-жемиштерди, чөптөрдү жана жыттуу өсүмдүктөрдү кургатуу үчүн көп функциялуу күн кургаткычтар жана электр кургаткычтар.
4 компонент. «Долбоорду башкаруу»
Бул компоненттин максаты – ПРЖР натыйжалуу башкарууну камсыздоо. Долбоорду ишке ашыруу үчүн жалпы жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин (АЧТАӨЖжМ) караштуу Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнө (АДИБ/ОРСП) жүктөлгөн. АДИБ/ОРСП ЭАӨФ/МФСР жана КР Өкмөтүнүн алдында долбоорду ишке ашыруу, координациялоо, көзөмөлдөө жана отчеттуулук боюнча жоопкерчилик тартат жана АРИС менен тыгыз байланышта.
АРИС жергиликтүү коомчулуктун деңгээлиндеги долбоордун бардык иш-чараларын ишке ашырууга жана ЖПБ, МДСК, ЖВ тиешелүү гранттарды администрациялоо үчүн жоопкерчиликти алган.