Шаарды өнүктүрүү долбоору (ПГР)
Имараттардын энергонатыйжалуулугун жана сейсмикалык туруктуулугун жогорулатуу технологияларын колдонуу менен катар, суу менен камсыз кылуу, катуу тиричилик калдыктарын башкаруу жана башка шаардык инфраструктура сыяктуу базалык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү жакшыртууга багытталган.
Долбоорду өнүктүрүүнүн максаты муниципалдык кызматтардын сапатын жакшыртуу жана катышкан шаарларда пилоттук негизде шаардык инфраструктуранын энергонатыйжалуулугун жана сейсмикалык туруктуулугун жогорулатууда камтылган.
Бул максат (i) суу менен камсыз кылуу, катуу тиричилик калдыктарын башкаруу жана көчөлөрдү жарыктандыруу, (ii) пилоттук негизде, мектептер сыяктуу социалдык инфраструктуранын объекттеринин энергонатыйжалуулугун жана сейсмикалык коопсуздугун жогорулатуу үчүн жана (iii) шаардык пландоо чөйрөсүндө АКжТКЧМА потенциалын бекемдөө үчүн, ошондой эле жергиликтүү деңгээлде кызматтарды пландоо жана көрсөтүү үчүн катышкан шаарлардын потенциалын жогорулатуу үчүн финансылык ресурстарды мобилизациялоо эсебинен жетишилет.
Долбоор боюнча негизги бенефициарлар болуп катышкан шаарлардын тургундары, кызматтарды жабдып-жеткирүүчүлөр жана Архитектура, курулуш жана турак жай–коммуналдык чарба мамлекеттик агентствосу саналат (АКжТКЧМА). Долбоорду даярдоо стадиясында Кыргыз Республикасынын (КР) Министрлер Кабинети: (i) муниципалдык кызматтарга карата жеткиликтүүлүктөгү боштуктар, (ii) калк жана калктын өсүшү, (iii) чыр-чатак аймактар жана географиялык бөлүштүрүлүшү, (iv) шаар жергесинде жакырчылыктын концентрациясынын деңгээли, жана (v) сектордо донорлордун катышуусунун критерийлеринин негизинде, артыкчылыктуу катары төрт шаарды тандап алган – бул Сүлүктү, Кербен, Балыкчы жана Токтогул. Суу менен камсыз кылуу, катуу тиричилик калдыктарын башкаруу, көчөлөрдү жарыктандыруу кызматтарын жакшыртуу жана социалдык инфраструктуранын объекттерин модернизациялоо боюнча жумуштарды каржылоонун натыйжасында 59 000 тургун долбоор боюнча пайда алышы божомолдонууда.
Долбоор боюнча каржылоонун жалпы суммасы 13,6 млн. АКШ долларын түзөт, алар 6,6 млн. АКШ долл. кредиттик каражаттарды жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (ЭӨА) тармагы боюнча бөлүнүүчү 5,4 млн. АКШ долл. гранттык каражаттарды жана 1,6 млн. АКШ долл. суммасында КРнын Министрлер Кабинетинин кош каржылоосун камтыйт.
Донор | Дүйнөлүк банк |
Каржылоонун жалпы суммасы: |
13 597 630 АКШ доллары, анын ичинен: |
Географиялык камтуусу: | Шаарлар: Кербен, Сүлүктү, Балыкчы, Токтогул |
Ишке ашыруунун пландалган мезгили: | 2017 – 2021-ж.ж. |
Аткаруучу агентство: | АРИС |
Долбоорду даярдоо Европа жана Борбордук Азия регионунда потенциалды өнүктүрүү боюнча Трасттык фонд (ECAPDEV) КРга бөлгөн 580 миң АКШ доллары суммасында гранттык каражаттардын эсебинен каржыланат, өнүгүп жаткан өлкөлөрдө климатка байланыштуу табигый кырсыктарды жана тобокелчиликтерди башкарууну азайтуу боюнча мульти-донордук трасттык фонддун (GFDRR) алкагында ошондой эле 207 миң АКШ долл. суммасына грант бөлүнгөн, бул Долбоор боюнча даярдоо иштерин аткаруу үчүн зарыл консультанттарды ишке алууга шарт түздү:
- ПГР алкагында суу менен камсыз кылуу системаларын кийинки реабилитациялоо үчүн Кербен жана Сүлүктү шаарларынын долбоордук-сметалык документациясынын техникалык-экономикалык негиздемесин (ДСД ТЭН) даярдоо.
- ПГР алкагында жогоруда көрсөтүлгөн шаарларда көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча реабилитациялык жумуштарды кийинки аткаруу үчүн Балыкчы жана Токтогул шаарлары үчүн долбоордук-сметалык документацияны (ДСД) даярдоо.
- ПГР алкагында жогоруда көрсөтүлгөн шаарларда энергонатыйжалуулук жана сейсмикалык туруктуулукту жогорулатуу боюнча реабилитациялык жумуштарды кийинки аткаруу үчүн Балыкчы жана Токтогул шаарлары үчүн долбоордук-сметалык документациянын техникалык-экономикалык негиздемесин (ДСД ТЭН) даярдоо.
Долбоорду даярдоодо ошондой эле GFDRR жана ESMAP каржылоосунда жүргүзүлгөн изилдөөлөр жардам берди.
Долбоордун компоненттери
А компоненти: Шаарды өнүктүрүү (12,8 млн. АКШ долл.).
Бул компоненттин алкагында катышкан шаарларда кызматтарды көрсөтүүнү жакшыртууга багытталган иш чаралар каржыланат. Катышкан шаарларды тандоо жана артыкчылыктуулук (i) муниципалдык кызматтарга карата жеткиликтүүлүктөгү боштуктар, (ii) калк жана калктын өсүшү, (iii) географиялык бөлүштүрүлүшү, (iv) жакырчылыктын деңгээли, жана (v) сектордо донорлордун учурдагы катышуусу сыяктуу критерийлердин негизинде ишке ашырылат. Тандоонун критерийлери жана процесси 2-тиркемеде мындан деталдуу баяндалат. Бул компонент төмөндөгү чакан компоненттерди өзүнө камтыйт:
А1 чакан компоненти: Муниципалдык кызматтар (9,0 млн. АКШ долл.).
A2 чакан компоненти: Пилоттук негизде коопсуз жана энергонатыйжалуу социалдык инфраструктура (3,8 млн. АКШ долл.).
B компоненти: Институционалдык өнүктүрүү (0,7 млн. АКШ долл.).
Бул компоненттин алкагында КРнын Министрлер Кабинети катышкан шаарларда кызматтарды көрсөтүү үчүн потенциалды жогорулатууга багыттала турган, жергиликтүү деңгээлде конкреттүү иш чаралар менен борбордук деңгээлде шаардык пландоо жана өнүктүрүү саясатынын кеңири реформаларын ишке ашыруу маселелеринде колдоо көрсөтүлөт.
C компоненти: Долбоорду ишке ашырууну колдоо (0,9 млн. АКШ долл.).
Ушул компонент боюнча долбоорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүлөт, төмөнкүлөрдү кошкондо: (i) долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнө жана катышкан шаарларда долбоор боюнча иш чараларды ишке ашырууда жардам көрсөтүү үчүн жергиликтүү эксперттерди ишке алуу; (ii) мониторинг жана баалоо (МжБ) системасын колдоо; (iii) долбоорду ишке ашыруу менен байланыштуу долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн аткарымдык чыгашалары, консультациялык кызматтар үчүн сый акыларды жана республиканын ичинде иш сапарлар чыгымдарын кошкондо; (iv) долбоор боюнча аткарымдык чыгашалар; (v) долбоордун эсеп-чотторунун жылдык аудити.
ПГР 2014-2017-финансылык жылдарга КР жана Дүйнөлүк банк ортосунда Өнөктөштүктүн учурдагы стратегиясына киргизилген.
КРнын Министрлер Кабинети жана Дүйнөлүк банк тарабынан зарыл жактырууну алуудан кийин 2015-жылдын 15-декабрында ПГР боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. 2016-жылдын 25-апрелинде ЭӨА жана КРнын Министрлер Кабинети атынан КРнын Финансы министрлиги ортосунда финансылык макулдашууга кол коюлган. КРнын Министрлер Кабинетинин токтом долбоору жана финансылык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору кызыкдар министрликтер жана ведомстволор менен макулдашылган. ПРГди каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамдын долбоору КР Жогорку Кеңеши тарабынан үчүнчү окууда жактырылган. 2016-жылдын 14-декабрында Долбоорду ратификациялоо жөнүндө мыйзамга КРнын Президенти тарабынан кол коюлган. 29-декабрда ПГР күчүнө кирген.
Долбоорду реструктуризациялоо
Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (МАР) жана КРнын Министрлер Кабинети атынан Каржы министрлигинин ортосунда кол коюлган Каржылык келишимге ылайык МАРдын үлүшү 37% жана КРнын Министрлер Кабинетинин үлүшү 63 % түзөт. Курулуш иштерин аткаруунун графигине ылайык, келишим 2021-жылдын 31-мартында жыйынтыкталыш керек эле. Бирок, COVID-19 жана ошондой эле 2020-жылдын башынан КРнын Министрлер Кабинетинин үлүшүнөн каржылоонун кармалышынан улам түзүлгөн шартка байланыштуу подряддык ишканалар менен келишимдердин мөөнөтү узартылды.
Бүткүл дүйнөлүк банк менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр жана макулдашуулардан кийин финансылык каражаттарды кайра бөлүштүрүү жана МАРдын үлүшүн 37% 100 % чейин жогорулатуу максатында долбоорду реструктуризациялоо процесси башталган. Ошентип КРнын Министрлер Кабинетинин үлүшүнүн бардык 100% МАРдын каражаты менен аткарылды. Ошондой эле долбоорду реструктуризациялоонун максаты - долбоордун мөөнөтүн 9 айга – 2021-жылдын сентябрь айына чейин узартып, COVID-19дан улам киргизилген өзгөчө кырдаалдан улам аткарылбай калган жумуштарды аяктоо болуп эсептелет.
2020-жылдын 25-июнунда КРнын Жогорку Кеңешинин үчүнчү окууусунда КРнын Министрлер Кабинети жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы ортосундагы ПГР долбоору боюнча Кат-келишимди ратификациялоо жөнүндө КРнын Мыйзамы кабыл алынган. Ратификациялоо жөнүндө Мыйзамга КРнын Президенти тарабынан 2020-жылдын 22-июлунда № 87 кол коюлуп, 2020-жылдын 28-июлунда “Эркин-Тоо” гезитинде басып чыгарылды.