Айылды инвестициялоо долбоорунун веб-сайты
Айылды инвестициялоо долбоору
Айылды инвестициялоо долбоору (АИД) – бул АРИСтин биринчи жана эң ийгиликтүү долбоорлорунун бири. 2007-жылы Кыргыз Республикасында Дүйнөлүк банктын кеңсесинин башчысы Роджер Робинсон, Айылды инвестициялоо долбоору 2006-жыл үчүн бүткүл дүйнө боюнча Дүйнөлүк банк каржылаган долбоорлрдун арасынан 3 мыкты долбоордун тизмесине киргендигин, ошондой эле АРИС республиканын көптөгөн уюмдары үчүн модель болуп кызмат кыла ала тургандыгын белгилеген. "Кыргыз Республикасында АРИСтей агентство жок болсо, Айылды инвестициялоо долбоору сыяктуу мындай Долбоорду ишке ашырууда ийгиликтер болмок эмес", - деп мырза Р. Робинсон белгилеген.
Айылды инвестициялоо долбоору (ПСИ-1, ПСИ-2)
АРИС 2008-жылы Айылды инвестициялоонун биринчи долбоорун ишке ашырууну аяктаган. Долбоордун 1-фазасынын алкагында 15 млн. АКШ доллары жалпы суммасына 4344 долбоор ишке ашырылган, мында коомчулуктардын кошо каржылоосунун үлүшү талап кылынган 25 %дан 40 % болгон, бул коомчулуктарды жогорку мобилизациялоону жана алар тандаган микродолбоорлордун өтө зарылдыгын көрсөтүп турат.
2012-жылдын аягына Айылды инвестициялоо долбоорунун (ПСИ-1, ПСИ-2) алкагында бардык республика боюнча 9883 микродолбоор ишке ашырылган (жалпы билим берүү мекемелери, ооруканалар, фельдшердик-акушердик пункттар, маалыматтык-ресурстук борборлор, көпүрөлөр, балдар бакчалары, мончолор, суу, газ, электр менен жабдуу системалары, спорттук объекттер ж.б.), анын ичинен Долбоордун II фазасынын алкагында 5539 микродолбоор ишке ашырылган. Коомчулуктар тарабынан Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (ЭӨА) бөлгөн 15 млн. АКШ доллар каражаты (грант) жана 6,86 млн. фунт стерлинги суммасына DFID каражаты (грант) өздөштүрүлгөн, алардын натыйжасы болуп айыл тургундарынын ишке орношуусунун жана кирешелеринин көбөйүшү, айылдын инфраструктурасынын жакшырышы, жергиликтүү коомчулуктар деңгээлинде башкарууну жакшыртуу жана жергиликтүү коомчулуктардын чечимдерди кабыл алуу көндүмдөрүн күчөтүү болгон.
Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоору (ПСИ-3)
Айыл тургундарынын максаттарына жетишүүсүнө жана жергиликтү өнүгүүнүн негизги милдеттерине көмөк көрсөтүү үчүн, АРИС Немец өнүктүрүү банкынын каржылоосунун алдында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында, ЭӨА каржылоосунун алкагында Нарын, Талас, Ысык-Көл жана Чүй облустарында Айылды инвестициялоо үчүнчү долбоорун (мындан ары – ПСИ-3) ишке ашырууга киришкен.
ПСИ-3 максаттары: (i) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана коомчулуктарды өнүктүрүү, (ii) ошондой эле социалдык жана экономикалык инфраструктурага жеткиликтүүлүктү жакшыртуу жолу менен айыл жергесинде жакырчылыктын деңгээлин азайтуу болуп саналат.
Каржылоо булактары:
Донорлор: |
Немец өнүктүрүү банкы «KfW» |
ЭӨА |
Каржылоонун суммалары жана долбоорду ишке ашыруунун зоналары: |
KfW - 5,5 млн. евро (грант) |
ЭӨА - 12 млн. АКШ долл. |
АИД-3 катышкан жергиликтүү коомчулуктардын салымы АРИС тарабынан коомчулукка |
||
Ишке ашыруунун мөөнөтү: |
2014-2021-ж.ж. |
Долбоордун үч компонентин ишке ашыруу менен долбоордун өнүгүү максатына жетишүүгө мүмкүн:
Компонент 1: "Потенциалды өнүктүрүү" – жергиликтүү комчулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн жергиликтүү деңгээлде биргелешип башкаруу жана өнүгүүнү пландаштыруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү бюджеттерди пландаштырууга багытталган окутуулардан өтүшөт.
1 Подкомпонент: "Коомчулукту мобилизациялоо" – бул жергиликтүү коомчулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен иштөө, аларды долбоордун принциптери менен тааныштыруу. Бул подкомпонент жергиликтүү өз-алдынча башкаруу органдарын чыңдоо үчүн маанилүү, айыл тургундары тарабынан өз алдынча аныкталган өнүгүү муктаждыктарын чечүүгө катышуусуна шарт түзөт, калк алдында отчеттулукту күчөтөт.
2 Подкомпонент: "Окутуу". ПСИ-3 долбоорунун алкагында айыл өкмөт кызматкерлерине жана коомчулуктун өкүлдөрүнө потенциалды арттыруунун үч түрү сунушталат:
- ПСИ-3 алкагында социалдык мобилизациялоону жана инвестицияларды аныктоо жана ишке ашыруу боюнча атайын тренингдер (адистештирилген окутуу деп аталат);
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө негизги окутуу темалары (негизги окутуу деп аталат);
- Лидер аялдар үчүн тренинг жана насаатчылык (“теңге тең” принциби менен окутуу).
Компонент 2: "Айылдык инвестициялар". Бул компонент аркылуу каржылоонун эки түрү бар:
- жергиликтүү инвестициялык планга киргизилген 20 000 АКШ долларынан 300 000 АКШ долларына чейинки суммадагы ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн суб-гранттар;
- жергиликтүү инвестициялык планга киргизилген 20 000 АКШ долларынан ашпаган чакан долбоорлорду же бириктирилген чакан долбоорлорду ишке ашыруу үчүн.
Компонент 3: "Долбоорду башкаруу" долбоорду башкаруу иш-чараларын, долбоордун аудитин, долбоордун кызматкерлерине башкаруу, мониторинг жана баалоо жана каржылоо боюнча окутууларды өткөрүүнү камтыйт.
“Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагындагы кошумча каржылоо (COVID-19га чара көрүү боюнча)” долбоору
(АИД-3 КК)
Донору: |
ЭӨА |
Каржылоонун жалпы суммасы: |
17 000 000 АКШ доллары (12 200 000 СПЗ), анын ичинен: |
Кредиттин суммасы: |
8 500 000 АКШ долл. (6 100 000 СПЗ) |
Гранттын суммасы: |
8 500 000 АКШ долл. (6 100 000 СПЗ) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салымы: |
Каралган эмес |
Кредиттин шарттары: |
15-ноябрь 2026-жылдан 15-май 2058-жылга чейин (1,5%) |
Географиялык камтуусу: |
Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Кѳл облусундагы айылдар |
Сүйлөшүүлөрдүн датасы: |
28-август 2020-ж. |
Кол коюлган күн: |
4-март 2021-ж. |
Ратификацияланган күнү: |
22-июль 2021-ж., №86 |
Күчүнө кирген датасы: |
14-октябрь 2021-ж. |
Аткаруучу агентство: |
АРИС |
Ишке ашыруучу агентство: |
АРИС |
Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү: |
2022 – 2024 жж. |
Долбоордун жабылуу күнү: |
31-декабрь 2024-ж. |
Долбоорду каржылоонун жабыла турган күнү: |
30-апрель 2025-ж. |
Долбоордун максаты:
(i) биргелешкен катышууну өнүктүрүү багытында жергиликтүү потенциалды жогорулатуу;
(ii)долбоордун максаттуу айылдык жамааттарында социалдык багыттагы сапаттуу объекттерге жеткиликтүүлүктү жакшыртуу болуп саналат.
Кошумча каржылоо (ДФ) экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түздөн-түз жакшыртат жана мындай кызматтар камтылбаган айылдык жамааттарда баштапкы медициналык-санитардык жардамга жана гигиенага жеткиликтүүлүктү кеңейтет.
Ошондой эле аярлуу аялдардын, жаштардын, мигранттардын, улгайган адамдардын жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын киреше булактарын жаңы шарттарда калыбына келтирүүгө жана COVID -19 пандемиясы менен шартталган тобокелдиктин кыйла жогорку деңгээлинде айылдык социалдык инфраструктураны олуттуу жакшыртууга жардам берүүчү долбоордук иш-чараларга алардын активдүү катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.
Кошумча каржылоо ошондой эле климаттын артыкчылыктарына жана энергиянын натыйжалуулугуна, ошондой эле социалдык инфраструктурага жеткиликтүүлүктөгү негизги гендердик айырмачылыктарды жоюуга жана киреше булактарын түзүүгө/калыбына келтирүүгө жана көбөйтүүгө көңүл бурат.
Долбоор төмөнкү компоненттерден турат:
1-Компонент: Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана коомчулуктун потенциалын жогорулатуу (2,5 млн. АКШ доллары)
Кошумча каржылоонун 1-компоненти киреше булактарын алуу жана алардын күч-аракеттерин колдоо мүмкүнчүлүктөрүнө аярлуу топторду (жаш аялдарды, аярлуу жаш эркектерди, улгайган адамдарды жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды кошо алганда) кошуу үчүн зарыл болгон негизги ПСИ-3 долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан потенциалды жогорулатуу жана мобилизациялоону эске алуу менен коомчулукту мобилизациялоо боюнча иш-чараларды каржылайт.
Аталган компонент "теңме-тең"принцибинин негизинде окутуу боюнча негизги долбоордун алкагында башталган ишти улантуудан тышкары, киреше булактарын колдоо программасынын (ППИД) алкагында коомчулуктун потенциалын жогорулатууну камтыйт. ППИД квалификациялуу уюмдарга колдоо тутумун түзүү үчүн техникалык жардамды кѳрсѳтѳт (рынокту жана муктаждыктарды баалоо, бизнес сунуштарын иштеп чыгуу, окутуу жана машыктыруу), ал ѳнүгүүгѳ жөндөмдүү ишканаларды алга жылдырат жана киреше булактарынын туруктуулугун камсыз кылат.
Кошумча нарк чынжырынын баалоолору жана пландары иштеп жаткан жана жаңы ишканаларды активдештирүүнүн мыкты жолу жөнүндө чечим кабыл алууга, ошондой эле COVID-19дан кийинки шарттарда талап кылынган рынокторго, өнүмдөргө жана тармактарга эң натыйжалуу инвестиция салууга негиз берет.
Долбоордун процесстери COVID-19 шарттарына ылайыкташтырылат. Кошумча каржылоо долбоору коомчулукту мобилизациялоону тереңдетүүгө, коомчулуктун туруктуулугун жогорулатууга жана мониторинг системасын чыңдоого мүмкүндүк берет. Долбоордун алкагында салттуу жана жаңы жалпыга маалымдоо каражаттарын айкалыштырган жана жарандык технологияларды колдонуунун масштабын кеңейтүүчү эки тараптуу маалымат жана жамааттар менен кайтарым байланыш механизми түзүлөт.
2-Компонент: Айылдык инвестициялар (13,3 млн АКШ доллары).
Кошумча каржылоо алкагында 13,3 млн АКШ доллары Кыргыз Республикасынын түндүк төрт облусунун аймагындагы максаттуу айыл аймактарында социалдык инфраструктурага жеткиликтүүлүктү жакшыртуу, ден соолукту коргоо жана киреше булактарын камсыз кылуу менен байланышкан кошумча инвестицияларды колдоо үчүн бѳлүнѳт. Долбоорго болгону 241 АА катышат.
Айылдык аймактарга (АА) инвестициялар үчүн субгранттарын бөлүштүрүү төмөнкүдөй үч критерийдин негизинде ишке ашырылат: (1) ар бир максаттуу ААнын калкынын саны; (2) ар бир максаттуу ААнын жакырчылыктын деңгээли; (3) ар бир максаттуу ААнын райондук борборлордон алыстыгы. Бул критерийлер ар бир максаттуу аймакка өзүнчө колдонулат.
Ар бир АА үчүн субгранттар $ 25,000 ден $ 109,000 чейин болот. АКШ. 241 ААнын бардыгы 2-компоненттин каржылоосунан пайдаланууда, алар долбоордук колдоо үчүн өз ара бири-бири менен атаандашышпайт.
Ири долбоорлордун типтери
Социалдык долбоорлор - бул баштапкы саламаттык сактоо мекемелеринин (ФАП, ҮДТ), билим берүү мекемелериндеги, анын ичинде мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде коомдук санитария жана гигиена объекттери, суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасы, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө жана экологиялык туруктуулукка ыңгайлашуу боюнча технологияларды колдонуу менен ишке аша турган социалдык инфраструктура объекттери
Экономикалык долбоорлор/киреше булактарынын долбоорлору (ПИД) - бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коомчулук менен макулдашылган жана киреше булактары боюнча жамааттын бизнес өнөктөштөрү (БПСИД) тарабынан ишке ашырылуучу экономикалык ишинин долбоорлору. ПИДдин негизги максаты жумуш орундарын түзүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын экономикалык базасын өнүктүрүү болуп саналат. Ири долбоорлордун түрлөрү рынокту талдоого жана наркты түзүүнүн потенциалдуу чынжырларына жараша ар кандай болот, анын натыйжалары тышкы изилдөө компаниясы тарабынан төмөнкү багыттарда берилет:
- айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү, ошондой эле транспорттук кызматтар сыяктуу көмөкчү секторлор;
- кол өнөрчүлүк жана тигүү өндүрүшү;
- санариптик жана жаңы кызмат көрсөтүү секторлору (мисалы, кайра иштетүү боюнча ишканалар же башка экологиялык ишканалар);
- COVID -19га жооп берүүгө байланыштуу жаңы өнүмдөр жана кызматтар.
3-Компонент: Долбоорду башкаруу (1,2 млн АКШ доллары)
Бул компоненттин алкагында координациялоого, долбоордун иш-чараларынын аткарылышын контролдоого, финансыны башкарууга, жылдык аудиттерге жана мониторинг жана баалоого чыгымдар каржыланат.
Кошумча каржылоо 1 жана 2-компоненттерди камтуунун кеңейтилген чөйрөсүн ишке ашыруу үчүн долбоорлорду жана МжБ башкарууну бекемдөөгө жардам берет.
4-Компонент: Өзгөчө кырдаалдарга шарттуу жооп берүү
Өзгөчө кырдаалдарга шарттуу чара көрүү компоненти КРнын Министрлер Кабинетине тиешелүү кризиске же өзгөчө кырдаалга жооп катары тез жардам көрсөтүү зарыл болгон учурда чара көрүү аракеттеринин пайдасына долбоордук каражаттарды кайра бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берүү үчүн кошулган. Бул шарттуу нөлдүк компонент кризис учурунда жооп кайтаруу жана калыбына келтирүү үчүн долбоордук каражаттарга тез жетүүнү камсыз кылууга багытталган. Иш-чаралар кризистин социалдык-экономикалык кесепеттерин жеңилдетүүгө жана ага жооп берүүгө багытталат.