Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) тарабынан сунушталган жардам Кыргыз Республикасынын (КР) 2018-2040-жылдарга өнүгүүсүнүн Улуттук стратегиясынын таза суу жана санитардык шарттар менен камсыздоо боюнча максаттарынын бирине жетишүүдө көмөк көрсөтөт.
Мамлекеттик улуттук программа – 2016-2026-жылдарда Калктуу пункттарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү программасы (ПРПВВНП), суу менен камсыз кылуу жана санитариянын (СКС) коопсуз жана сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрүнө инклюзивдүү жана ишенимдүү жеткиликтүүлүккө жетишүүгө багытталган. Министрлер Кабинетинин программасы СКС инфраструктурасын жана кызмат көрсөтүүлөрүн өнүктүрүү жана СКС кызматтарын көрсөтүүнүн туруктуу системасын куруу максатында мамлекеттик бөлүмдөрдүн, ведомстволордун жана операторлорунун дараметин жогорулатуу үчүн стратегиялык жана саясий алкактарды белгилейт. АӨБ операциясынын көңүл чордонунда мамлекеттик программаны колдоо катары натыйжалардын негизинде кредиттөө (КОР) методу жатат.
Коопсуз суу менен камсыз кылуу жана санитардык шарттарды жакшыртууга карата жеткиликтүүлүктү кеңейтүү боюнча Министрлер Кабинетинин ПРПВВНП программасы Нарын облусун камтыйт. Нарындагы көйгөйлөр төмөндөгүлөрдө камтылган (i) начар инфраструктура; (ii) туруктуу эмес суу менен камсыз кылуу жана суунун начар сапаты; (iii) адекваттуу эмес санитардык шарттар, негизинен чуңкурду колдонуу, бардык булгануунун коштомо тобокелчиликтери менен; (iv) эксплуатация жана тейлөөнү камсыздоо үчүн адекваттуу эмес жергиликтүү түзүмдөр; жана (v) квалификациялуу персоналдын жана каражаттардын жалпы жетишсизидиги. Ошондуктан Нарын облусунда айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү программасы (ПРСВСНО же «программа») инфраструктураны куруу жана реабилитациялоону колдойт, ошондой эле Программа боюнча ишке ашыруучу агентство - КР Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун (АРИС) жана операторлордун дараметин чыңдоо боюнча көмөкчү чаралар аркылуу колдоо көрсөтөт жана СКС кызмат көрсөтүүлөрүн туруктуу башкарууну жакшыртат.
КОР механизми бул программа үчүн эң ылайыктуу болуп саналат, анткени (i) өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр тарабынан колдоо үчүн аракеттердин так аныкталган чөйрөсү бар; (ii) АӨБдүн айылды СКС чакан секторунда мурдагы катышуусун эске алып, КОР методу бардык кызыкдар тараптарга бирге иштөөгө жана текшерүүгө тийиштүү болгон натыйжаларга жетишүүгө катуу жактоону демонстрациялоого мүмкүнчүлүк берет; (iii) бул механизм сатып алуулар, ички аудит функциялары жана коомчулуктардын деңгээлинде СКС объекттерин туруктуу эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө (ЭжТТ) чөйрөсүндө институционалдык күчөтүүгө түрткү берүүгө жөндөмдүү; (iv) күчөтүлгөн механизмдер сектордо катышууну келечектеги активдештирүү үчүн жол салат; жана (v) КОР методу Программанын алкагында талап кылынышы мүмкүн болгон айылдын жана райондун деңгээлинде көп сандаган майда транзакцияларды эске алып, транзакциялык чыгымдарды кескин кыскартат.
Программанын натыйжасы болуп, Нарын облусунун айылдык калктуу пункттарында коопсуз суу менен камсыз кылуу системасына жана санитариянын жакшыртылган объекттерине инклюзивдүү жана ишенимдүү жеткиликтүүлүк болуп калат.
Каржылоонун булагы:
Донор: |
Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) |
Каржылоонун жалпы суммасы: |
32 900 000 АКШ доллары |
АӨБ насыясынын суммасы: |
13 700 000 АКШ доллары |
АӨБ грантынын суммасы: |
13 700 000 АКШ доллары |
КР Министрлер Кабинетинин салымы: |
5 500 000 АКШ доллары |
Камтуу географиясы: |
Нарын облусу |
Ишке ашыруунун мөөнөтү: |
2020 – 2027-жылдар |
Программанын натыйжасына жетишүү эки аяккы натыйжа менен камсыздалат: (i) суу менен камсыз кылуу инфраструктурасын кеңейтүү жана санитария жаатында чечимдерди пилоттоо, жана (ii) айылды суу менен камсыз кылуу секторунда жана санитария чакан секторунда институционалдык дараметти жана туруктуулукту күчөтүү.
Программалык иш чаралар өзүнө (i) Коопсуз суу менен камсыз кылуу жана бөлүштүрүү тармактарынын инфраструктурасын; (ii) Гендердик аспекттерди эске алуу менен суу менен камсыз кылуу жана санитариянын жакшыртылган системалары менен жабдылган саламаттык сактоо жана билим берүү объекттерин; (iii) Үй чарбаларынын саркынды сууну чыгаруу/санитарияда локалдык чечимдерин (тармактарга кошуусуз) пилоттоону; (iv) Сатып алуулар, финансылык менеджмент маселелеринде институционалдык чыңдоону; жана (v) Суу менен камсыз кылуу субъекттерин жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү камтыйт.
КОР программасы 2020-жылдын январынан 2026-жылдын декабрына чейин ишке ашырылат. Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти (ИСКССЧӨД) Программа боюнча аткаруучу агентствонун ролун аткарат жана Программанын жыйынтыктарынын жалпы мониторинги үчүн жооп берет. АРИС ишке ашыруучу агентствонун ролун аткарат.
Программанын индикаторлору:
- 2026-жылга карата Нарын облусунун айылдарындагы 64 000 адам ичүүчү сууну колдонот.
- 2026-жылга карата кошумча 13 айылдык мектептер жана/же бала бакчалар жана 8 айылдын медициналык мекемелери гендердик спецификаны (ВСГС) эске алуу менен, суу менен камсыз кылуунун өркүндөтүлгөн объекттери тарабынан тейленет.
- 2025-жылга карата 43 айыл үчүн инфраструктураны деталдуу долбоорлоо аяктады.
- 2024-жылга карата саны 64 000 калк үчүн суу менен камсыз кылуу жана сууну бөлүштүрүү тармактары үчүн инфраструктуралык компоненттер жайылтылды.
- Үй чарбаларында саркынды сууну чыгаруу/санитария системалары үчүн тармактык эмес (локалдык) чечимдер жок дегенде 2 айылда 2023-жылга карата аз дегенде 660 үй чарбасы үчүн пилоттолду.
- 2020-жылдан баштап натыйжалардын негизинде кредиттөө (КОР) программасы үчүн сатып алуулар боюнча жетекчилик иштелип чыкты жана ишке ашырылып жатат.
- 2029-жылга карата ички аудит жана финансы чөйрөсүндөгү АРИСтин адистеринин 100 % тийиштүү түрдө аудит жана финансылык менеджмент боюнча окутуудан өттү жана өлкөдө таанылган институттан аккредитация алышты.
- Суу менен камсыз кылуу боюнча муниципалдык ишканалар (СВКУ) толугу менен иштейт жана 2026-жылга финансылык туруктуу, мында СВКУда аялдардын катышуусу – 20 %дан кем эмести, СВКУ менен байланыштуу тренингдерде жана коомдук угууларда болсо – 40 %дан аз эмести түзөт.