Image

Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Бөкөнбаев көч. 102

Рынокторго чыгууну камсыздоо долбоору (ПОДР)

2013-2017-жылдарга карата Туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын экономиканы өнүктүрүү жана макроэкономикалык туруктулук аркылуу жетишиле турган кайра иштетүүчү агроөнөр жай тармагындагы маселелердин маанилүүлүгүн, Кыргыз Республикасынын (КР) Евразия экономикалык союзуна кошулгандыгын, ушуга байланыштуу айыл чарба тармагында көйгөйлөрдүн жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн жаралып жаткандыгын эске алып, Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фонду (АӨЭФ) менен айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун арттыруу, кайра иштетүү өнөр жайынын дараметин күчөтүү жана Кыргыз Республикасынын бүткүл мал чарба секторунда агроөнөржай комплексиндеги продукциянын атаандаштыкка жарактуулугун арттыруу боюнча кошумча инвестицияларды тартуу жөнүндө макулдашылган.

Долбоордун максаты жайыт жамааттарда кирешенин көбөйүшүнө жана экономикалык өсүшкө жардам берүү болуп саналат.

Долбоордун милдети майда мал чарбалардын өз продукциясын сатып өткөрүшү үчүн кирешелүү рынокторго чыгуусун жана аралашуусун жакшыртуу менен кирешелердин көбөйүшүнө жана бирдей болушуна алып келүүдө турат.

Каржылоонун шарттары: 

Долбоордун жалпы наркы:

55,4 млн. АКШ долл.

АӨЭФ

25,4 млн. АКШ долл. (12.7 млн. долл. - кредит (долбоордун жалпы чыгашасынын 23 %) жана 12.7 млн долл. - грант (долбоордун жалпы чыгашасынын 23 %)

Финансылык кызмат көрсөтүүчүнүн салымы - Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан кредиттер:

20 млн. АКШ долл. (долбоордун жалпы чыгашасынын 36 %)

КРнын Министрлер Кабинетинин салымы:

1,6 млн. АКШ долл. (долбоордун жалпы чыгашасынын 3 %) салыктарды төлөө

АРИСтин бюджети:

8,4 млн. АКШ долл.

Долбоордон пайда алуучулардын салымы:

8,39 млн АКШ долл. (долбоордун жалпы чыгашасынын 15 %)

Географиялык камтылуусу: Долбоорго КРнын бардык региондорунан кызыкдар тараптар катыша алат.

Ишке ашыруу мөөнөтү: 2018-2023-жылдар

Долбоор төмөнкүдөй компоненттерден жана чакан компоненттерден турат:

1-компонент. "Мал чарба продукциясынын кошумча нарк удаалаштыгын өнүктүрүү" башкаруу көндүмдөрүн чыңдоого, суроо-талапка ылайыкталган технологияларга жетүү мүмкүндүгүн жакшыртууга, ошондой эле мал чарба продукциясынын кошумча нарк удаалаштыгына катышуучулардын (өндүрүүчүлөр, продукцияны жыйноочулар, соодагерлер, кайра иштетүүчүлөр) арасындагы байланыштарды жана өнөктөштүк мамилелерди кеңейтүүгө жардам берет. Алар төмөндөгүлөр аркылуу жетишилет: 

  • мал чарба продукциясынын кошумча нарк удаалаштыгына катышуучулардын дараметин күчөтүү;
  • продукцияны жыйноо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү;
  • өндүрүүчүлөрдүн мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүгүн өнүктүрүү үчүн платформа түзүү жана билим берүүнү башкаруу.

2-компонент. "Мал чарба продукциясынын кошумча нарк удаалаштыгын каржылоо" эки чакан компоненттен турат: 

  • тышкы кредиттик багыттарга чыгуу;
  • инновациялык финансылык продуктулар.

3-компонент." КРнын мал чарбасындагы санитардык системасын модернизациялоо" үч чакан компоненттен турат: 

  • мамлекеттик ветеринардык-санитардык системаны чыңдоо;
  • жеке ветеринардык практика системасын чыңдоо;
  • мамлекеттик институттарды чыңдоо жана колдоо көрсөтүү аркылуу Кыргыз Республикасынын мал чарбасынын санитардык системасын модернизациялоо.

4-компонент. "Долбоорду башкаруу" мекемелер аркылуу жүргүзүлөт: 

  • Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү (АДИБ);
  • Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС).

Күтүлгөн натыйжалар:

Салынган инвестициялар төмөнкүдөй натыйжаларга жетүүгө жана пайда алууга шарт түзөт: 

  • жакшыртылган салымдарды/технологияларды колдонуунун жана кеңейтилген мал чарбачылыгынын натыйжасында мал чарбачылыгынын өндүрүмдүүлүгүнүн жогорулашы жана мал чарба продукцияларынын көбөйүшү;
  • сапаты жакшыртылган жана коопсуздугу күчөтүлгөн айыл чарба жана тамак-аш продукциясы;
  • инновациялык технологияларды колдонуу аркылуу сүт жана эт азыктарын өндүрүүдө жана кайра иштетүүдөгү чыгымдардын азайышы;
  • мал чарба продукцияларын өндүрүүнү кайрадан калыбына келтирүү жана экспорттоону көбөйтүү;
  • жаныбарлардын жакшыртылган санитардык системасы;
  • ири өлчөмдөгү жана узак мөөнөттүү кредиттерге кеңири мүмкүндүк берүү;
  • айыл чарбалык жана айыл чарбалык эмес башка тармактардагы жалданма же үй-бүлөлүк эмгек менен камсыз болуунун деңгээлин жогорулатуу;
  • салык төлөнүүчү продукциянын көлөмүнүн көбөйүшүнүн натыйжасында салык кирешелеринин көбөйүшү.

Мамлекеттик ички жол-жоболорго ылайык КР менен АӨЭФ ортосундагы ПОДР долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууга КР Финансы министрлиги 2017-жылдын 21-августунда кол койгон.

Субсидиардык макулдашууга КР Финансы министрлиги жана АРИС тарабынан 2018-жылдын 19-октябрында кол коюлган.