Image

Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Бөкөнбаев көч. 102

Замирбек  Мамасыдыкович Кадамжай районунун Совет айылдык аймагынын тургуну, кесиби боюнча инженер. Жаңы технологияларды жайылтуучулардын сап башында. Тамчылатып сугаруу системасын ишке киргизүүнү 2010-жылы алгачкылардан болуп баштаган. Кыргыз патенттен акылдуу тамчылатып сугаруу системасын жайылтууга гранттык колдоо боюнча конкурстун жеңүүчүсү.  Учурда 6 га кайрак жерлерди ѳздѳштүрүү үчүн акылдуу тамчылатып сугаруу системасын ишке киргизген. Системанын ѳзгѳчѳлүгү белгиленген убакта, белгиленген ѳлчѳмдѳ сууну бѳлүштүрѳт, мындан тышкары, жер алдындагы сууларды колдонуу менен орнотулат. Система аркылуу минералды жер семирткичтерди да кошо бѳлүштүрүүгѳ болот.

Агротехнологиялык ачылыш катары, тамчылатып сугаруу системасы убакыт менен туура башкаруу аркылуу ѳрүктүн бакта кургатып жыйноого болоорун практикалашкан. Ал эми, алынган ѳрүк толугу менен органикалык жемиш болуп баасы жогору болгон. Акылдуу тамчылатып сугаруу системасы санариптик аппарат менен башкарылып, суу толук ичкен жерлерди,суу толук жетпеген жерлерди онлайн мониторинг кылууга жардам берет.  Системанын айыл чарбасына келиши түшүмдүүлүктүн кѳлѳмүнѳ кыйла таасир берип, ѳзгѳрүп жаткан климатка ыңгайлашууну шарттайт. Ошол эле, убакта биогумусту ѳстүрүү жана колдонууну дагы тамчылатып сугаруу системасы толугу менен мүмкүнчүлүк берет. Адыр жерлерге, рельефи начар, ѳнүмдүүлүгү аз жерлерге да орнотула берет. Бул бизнестин эң пайдалуусу катары белгилѳѳгѳ болот.

Аталган маалыматтар менен  “Жашоо каражаттарын колдоо программасынын”(ДФ ППМС) катышуучулары таанышып, жаңы технологиялардын натыйжалуулугун эксперттин ѳзүнѳн уга алышты. Үй чарбасында аны орнотуу, колдонуу канчалык маанилүү экенин, эскиче иштебей, жаңы инновациялык изденүүлѳр керектигин ар бир катышуучу насаатчыдан үйрѳнѳ алышты.