Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү долбоору (ПУРСВС)
Кыргыз Республикасы (КР) жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (ЭӨА) узак мөөнөттү негизде КРда жакырчылыктан арылуу, туруктуу өнүгүү жана экономикалык өсүшкө көмөк көрсөтүүдө кызматташат.
Долбоордун максаты болуп айыл жергесинде максаттуу коомчулуктар үчүн суу менен камсыз кылуу жана санитариянын кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртууда, суу менен камсыз кылуу жана санитария секторунда институттардын дараметин күчөтүүдө КРга көмөк көрсөтүү саналат.
Долбоор жаңы облустарды жана райондорду камтуу максатында айылды суу менен камсыз кылуу жана санитария секторунда инвестицияларды кеңейтүүгө, ошондой эле зарылдыгына жараша айылды суу менен камсыз кылуу жана санитария секторун өнүктүрүүнүн мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу жана кеңейтүү менен колдоо көрсөтүүгө багытталган. Долбоор айылды суу менен камсыз кылуу жана санитария секторунда өткөн долбоорлорду (Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитария - 2 долбоорун кошкондо) ишке ашыруунун жүрүшүндө алынган аналитикалык тыянактарга жана сабактарга негизделет.
ПУРСВС алкагында, КРнын Министрлер Кабинетине инвестицияларды пландоо жана ишке ашыруу процессин жөнгө сала турган стратегиялык иш чараларды ишке ашырууда жана программалык мамилени түзүүдө колдоо көрсөтүлөт. Толуктоо катары, ПУРСВС алкагында толук ченде айыл жергесинде жумуштарды ишке ашыруу жана биринчи кезекте кирешелердин төмөн деңгээли менен үй чарбаларына чейин суу түтүктүү суу менен камсыз кылуу кызмат көрсөтүүлөрүнүн камтылышын кеңейтүү үчүн мүмкүнчүлүктөр колдонулат.
Каржылоонун суммалары:
Донор: |
ЭӨА |
Каражат көлөмү: |
|
Негизги долбоор: |
26 364 000 АКШ долл. |
Кошумча каржылоо: |
36 323 900 долл. США |
Ишке ашыруунун облустары: |
Чүй, Ысык-Көл, Ош облустары |
Ишке ашыруун мөөнөтү: |
Негизги долбоор: 2017-2023 жылдар Кошумча каржылоо: 2018-2025 жылдар |
Долбоор өзүнө төмөндөгү төрт негизги компонентти камтыйт:
А компоненти. Суу менен камсыз кылуунун инфраструктурасы: Бул компоненттин алкагында Долбоордун максаттуу тилкелеринде айылды суу менен камсыз кылууну реабилитациялоо, калыбына келтирүү жана болгон системаларды кеңейтүү жана/же жаңыларын куруу зарылдыгы каралып чыгат. Компонент Долбоордун максаттуу айылдары үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле суу менен камсыз кылууну (скважиналар, кудук талаалары, суу алгычтар ж.б., зарылдыгына жараша тазалоо жана насос) өндүрүү үчүн курулмаларды жана электр/механикалык орнотмолорду, сууну берүү жана бөлүштүрүүнү (тармак, сууну сактоо үчүн резервуарлар, суу өлчөгүч эсептегичтер ж.б.у.с.) каржылайт. Бул компоненттин алкагында ошондой эле долбоордук-сметалык жана тендердик документацияны даярдоо жана жумуштардын сапатын камсыздоо максатында курулуш ишмердигине техникалык көзөмөлдү ишке ашыруу үчүн консультациялык кызматтарды көрсөтүү каржыланат.
В компоненти. Санитарияны өнүктүрүү: Бул компоненттин алкагында максаттуу айылдык коомчулуктарда санитардык шарттарды жакшыртуу боюнча товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу каржыланат. Компонент ошондой эле билим-берүү-окутуу гигиеналык программалар менен толукталган мектептерде жана башка социалдык мекемелерде санитардык объекттерди жакшыртууга багытталган инвестицияларды дагы камтыйт. Мындан тышкары, компонент үй чарбаларынын деңгээлинде жакшыртылган санитардык шарттарды колдоо үчүн техникалык консультацияларды көрсөтүү боюнча иш чараларды камтыйт. Бул компоненттин алкагында суунун сапаты жана коопсуз дезинфекциялоого байланыштуу материалдарды кошкондо санитардык-гигиеналык талаптар жаатында жакшыртылган практикаларды илгерилетүү максатында "Суу, Санитария, Гигиена" (ССГ) (WASH) коммуникациялык стратегиясын иштеп чыгуу жана ишке ашырууда жана окутуу кампанияларын жүргүзүүдө жардам каралган. Санитария жана гигиена боюнча окутуу программалары Долбоорду ишке ашыруунун бул зонасында бул чөйрөдө билимдерди, мамилени жана практиканы жакшыртууну колдогондой кылып мектептик билим берүү системасы жана коомчулуктар аркылуу киргизилет.
С компоненти. Институционалдык чыңдоо: Компонент боюнча улуттук жана жергиликтүү деңгээлдерде бул сектордун институционалдык дараметин чыңдоого багытталган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр каржыланат. Конкреттүү иш чаралар КРнын Министрлер Кабинетине суу менен камсыз кылуу жана санитария секторун, КРнын Министрлер Кабинетинин суу менен камсыз кылуу, саркынды суу жана санитария секторундагы стратегиясын өнүктүрүү, модернизациялоо жана реформалоого багытталган маалымдалган мамлекеттик чечимдерди кабыл алууда көмөк көрсөтүү максатында ишке ашырылат. Компонент ошондой эле суу менен камсыз кылуу жана санитария системаларын туруктуу башкарууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана ИСКАКБ/СМИ сыяктуу кызмат көрсөтүүлөрдүн операторлорунун дараметин күчөтүүгө багытталган.
D компоненти. Долбоорду башкаруу: Бул компоненттин алкагында КР Социалдык фондуна чегерүүлөр менен административдик персоналдын жана штаттын эмгек акысын төлөөгө, консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө жана жабдууларга, мониторинг жана баа (МжБ) системасына жана ички жана тышкы финансылык аудитти кошкондо финансылык башкарууга чыгашалар каржыланат.