Image

Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Бөкөнбаев көч. 102

"Баткен облусунда региондук экономикалык өнүктүрүү" экинчи долбоору (ПРЭР-2)

  

1-таблица. Долбоор жөнүндө кыскача маалымат 

Донору:

Дүйнөлүк банк (ЭӨА тармагы боюнча)

Кредиттин/гранттын номери (макулдашуу боюнча):

Кредит № IDA 7049-KG, Грант IDA D976-KG

ID номери:

P175587

Сектор:

Айыл чарба, шаарды өнүктүрүү

Каржылоонун жалпы суммасы:

50 млн. АКШ доллары

Кредиттин суммасы:

25 млн. АКШ доллары

Гранттын суммасы:

25 млн. АКШ доллары

Тех. жардамдын суммасы:

Каралган эмес

КРӨ салымы (кош каржылоо):

Каралган эмес

Кредиттин шарттары:

Насыя 38 жылдык мөөнөткө берилет, жеңилдетилген мезгил 6 жылды түзөт. Төлөм валютасы - АКШ доллары. Чени - 0,75%.

Географиялык камтуусу (облустар):

Баткен облусу

Инвестициялык саясат боюнча Коркеңешти өткөрүүнүн датасы (протоколдун №, датасы)

30-декабрь 2021-жыл

Донордун Кеңешин өткөрүүнүн датасы (датасы)

3-март 2022-жыл

Сүйлөшүүлөрдүн датасы (буйруктун №, датасы):

15-апрель 2022-жыл

Кол коюунун датасы (буйруктун №, датасы):

20-апрель 2022-жыл

Ратификациянын датасы (мыйзамдын №, датасы):

15-июль 2022-жыл КР № 66 2022-ж.

Долбоордун күчүнө киришинин датасы:

17-август 2022-жыл

Аткаруучу агентство:

Экономика жана коммерция министрлиги (ЭжКМ)

Ишке ашыруучу агентство:

АРИС

Долбоорду ишке ашыруунун башталышы:

7-сентябрь 2022-ж.

Долбоордун жабылышынын датасы:

Декабрь 2027-ж.

Долбоорду каржылоонун жабылышынын датасы:

17-апрель 2028-ж.

Долбоор боюнча мөөнөтүн узартуу (даталар):

-

Тышкы каржылоо боюнча каражаттарды өздөштүрүү (отчеттук мезгилди кошкондо, долбоордун башталышынан баштап өсүп жаткан жыйынтык менен):

Грант: 1 000 000 АКШ доллары

2022-жыл үчүн тышкы каржылоо боюнча каражаттарды өздөштүрүү:

Кредит: №IDA 7049-KG – 0 АКШ доллары

Ички каржылоо боюнча каражаттарды өздөштүрүү (отчеттук мезгилди кошкондо, долбоордун башталышынан баштап өсүп жаткан жыйынтык менен):

Каралган эмес

2022-жыл үчүн ички каржылоо боюнча каражаттарды өздөштүрүү:

Каралган эмес

 

Долбоордун максаты: 

ПРЭР-2 максаты айыл чарба продукцияларын өндүрүүнү көбөйтүү, негизги муниципалдык кызматтарды жакшыртуу жана Баткен облусундагы чакан жана орто ишканалардын ишмердүүлүгүн кеңейтүү аркылуу региондук экономикалык өнүгүүгө көмөк көрсөтүү, ошондой эле ылайыктуу кризис же өзгөчө кырдаал болгон учурда аталган кризиске же өзгөчө кырдаалга токтоосуз жана натыйжалуу жооп берүүнү камсыз кылуу болуп саналат. 

Долбоор Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-майындагы суроо-талабына жооп катары Баткен облусунда максаттуу иш-чаралар аркылуу региондук экономикалык өнүгүүнү активдештирүүгө багытталат, ПРЭР-2 ПРЭР-1ге негизделет жана Ош облусунан Баткен облусуна чейин батышка карай горизонталдык багытта кеңейет. Долбоордун дизайны КРнын артыкчылыктарын жана Баткен облусун 2035-жылга чейин өнүктүрүү программасын эске алуу менен иштелип чыккан. 

Долбоор төмөнкү компоненттерден турат 

1-компонент: Муниципалдык инфраструктураны жана негизги мамлекеттик кызматтарды колдоо (24 миллион АКШ доллары).

Бул компонент ошондой эле Тажикстан менен куралдуу кагылышуудан жабыркаган талашсыз аймактардагы коомдук объектилерди жана мейкиндиктерди реконструкциялоого жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды камтыйт. Компонент максаттуу секторлорго жана региондорго жеке инвестицияларды тартууга көмөктөшүү үчүн мамлекеттик-жеке кызматташтыкты (МЖК) колдойт. 

Бул компоненттин алкагында Кадамжай, Баткен жана Раззаков шаарларынын бардык артыкчылыктуу инвестициялык кичи долбоорлору шаардык кеңештердин сессиясында бекитилет, ал эми Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү чакан долбоорлорду, Долбоордун Байкоочу комитетине (БК) бекитүүгө берет. БКны КР ЭжКМ жетектейт. 

2-компонент: Агро-азык-түлүк кластерлерин бекемдөө (21 миллион АКШ доллары).

Бул компонент тандалган кластерлердин ичинде чакан айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн өндүрүшүн жана өндүрүмдүүлүгүн жакшыртуу, кластердин ичиндеги рыноктун катышуучуларынын ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөө (агробизнес жана чакан айыл чарба өндүрүүчүлөрү) жана кластерлердин ичинде соода жана логистика үчүн керектүү инфраструктураны жайылтуу максатында айрым агро-азык-түлүк кластерлерин өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Долбоор агробизнесте өнөктөштүктү түзүүчү жана ички же экспорттук рынок үчүн өндүрүштү/кайра иштетүүнү көбөйтүүчү инвестицияларга багытталган инвестициялык чакан долбоорлорду аныктоо үчүн атаандаштык тандоо процессин колдонот. Бул компоненттин алкагында төмөнкү багыттар боюнча 15ке жакын кошумча нарк чынжырчасы (КНЧ) колдоого алынат*: Өрүк, Алча, Күрүч, Шабдалы, Жүзүм, Алма, Сүт, Эт. 

*- бул багыттар потенциалдуу болуп саналат жана изилдөөнүн жана талдоонун жыйынтыктары боюнча долбоорду ишке ашыруу учурунда толукталышы мүмкүн. 

Насыялоонун катышуучулары жана суммалары: 

  • Бир фермерге - 10 миң АКШ долларына чейинки суммадагы товарлар (сом менен барабар);
  • Фермерлердин, кооперативдердин тобуна, үрөнчүлүк чарбаларына, асыл тукум чарбаларына 200 миң АКШ долларына чейинки суммадагы товарлар (сом менен барабар);
  • Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай ишканалары, соода-логистикалык компаниялар, Айыл чарба товарларын жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр үчүн 250 миң АКШ долларына чейинки суммадагы товарлар (сом менен барабар). 

Алынган сумманы кайтаруу механизми жана насыя боюнча пайыздык чен Министрлер Кабинетинин чечими боюнча аныкталат (сунушталган чен - 1%). 

Айыл чарба министрлиги (АЧМ) долбоордун алкагында айыл чарба ишинин артыкчылыктарын жана максаттарын аныктоого, ошондой эле 2-компоненттин алкагында инвестицияларды аныктоого жана бекитүүгө жооптуу болот. 

Бул максатта АРИСтин катчылык колдоосунда КР АЧМ жетектеген Өндүрүмдүү өнөктөштүктөрдү тандоо боюнча комитет (КОПП) түзүлөт. КОПП ЭжКМ, ФМ, аймактык жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнөн жана жарандык коомдун мүчөлөрүнөн турат. Өндүрүмдүү өнөктөштүк боюнча Комитет табыштамаларды баалоо жана бекитүү жана компоненттин алкагында максаттуу инвестициялардын чакан программаларын ишке ашырууну көзөмөлдөө үчүн жооп берет. 

3-компонент: Чакан гранттар программасы (2 миллион АКШ доллары) аркылуу жергиликтүү экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү.

Ишкердик тажрыйбаны өркүндөтүү аркылуу жергиликтүү экономикалык өнүгүүгө дем берүү максатында, долбоор окутуу программасы жана чакан гранттар аркылуу чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт. 

Катышуучулар, критерийлер жана гранттык колдоонун суммасы:

Катышуучу/бенефициар грант алуу үчүн Кыргыз Республикасынын жараны болушу жана Баткен облусунда жашашы (каттоосунун болушу) керек. Биринчи этапта, бир бенефициар үчүн берилүүчү чакан гранттын максималдуу суммасы 10 000 долларга чейин болот. Бенефициарлардын акчалай салымы гранттын суммасынын кеминде 20% түзүшү керек. Эгерде биринчи этап ийгиликтүү аяктаса, бенефициарлар ишкердик ишин өркүндөтүү жана андан ары өркүндөтүү үчүн экинчи билдирме берүүгө укуктуу. Экинчи этапта чакан гранттын максималдуу суммасы 20 000 АКШ долларын түзөт. Бенефициарлардын салымы ошого жараша жогорулайт жана алынган гранттын суммасынын кеминде 50% түзөт. 

Бул компонентти ишке ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн КР ЭжКМ Чакан гранттар программасы боюнча комитетти уюштурат жана жетектейт жана анын ишин колдойт. Комитеттин курамына ФМ, ЭКМ, АЧМ, ДИБ, аткаруу бийлигинин облустук жана жергиликтүү органдарынын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү кирет. Бенефициарларды тандоонун критерийлери жана механизми Чакан гранттар боюнча колдонмодо кеңири баяндалат. 

4-компонент: Күтүлбөгөн өзгөчө кырдаалдарга жооп берүү үчүн компонент (CERC).

Кризиске же өзгөчө кырдаалга, анын ичинде климатка байланыштуу табигый кырсыктарга жооп бергенден кийин, алуучу Банктан өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтарууну жана калыбына келтирүүнү колдоо үчүн долбоордун каражаттарын кайра бөлүштүрүүнү суранса болот. Каржылоого укуктуу өзгөчө кырдаал - бул Карыз алуучуга табигый кырсыкка байланыштуу олуттуу экономикалык жана / же социалдык терс таасирлерди жараткан же сөзсүз түрдө алып келиши мүмкүн болгон окуя. Бул компоненттин алкагында Кыргыз Республикасы өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүнү колдоо жана калыбына келтирүү үчүн Банктан Долбоордун каражаттарын кайра бөлүштүрүүнү суранышы мүмкүн. 

5-компонент: Аткарымдык колдоо (3 миллион АКШ доллары).

Бул компонент долбоорду ишке ашырууну, анын ичинде долбоорго мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын, коммуникациялык стратегияны, коргоо шаймандарын колдонууну, окутууну жана долбоорду ишке ашыруучу агентствонун кошумча операциялык чыгымдарын каржылоону колдойт.