Мобилизациялоо боюнча кадамдар
1-кадам. Алдын ала мобилизациялоо
1.1. Мобилизациялоо боюнча кампания ишке киргенге чейин жамааттарды өнүктүрүүнү колдоо боюнча эксперттер жана жамааттарды мобилизациялоо боюнча команда ар бир катышкан айылдык кењеште бир же андан ашык киришүү семинарларын өткөрөт. Чакырылгандардын тизмесине айылдардын лидерлери жана активисттери, айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдын старостасы, айылдык кењештин депутаттары, аксакалдар, саламаттыкты сактоонун жана билим берүүнүн кызматкерлери, ӨЭУлардын, жамааттык уюмдардын, ресурстарды пайдалануучулардын ассоциацияларынын, жамааттардын, маалелердин жана ишканалардын лидерлери, ошондой эле жарандык сектордун башка өкүлдөрү киргизилет. Чакырылгандардын курамы өткөрүү ордуна жараша өзгөрүшү мүмкүн. Семинар максималдуу келүү жана катышуу камсыз кылына турган учурда жана жерде өткөрүлүүгө тийиш.
1.2. Киришүү семинарынын эки миилдети болот. Биринчиси — лидерлерди жана активисттерди долбоор: милдеттер, ыкмалар, жол-жоболор, талаптар жана катышуучулардын милдеттери жөнүндө маалымдоо, ошондой эле мобилизациялоо процессин жана айылдын мобилизаторунун ойдогудай сапаттарын баяндоо. Экинчиси айылды мобилизациялоо жагынан иш жүргүзүүнү каалаган жана бул миссияны аткарууга жөндөмдүү талапкерлердин тизмесин түзүүдө турат.
1.3. Айылдын мобилизаторунун ролу айылдын дењгээлинде Долбоорду турмушка ашырууга көмөктөшүүдө, ААКтын мотиваторунун, фасилитаторунун жана формалдуу эмес катчылыгынын функцияларын аткарууда турат. Айылдын мобилизаторлору мобилизациялоо боюнча команданын жетекчилиги астында иштейт. Айылдын мобилизаторлорунун милдеттеринин кењири спектри болот, алардын ичинде төмөнкүлөр бар:
- долбоор жөнүндө мекендештерге түздөнтүз маалымдоо;
- бардык үй чарбаларына долбоордук маалыматты берүү үчүн маалымат системасын түзүү;
- айылдык маалымат стенддерин колдоо;
- айылдын профайлын даярдоону уюштуруу жана контролдоо;
- өздөрүнүн муктаждыктарын жана артыкчылыктарын конкреттүү баяндоодо жана аларды тиешелүү микродолбоордук сунуштарга трансформациялоодо жардам көрсөтүү үчүн конкреттүү таламдары бар топтордун мүчөлөрүн чакыруу;
- микродолбоордук топторду түзүүгө жана сунуштарды даярдоого таламдаш тараптарды стимулдаштыруу;
сунуштарды даярдоо учурунда микродолбоордук топторду колдоо; - жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүн топтордун динамикасына, презентациялоо тажрыйбаларына жана микродолбоордук сунуштарды даярдоого окутуу, ошондой эле зарылчылык болгон учурда атайын тренингдерди баштоо;
- ААКтын жана ЖИКтин катчылыгынын жана маалымат таркатуучусунун милдеттерин аткаруу;
- алдын ала натыйжалары ААКтын «Отчеттор жана келечектер» деген ар жылдагы ачык чогулушунда сунуш кылына жана талкуулана турган пландаштыруунун жылдык циклин аяктоо учурунда биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча ишчараларды жүргүзүүдө ААКка жардам берүү, ошондой эле пландаштыруунун кийинки циклиндеги айылдын биринчи чогулушунда биргелешкен мониторингдин жана баа берүүнүн биротоло натыйжаларын презентациялоо.
1.4. Семинарды(семинарларды) өткөргөндөн кийин жаматтарды өнүктүрүүнү колдоо боюнча эксперттер жана жамааттарды мобилизациялоо боюнча команда айылдын мобилизаторунун позициясына потенциалдуу талапкерлер менен интервью өткөрөт жана алда канча келечектүү талапкерди тандайт, аны окутуучу программадан өтүүгө чакырат. Айылдардын мобилизаторлору эки адамдан — аялдан жана эркектен турган, чакан айылга бир адам жана чоњ айылга бир команда деген болжолдуу катыштагы командаларда иштейт. Эркектерден, ошондой эле аялдардан турган топтор айылдын профайлын даярдоо менен байланышкан көнүгүүлөрдү эркин өткөрүүнү, ошондой эле бул ишке аялдардын катышуусун камсыз кылат.
2-кадам. Мобилизациялоо (болжол менен бир ай)
2.1. Баштапкы мобилизациялоо программасы төмөнкүдөй беш милдетти камтыйт:
- үй чарбаларында же формалдуу эмес кварталдык чогулуштарда индивидуалдуу жолугушуулар аркылуу бардык тургундарга жеткирүү;
- төмөндө кыскача баяндалган айылдын профайлын жергиликтүү калктын катышуусу менен даярдоо;
- жергиликтүү калктын ар кандай социалдык катмарларынын(эркектер, аялдар, кары-картањдар, эмгекке жараксыздар, жакырлар) артыкчылыктуу керектөөлөрүн жана милдеттерин аныктоо;
- билдирилген жеке таламдаштыктын жана формалдуу эмес сунуштардын негизинде микродолбоордук топтордун лидерлерин мүмкүн болгон даражага чейин алдын ала аныктоо;
- маалымат алышуунун структуралык тармагын түзүү, буга кварталдык волонтерлорду, мектептердеги жарыяларды, жарыясы бар стенддерди жана бардык долбоордук маселелер боюнча маалыматты натыйжалуу жана ачык таркатуу үчүн долбоордун жүрүшүндө пайдаланууга мүмкүн болгон башка каражаттарды кошууга болот.
2.2. Айылдын профайлы мобилизациялоонун, пландаштыруунун, мониторингдин жана баа берүүнүн эмпирикалык негизи болуп кызмат кылат. Жамааттарды мобилизациялоо боюнча командалардын колдоосу, кењеши жана катышуусу аркасында айылдын мобилизатору тарабынан көпчүлүк өлчөөлөрдө айылды талдоонун талаа ыкмалары, анын ичинде төмөнкүлөр колдонулат:
- акыркы эки-үч он жылдыктын ичиндеги тарыхый маалыматтар,
- экономикалык структура,
- ресурстук база,
- физикалык инфраструктура,
- социалдык инфраструктура,
- социалдык структура — калктын ар кандай катмарларынын, өзгөчө чабал топторунун өлчөмү жана статусу,
- социалдык динамика — топтордун ортосундагы мамилелер — атап айтканда, кошуу жана алып салуу системасы,
- өнүктүрүү муктаждыктары жана артыкчылыктары,
- социалдык капитал — салтка айланган жана учурдагы бирикмелер, уюмдар, тармактар,
- тышкы агентстволор менен кызматташтыктын тажрыйбасы,
- маалымат булактары жана аларга жеткиликтүүлүк,
коммуникациялык моделдер.
2.3. Айылдын профайлын пайдалануу менен, жамааттарды мобилизациялоо боюнча командалар айылдын мобилизаторуна айылдын биринчи жыйналышында талкууну баштоо үчүн презентацияны иштеп чыгууга жардам берет.
3-кадам. Айылдын биринчи чогулушу
3.1. Долбоорго катышууга алгылыктуу параметрлерди түзүү үчүн айылдын биринчи чогулушуна(ал эми зарылчылык болгон учурда кийинкилерине) айылдыктардын кыйла бөлүгү келүүгө тийиш. Чогулуштарга айылдыктардын келишинин минималдуу талаптары процесс башталганга чейин жамааттарды мобилизациялоо боюнча командалар менен консультацияларда белгиленет. Айылдын старостасы тургундарга чогулушту өткөрүүнүн убактысы жана орду жөнүндө жана өкүлчүлүктүү катышуу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө маалымдайт.
3.2. Айылдын биринчи чогулушунда же, зарылчылык болгон учурда — кийинки чогулуштарында, төмөнкүдөй төрт негизги максатка жетишилүүгө тийиш:
- айылдын профайлынын натыйжаларын презентациялоону жана талкуулоону жүргүзүү, ар кандай топтордун муктаждыктарын, артыкчылыктарын, ресурстарын жана каалоолорун айкындоо, ошондой эле айылды өнүктүрүүнү пландаштырууда аларды колдонуу;
- айылдын дењгээлинде артыкчылыктуу муктаждыктарды макулдашуу;
- артыкчылыктуу муктаждыктарды канааттандыруу үчүн артыкчылыктуу аракеттерди жана инвестицияларды(микродолбоорлорду) макулдашуу; катышуучуларды микродолбоордук топторду жана/же микродолбоордук топтордун лидерлерин өзалдынча аныктоого чакыруу;
- тартуу боюнча колдонмого ылайык ААКтын мүчөлөрүн тандоо(башкача айтканда, ААКка аялдарды, жаштардын өкүлдөрүн жана коомчулуктун жакыр мүчөлөрүн кошуу).
3.3. ААК алты же андан ашык мүчөнү камтыйт. Анын курамына коомчулуктун алда канча кадыр-барктуу мүчөлөрү, айылдын лидерлери жана активисттери, ошондой эле төмөнкүдөй үч топтун: аялдардын(кеминде экөө), жаштардын жана калктын жакыр катмарларынын өкүлдөрү кирүүгө тийиш. Айылдардын мобилизаторлору ААКтын курамына кире албайт же микродолбоордук топко жетекчилик кыла албайт.
3.4. Айылдын биринчи чогулушунун натыйжаларына протоколдун стандарттык үлгүсүнө ылайык протокол түзүлөт. Чогулуштардын протоколдору өзүнчө папкада сакталат, ал эми көчүрмөлөрү жаматтарды мобилизациялоону колдоо боюнча экспертке берилет.
4-кадам. Микродолбоорду даярдоо (болжолдуу мөөнөтү — бир ай)
4.1. Айылдын инвестициялык комитетинин жыйналышы айылдын биринчи чогулушунан кийин тезарада өтөт, кийинкилери кварталына кеминде бир жолу чогулат. Айылдын биринчи чогулушунда макулдашылган артыкчылыктардын негизинде микродолбоордук топтор түзүлөт. Зарылчылык болгон учурда айылдын мобилизатору кошумча мүчөлөрдү издөөдө жана сунуштарды даярдоодо микродолбоордук топтордун лидерлерине жардам көрсөтөт.
4.2. Айылдын экинчи чогулушуна чейин мобилизатор микродолбоордук сунуштардын мањызы жана максаты жөнүндө маалыматты таркатууга жана сунуштардын көчүрмөлөрүн коомдук жерлерге орнотулган маалымат стенддерине илүүгө тийиш.
5-кадам. Айылдын экинчи чогулушу
5.1. Айылдын экинчи чогулушунда да Долбоорго катышууга укук алуу үчүн калктын келишинин минималдуу дењгээли камсыз кылынууга тийиш. Келүү боюнча минималдуу талаптар өнөктөш агентстволор менен бирдикте аныкталат жана Долбоор турмушка ашырылганга чейин жарыяланат.
5.2. Айылдын экинчи чогулушунда же, зарылчылык болгон учурда — кийинки чогулуштарында, төмөнкүдөй максаттарга жетишилүүгө тийиш:
- микродолбоордук сунуштарды талкуулоо жана ЖИКке сунуш кылуу үчүн артыкчылыктуу ранжирлөө боюнча макулдашуу, андан соњ инвестициялык стратегияга же ЖИКке кошуу;
- Айылдын инвестициялык комитетинин кењейтилген курамын тандоо жана бекитүү;
- ЖИКте айылдык коомчулуктун атынан иш алып баруучу Айылдын инвестициялык комитетинин мүчөлөрүн тандоо;
- ЖИБдин Конференциясында айылдын атынан иш алып баруучу ААКтын жана коомчулуктун мүчөлөрүн тандоо
5.3. Экинчи чогулуштун натыйжаларына протоколдун стандарттык үлгүсүнө ылайык протокол түзүлөт. Протоколдор папкада сакталат, ал эми көчүрмөлөрү жаматтарды мобилизациялоону колдоо боюнча экспертке берилет. Микродолбоордук сунуштар менен катар айылдын эки чогулушунун протоколдорунун көчүрмөлөрү жергиликтүү инвестициялык комитетке берилүүгө тийиш.
6-кадам. Микродолбоордук сунуштун биротоло вариантын даярдоо
6.1. ЖИК финансылоо үчүн микродолбоорлорду тандагандан кийин тиешелүү микродолбоордук топтор сунуштун ийне-жибине чейинки вариантын, анын ичинде биротоло дизайнды, спецификацияларды, материалдардын тизмесин, айылдын салымын(накталай, материал жана эмгек менен), бюджеттерди жана башкаруу менен туруктуулуктун пландарын даярдайт. Ийне-жибине чейинки сунуштар карап чыгууга жана жактырууга ЖИКке берилет, андан соњ жаматтарды өнүктүрүүнү колдоо боюнча эксперт (ал АРИСти билдирет), ЖИК жана микродолбоордук топтун лидери үч тараптуу келишимге кол коет.
6.2. Зарылчылык болгон учурда айылдын мобилизатору даярдык этабында маалыматты чогултууга жана ресурстук салымдарды мобилизациялоого жардам берет. Ал ошондой эле жетишилген прогресс жөнүндө жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүнө маалымдоо үчүн мүмкүн болгон бардык билдирүү каражаттарын пайдаланат.
7-кадам. Микродолбоорлорду турмушка ашыруу
7.1. Айылдын мобилизаторлору микродолбоорлорду турмушка ашыруунун жүрүшүндө билдирүүнүн мүмкүн болгон каражаттарын колдойт жана коомдук жерлердеги стенддерге отчетторду илүүнү камсыз кылат. Зарылчылык болгон учурда алар ошондой эле эмгектик салымды жана жана башка формадагы салымды мобилизациялоодо жана уюштурууда микродолбоордук топторго жардам берет.
8-кадам. Отчеттуулук жана келечектер
8.1. Финансылык жылдын аягында айылдын мобилизатору «Отчеттуулук жана келечектер» деген ар жылдагы ачык чогулушка даярдык көрүүдө Айылдын инвестициялык комитетине көмөк көрсөтөт. Буга байланыштуу ал биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча ишчараларды жүргүзөт, алар Мониторинг жана баа берүү боюнча операциялык колдонмонун бөлүмүндө баяндалат. «Отчеттуулук жана келечектер» деген чогулуш Долбоордук, ошондой эле жергиликтүү ресурстарды пайдаланууда маалымдуулукту күчөтүү боюнча милдетти аткарат. Чогулуш микродолбоорлорду пландаштыруу жана турмушка ашыруу процессине катышуу учурунда алынган тажрыйбаны талдайт.
8.2. Чогулушта төмөнкүлөр талкууланат: биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча ишчаралардын натыйжалары; жыл ичинде аткарылган микродолбоордун (-лордун) прогресси жана натыйжалары; микродолбоорлордун финансылык отчеттору; келип чыккан проблемалар жана микродолбоорлорду турмушка ашыруунун жүрүшүндө жетишилген ийгиликтер; келечектеги иште пайдалануу зарыл болгон сабактар; пайдаланылбаган мүмкүнчүлүктөр; артыкчылыктар, топторду түзүү жана башкаруу, ошондой эле микродолбоорлордун таасиринин радиусун көбөйтүү ыкмалары жагынан кийинки микродолбоордук цикл үчүн тыянактар жасалат. Чогулуштун протоколу маалымат стендине илинет, ал эми натыйжалар кийинки микродолбоордук циклдеги айылдын биринчи чогулушунда талкууланат.