Image

Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Бөкөнбаев көч. 102

Тармакты өнүктүрүүгө бардыгын камтыган жана натыйжалуу мамиле кылуу максатында мал чарбачылыктын продукциясын сатып өткөрүү жана кайра иштетүү жолунда тоскоолдуктарды четтетүү зарылдыгын бүгүнкү күндө эч ким талашпастыр. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кошумча инвестицияларды тартуу, кайра иштетүү өнөр жайынын дараметин жана мал чарбачылык секторунда бардык агроөнөр жай комплексинин продукциясынын атаандаштыкка карата жөндөмдүүлүгүн  өстүрүү үчүн кошумча инвестицияларды тартуу боюнча иш жүргүзүлүп жатат. Бул максатта ЭАӨФ «Рынокторго чыгууну камсыздоо» долбоорун (ПОДР) колдоо үчүн 25,4 млн. АКШ долларын берет.

Жооп: Долбоордун милдети кирешелердин көбөйүшүнө жана тең укуктуулугуна алып келе турган пайдалуу рыноктордо өзүнүн продукциясын сатып өткөрүү үчүн майда мал чарбачыларга жеткиликтүүлүктү жана интеграцияны жакшыртууда камтылган. Долбоорду ишке ашыруунун натыйжалуулугунун негизги инидкаторлору болуп Долбоорду ишке ашыруунун зонасында 28 000 айылдык үй чарбалар саналат, алар продукцияны ишке ашыруудан өзүнүн кирешелерин жогорулатат; баштапкы деңгээлге салыштырмалуу 10%га балдардын арасында жайылтылган начар тамактанууну азайтуу.
 
Максатка жетишүүнүн негизги индикаторлору болуп Долбоорду ишке ашыруунун зонасында максаттуу фермерлер сатуучу мал чарбачылык продукциясынын наркы саналат, ал 30 % жогорулайт; фермердик чарбада иштин эсебинен 2 800 туруктуу иш оруну (40 % аялдар) түзүлдү, кайра иштетүү пункттарынын жана жаңы айылдык ишканалардын санынын көбөйүшү.

Жооп: Долбоорду башкаруу АДИБ жана АРИС аркылуу ишке ашырылат, алар Долбоорду координациялоо жана ишке ашыруу үчүн жоопкерчилик тарткан эки негизги мекеме болуп саналат. Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдарга (ӨТЖ) АДИБ жана АРИС ортосунда, ошондой эле АДИБ жана башка ишке ашыруучу өнөктөштөр ортосунда кол коюлат, алар үчүн жоопкерчилик АДИБге жүктөлөт.

Жооп: Сүт жана эт продукциясынын кошулган нарк тутумунун мүнөздүү моделдерин эске алуу менен, жабдууларга (кредит жана гранттар) инвестициялар көз карашынан алганда, Долбоор 25 600 түз бенефициарларды жана 2 800 жумушчуларды жана фермердик жумушчуларга жакынды камтыйт. Кошумча пайдалардын жалпы көлөмүнөн үчтөн экиси чакан фермерлерге туура келет, алардын сатылуучу продуктусунун үлүшү эң жок дегенде 30 % өсөт.

Жооп: Селекцияны жакшыртуу жана туура тоюттандырууга ылайык сүттүн сааны эң жок дегенде 25 % өсөт. Мындан тышкары, Долбоордун мал чарбачылык продукциясына кошулган нарк тутумун өнүктүрүүгө инвестициялоонун аякташынан кийин жыл сайын чегерилүүчү салыктар жана жыйымдар түрүндө мамлекеттик бюджет толтурула тургандыгы болжолдонууда.

Долбоор экспорттук рыноктордо мал чарбачылык продукцияны өндүрүү, кайра иштетүү, ишке ашырууга кошулган нарк тутумуна аларды тартуу жолу менен чакан фермедик чарбалардын кирешелүүлүгүн көбөйтүүгө шарт түзөт. Сүт (уйдун, бээнин, эчкинин), кызыл эт (ИММ, ММ, топоз ж.б.) жүн жана балчылык продукциясы сыяктуу продуктулар боюнча 70 ашык тутумдарды түзүү каралат. Долбоор ошондой эле КНТ каржылоо үчүн финансылык институттардын мүмкүнчүлүктөрүн колдонууга шарт түзөт, атап айтканда Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен кызматташтык жөнүндө келишим жетишилген.

Жооп: Долбоор боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашуу боюнча лабораторияларды оңдоо/реконструкциялоо жана аларды зарыл жабдуулар менен жабдуу жолу менен мамлекеттик жана жеке ветеринардык кызматтарды күчөтүү; ички ветеринардык постторду оңдоо, айылдык аймактарда жана шаарларда биологиялык калдыктарды утилизациялоо үчүн крематорлорду сатып алуу жана орнотуу; жеке ветеринарлардын дараметин чыңдоо каралган. Долбоордун каражаттарына ветеринардык лабораторияларды эл аралык аккредитациялоо жүргүзүлөт. Мал чарбачылык жана жайыттар жана ветеринария боюнча илимий-изилдөө институттарына колдоо көрсөтүү улантылат.

Ошондой эле суюк азотту өндүрүү боюнча заводдорду куруу пландалууда жана региондор боюнча жасалма уруктандыруу үчүн азотту транспортировкалоо үчүн атайын унаалар сатылып алынды.

Жооп: Салынган инвестициялар натыйжаларга жетишүү жана төмөндөгүлөрдөн пайда алууга шарт түзөт:

  • жакшыртылган салымдарды/технологияларды жана кеңейтилген мал чарбачылыкты колдонуудан улам мал чарбачылыктын жогорулатылган өндүрүмдүүлүгү жана мал чарбачылык продукциянын көбөйүшү;
  • айыл чарба жана азык-түлүк продукциясынын сапатын жана коопсуздугун жакшыртуу;
  • инновациялык технологиялар аркылуу сүт жана эт продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү мезгилинде коромжуларды кыскартуу;
  • мал чарбачылык продукцияны экспорттону кайра жандандыруу жана көбөйтүү;
  • малдын жакшыртылган санитардык системасы;
  • ири жана узак мөөнөттү кредиттерге жеткиликтүүлүктү кеңейтүү;
  • айыл чарба жана айыл чарба эмес дагы ишмердиктин түрлөрүндө ишке орношуунун, жалдоо же болбосо үй-бүлөлүк эмгектин жогорулатылган деңгээли;
  • салык салынуучу продукциянын көлөмүн көбөйтүүнүн натыйжасында салыктык түшүүлөр.

АРИС ишке ашырган ПСИ-3 долбоорун ишке ашыруунун алкагында, Германиянын өнүктүрүү банкынын «KfW» жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (ЭӨА) финансылык колдоосу менен ПСИ-3 командасы тарабынан социалдык жана курчап турган чөйрөгө таасир көрсөтүүдөн коргоо чаралары менен байланыштуу маселелерди, курулушта мониторинг маселелерин чечүү үчүн натыйжалуу механизмдер иштелип чыккан.

Жооп: Долбоордун бенефициарлары – долбоорлор таасир тийгизген адамдар (башкача айтканда, түз же кыйыр түрдө Долбоор оң же терс таасир көрсөтө тургандар) ошондой эле жалпысынан калк бизге оозеки же жазуу формасында кайрыла алат.

Жооп: Негиз катары курчап турган чөйрөнү коргоо («Операциялык саясат (ОП) 4.01 «Экологиялык баалоо») жаатында Дүйнөлүк банктын (ДБ) саясатын багыттаган жана жөнгө салган документ алынган.

Экологиялык баалоо – бул Дүйнөлүк банктын каржылоосу берилген долбоорлор ылайык келүүгө тийиш болгон он «сактык саясатынын» бири. Негизги саясаттар ДБ каржылаган долбоорлордун потенциалдуу жагымдуу эмес социалдык жана экологиялык кесепеттерин камсыздоо, минималдаштыруу жана жумшартуу максатында кабыл алынган.

Жооп: ДБ кабыл алган коопсуздук чаралары боюнча саясаттын он пункту төмөндөгүлөргө карата долбоорлорду кредиттөөгө байланыштуу анын талаптарын аныктайт:

  1. экологиялык баалоо (4.01);
  2. табигый жашоо чөйрөсү (4.04);
  3. зыянкечтер менен күрөшүү (4.09);
  4. маданий мурастар (4.11);
  5. токойлор (4.36);
  6. дамбалардын коопсуздугу (4.37);
  7. аргасыз көчүү (4.12);
  8. жергиликтүү калк (4.10);
  9. эл аралык суу жолдору (7.50);
  10. талаш аймактар (7.60).

Экологиялык баалоонун максаты болуп социалдык-экономикалык чөйрөгө кандайдыр бир чакан долбоордун/микродолбоордун потенциалдуу оң же терс таасир көрсөтүүсүн баалоо, адамдарга же курчап турган чөйрөгө потенциалдуу терс таасир көрсөтүүнүн алдын-алуу же минимумга келтирүү үчүн зарыл чараларды аныктоо, ошондой эле Долбоорду ишке ашыруунун мезгилинде мындай чараларга көзөмөлдү ишке ашыруу үчүн базаны камсыздоо саналат.

Долбоордук ишмердик менен байланыштуу кээ бир тобокелчиликтер чаң, ызы-чуу жана вибрациялардын пайда болушу, транспорттук каражаттардын жана техниканын кыймылы, курулуш материалдарын үйүлүп калышы жана курулуш материалдарынын жана сыныктардын топтолушу, курулуш калдыктарын, асбестти  туура эмес утилизациялоо, ККМ олуттуу эмес эксплуатациялык жана кокус коромжулары, жумуштар аяктагандан кийин курулуш аянттарын сапаттуу эмес калыбына келтирүү, ошондой эле жумуштарды жүргүзүүдө эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы түрүндө болушу мүмкүн.

Жооп: ОУОСС ылайык ар бир чакан долбоор/микродолбоор үчүн курчап турган жана социалдык чөйрөнү башкаруунун жеке планы же социалдык жана экологиялык таасир көрсөтүүлөр, экологиялык мониторинг жана институционалдык жоопкерчиликти жумшартуу боюнча чаралардын комплексин интеграциялоо менен жумуштардын көлөмүнө жана долбоордун татаалдыгын эске алуу менен кыскартылган ПУОСС (ПУОСС чек-барагы) даярдалат. Жеке ПУОСС тендердик документациянын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

Жооп: Долбоор бонча көздөлгөн жумуштар келтирген жерден ажыратуу жана көчүрүү таасир көрсөтүүсү үчүн жумшартуу жана компенсация берүү боюнча тийиштүү чараларды иштеп чыгуу боюнча жетектөөчү документ болуп ДБ 4.12 Аткарымдык саясатынын негизинде иштелип чыккан жана ДБ менен талкууланган жана макулдашылган, өлкөнүн ичинде жарыяланган (2014-жылдын декабры) Көчүрүү саясатынын негиздери (ОПП) саналат.

ОПП жерден ажыратуу, жерге же кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү чектөө, ошондой эле мүлктү жоготууну божомолдогон бардык иш чаралар үчүн негиз болуп саналат. ОПП аркылуу жерге же курулмаларга жерди пайдалануу/жеткиликтүүлүккө мүмкүн болгон таасир көрсөтүүнүн (убактылуу же туруктуу) масштабдарын көрсөтүү менен Долбоорду ишке ашыруудан мүмкүн болгон таасир көрсөтүүлөр аныкталат, ошондой эле компенсацияны берүү жана көчүрүүдө жардам берүүнүн суммалары жана жол-жоболору аныкталат.

Жооп: Ар бир конкреттүү чакан долбоор/микродолбоор боюнча зарылдыгына жараша ОПП боюнча документте берилген сунуштар жана жол-жоболорго таянып, көчүрүү боюнча аракеттердин конкреттүү пландары (ПДП) иштелип чыгат.

ПДП долбоордун таасири тийген тараптарды консультациялоодо ОПП жол-жоболорунун негизинде түзүлөт. Даярдалган ПДПлар комментарийлерди алуу үчүн жергиликтүү бийликке жана кызыкдар ӨЭУ жана ЛПВП жиберилет. Жалпыга билдирүүнүн натыйжасында алынган комментарийлерди киргизип жана АРИСтин жетекчилиги бекиткенден кийин, ОПП жол-жоболоруна ылайык ПДП расмий түрдө Дүйнөлүк банкка ОР 4.12 жана башка тийиштүү саясаттарды / жол жоболорду сактоону камсыздоо максатында сереп үчүн расмий жиберилүүгө тийиш. Коомдук угуулардан кийин документти АРИСтин расмий веб-сайтында жарыялоо пландалууда.

Жооп: Коомдук консультацияларды жүргүзүүнүн максаты болуп чакан долбоор/микродолбоор жөнүндө жергиликтүү тургундарды кабардар кылуу саналат жана тургундар менен консультацияда алардын пикири боюнча чакан долбоорду/микродолбоорду ишке ашыруу процессинде келип чыгышы мүмкүн болгон экологиялык же болбосо социалдык мүнөздөгү ар кандай терс маселелерге карата өзүнүн пикирин билдирүү сунушталат. Коомдук консультацияда көтөрүлгөн ар кандай ойго сырялык маселе ПУОССко киргизилүүгө тийиш. Ошентип, адамдардын пикири чакан долбоорду/микродолбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө эске алынат.

2017-жылдын августунан баштап АРИСте Кайтарым байланыш механизми (КБМ/ДКМ) жайылтылган. Эми бенефициарлар АРИСтин долбоорлорун, анын ичинде ПСИ-3 долбоорун ишке ашыруу боюнча ар кандай суроолор боюнча кайрыла алат.

Кайрылууларды жана даттанууларды кароо жол-жоболору чагылдырылган Жетекчилик иштелип чыккан, АРИСтин кызмат адамдары ортосунда милдеттер бөлүштүрүлгөн жана бардык бенефициарлардын кайрылууларын кароонун механизми баяндалган. Бул жетекчилик өзүнүн аракети менен АРИС ишке ашырган бардык долбоорлорду камтыйт, анын талаптарын АРИСтин бардык кызматкерлери жана консультанттары карманууга тийиш.

ПСИ-3 долбоорунун алкагында жарандардын бардык кайрылуулары жана даттануулары кийинки иштетүү жана контролдоо (жазуу, же болбосо оозеки формада КБМ каналдары боюнча) үчүн бирдиктүү системага жиберилүүгө тийиш, мында АРИСтин кызматкерлери Жетекчиликтин шарттарына ылайык бул документти кабыл алууга жана катоону жүргүзүүгө милдеттүү.

Кайрылууларды берүүнүн каналдары жөнүндө толугураак маалымат менен төмөндөгү шилтеме боюнча тааныша аласыздар.