Ош облусунда жана Ош шаарында "Региондук экономикалык өнүктүрүү” долбоору
Ош облусунда жана Ош шаарында “Региондук экономикалык өнүгүү” долбоору жеке сектордун өнүгүшүн стимулдаштырууга жана региондук өнүгүү борбору катары кызмат кыла турган шаардык борборлордун потенциалын жогорулатууга басым жасап, региондук экономикалык өнүгүүнү камсыз кылууга багытталат.
“Региондук экономикалык өнүгүү” долбоорунун максаты болуп, Дүйнөлүк банк тарабынан Кыргыз Республикасынын (КР) Министрлер Кабинетине туризм жана айыл чарба чөйрөсүндө максатка багытталган иш чаралар аркылуу экономикалык жана региондук өнүктүрүүнү күчөтүүдө жана Ош облусунун, Ош шаарынын институционалдык потенциалын көтөрүүдө колдоо көрсөтүү болуп саналат.
Долбоор иш орундарын түзүүгө, жакырчылыкты кыскартууга шарт түзүп, айыл чарба продукциясынын кошумча нарк тутумун түзүү жана өнүктүрүү, туризмди өнүктүрүүгө көмөктөшүп, Ош облусунда жана Ош шаарына комплекстүү негизде экономикалык жана региондук өнүгүү колдоого алат.
2020-жылдын 12-майында Бишкек шаарында кол коюлган КР жана Дүйнөлүк банктын ортосундагы Ош облусунда жана Ош шаарында “Региондук экономикалык өнүктүрүү” долбоору боюнча каржы Келишими ошол жылдын 7-декабрында күчүнө кирген.
Долбоордун географиялык камтуусу:
Долбоор Ош облусунун бардык айылдарын, айыл аймактарын, чакан шаарларын, райондорун жана Ош шаарын камтыйт:
- Айыл чарба чөйрөсүндө: Ош облусунун бардык 7 району;
- Туризм чөйрөсүндө: Ош жана Өзгөн шаарлары;
- Чакан гранттар программасында: Ош облусунун 7 району.
Долбоордун жалпы суммасы – 60 млн. АКШ долл. (30 млн. АКШ долл. - кредит; 30 млн. АКШ долл. - грант).
Ишке ашыруу мөөнөтү – 2021-2026 жылдар.
Долбоордун компоненттери:
1-компоненти. “Региондук экономикалык пландаштырууну жана регулятивдүү функцияларын жакшыртуу”.
Бул компонент региондук экономикалык өнүгүүнү борбордук жана региондук деңгээлде пландаштыруу потенциалын түзүүгө жана Ош облусундагы тиешелүү мамлекеттик органдарга негизги мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча өз ыйгарым укуктарын аткарууга мүмкүнчүлүк берүүгө багытталган.
Подкомпоненттери:
1.1 Региондук экономикалык пландаштырууну жакшыртуу.
1.2 Негизги айыл чарба кызматтарын жана жөнгө салуу функцияларын жакшыртуу.
2-компоненти. “Айыл чарба азыктарынын ошондой эле чакан жана орто ишканалардын товарларын жеткирүү тутумдарын бекемдөө”.
Бул компонент айыл чарбасында кошумча нарктын тутумдарын бекемдөөгө, ошондой эле туризмди жана айыл райондорунда чакан жана орто ишканаларын өнүктүрүүгө багытталган жеке секторун өнүктүрүүдө инвестицияларга топтолгон.
3-компоненти. “Туризм жана шаарды өнүктүрүү үчүн тездетүүчү инвестициялар”.
Аталган компонент төмөнкүлөргө багытталган:
- Ош жана Өзгөн шаардык борборлорун жана туризм маршруттарын, Ош жана Өзгөн шаарларынын шаардык борборлорун жаңыртуу;
- Сулайман-Тоо тарыхый-археологиялык музей комплексин жана Өзгөн тарыхый-маданий жана архитектуралык-археологиялык комплексин жана алардын аймагы модернизациялоо;
- Кара-Шоро жана Кыргыз-Ата парктарынын, Абшыр-Ата шаркыратмасынын инфраструктурасын жана башкаруусу, туристтик кызматтарды көрсөтүү жана негизги жолдордун жээгиндеги ыңгайлуулуктарды жакшыртуу.
Подкомпоненттери:
3.1 Ош жана Өзгөн шаарларынын шаардык жана туристтик каттамдарын жаңылоо.
3.2 Туристтик продукцияларды иштеп чыгуу, маркетинг жана алдыга жылдыруу.
4-компоненти. “Туризмди жана чакан гранттар аркылуу айылдык чакан жана орто ишкерликтерди колдоо”.
Долбоор туризм жана айылдык чакан жана орто ишканаларды жана стартаптар үчүн багытталган окутуу программасы жана чакан гранттар аркылуу чакан жана орто ишканаларды өнүктүрүү. Чакан гранттар программасы жаңы ишканаларды киргизүүгө жана туристик кызматтарды диверсификациялоого жана кеңейтүүгө багыттарлат.
5-компоненти. “Ишке ашырууну, мониторингди жана баалоону колдоо”.
Аталган компонент долбоорду ишке ашырууну, ошондой эле долбоорду мониторингдөө жана баалоо системасына, коммуникациянын стратегиясын, коргоо инструменттерин колдонууга, окутууга багытталган.
Күтүлүп жаткан натыйжалар жана долбоордун негизги көрсөткүчтөрү:
- Долбоордун бенефициарлары тарабынан айыл чарба продукцияларын сатуунун көбөйүшү (10 пайыз);
- Долбоор тарабынан колдоого алынган объектилерге келген туристтердин санынын өсүшү (30 пайыз);
- Шаардын жашоо шартын жакшыртылган адамдардын санын көбөйтүү (150 миң адам);
- 25 кошумча нарктын тутумдары түзүлөт;
- 5000 фермерлер өркүндөтүлгөн айыл чарба технологияларын ишке киргизишет;
- 5 туруктуу башкаруу планы иштелип чыгат;
- Чек ара көзөмөлдөөнүн 7 тандап алуу пункттары үчүн лабораториялык жабдыктар сатылып алынат.