Image

Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Бөкөнбаев көч. 102

Жаннат Боркошева жана Абиба Суранчиева бизнестеги ѳнѳктѳштѳр, “Береке” тигүү ишканасынын жана “Устат-шакирт” ѳнѳрканасынын жетекчилери. Кадамжай районунун Масалиев айылдык аймагында чебер уздардын башын бириктирип, улуттук баалуулуктарды жайылтып келишет.

Кол ѳнѳрчүлүк талантын жаш муундарга ѳткѳрүп берүү үчүн бир топ иштерди аткарып, донор уюмдардан гранттык колдоо алып, алыскы айылга чеберлердин ѳнѳрканасын уюштуруп, ал жакта практикалык кѳндүмдѳрдү үйрѳтүп, кыргыз килемин, таар токуу, кийизден сувенирлерди, сумка, улуттук кийимдерди жасашат.

ϴнѳрканадан кыздарга кооз септер даярдалып, чеберлердин кол эмгектери Америка, Европага чейин сатылат. Ак эмгектин үзүрү менен, былтыр “Жылдын ишкери” наамын алышып жана Улуу Британиянын королунун туулган күнүнѳ атайын чакыруу менен сыйлуу коногу болуп катышышкан. Кыргыз уздары жасаган кол эмгектерин Британ королуна белекке берилгенин сыймыктануу менен белгилешти. 

Абиба Суранчиева  ѳз сѳзүндѳ буларга токтолду: “Мен мигрант болуп, ѳз ишимди таштап 10 жылдан ашык чет жерде жүрдүм. Бир күнү курбум Жаннат кол ѳнѳрчүлүктү колго алганы жатканы тууралуу айтты, келсен чогуу ишкердүүлүк кылалы деди. Ошол күндѳн тарта кыргыз буюмдарын дүйнѳгѳ таанытабыз, уз-чеберлерди даярдайбыз деп чоң максаттарды койдук. Бул максаттар акырындап ишке ашып жатат. Айылда эле туруп, дүйнѳнүн булуң бурчуна биз жасаган эмгектер интернет аркылуу сатылууда. Азыр интернеттин заманы болгондуктан, ишкердүүлүк жүргүзүүгѳ шарттар кѳп. Бакытты алыстан эмес, ѳз жеринден ѳзүн сүйгѳн иштен табууга болооруна ынандым.”

Программанын алкагында насаатчылык кылган Жаннат Боркошева жана Абиба Суранчиева жүндү иштетүү технологиясын, андан буюмдарды жасоо, жүндѳн жасалган буюмдардын ден-соолукка пайдасы тууралуу кенен маалымат беришти. Ишкердүүлүктѳ акчаны эле кѳздѳбѳй, ѳз миссияңды кызыгуу менен аткарууну жана коомго кандай пайда келтирүүнүн жолдорун издеш керектигин белгилешти. Жыйынтыгында кызыккан суроолор берилип, кол ѳнѳрчүлѳрдүн ѳндүргѳн буюмдары кѳрсѳтүлүп, кызыккандарды практикалык окууга жазылуусу менен аякталды.