Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу (АРИС) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 15-октябрындагы Жарлыгы менен Жакырчылыкты кыскартуунун Улуттук стратегиясынын алкагында жакырчылыктан арылуу, жеке ишкердикти өнүктүрүү жана ага колдоо көрсөтүү, «2010-жылга чейин Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкарууну борбордон ажыратуу жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү» Улуттук стратегиясына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин чыңдоо жана жергиликтүү коомчулуктарды жана жамааттык уюмдарды күчөтүү үчүн инвестицияларды тартуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды андан ары улантуу максатында түзүлгөн.
АРИС мекеменин укуктук формасындагы коммерциялык эмес уюм болуп эсептелет жана юридикалык жактын статусуна ээ.
АРИСтин максаттары:
АРИСтин жана ал ишке ашырган ар кандай долбоорлордун негизги максаты - айыл жана шаар жерлеринде жакырчылыктан арылууга көмөк көрсөтүү болуп саналат. Ушул максатка жетишүү үчүн АРИС үч айкын милдетти аткарат:
- Турмуштук жагынан маанилүү инфраструктуралык кызматтарды көрсөтүүнү жакшыртат жана аларга мүмкүнчүлүк алууну жеңилдетет;
- Айылдык жеке менчик жана шаардык ишканаларды өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт;
- Жергиликтүү деңгээлде башкарууну жакшыртат.
АРИС өзүнүн ишин айылдык, ошондой эле шаардык калктын кеңири катмарынын арасында жүзөгө ашырат, мында киреше берүүчү жана жумуш орундарын түзүүчү, айылдык жана шаардык инфраструктурага инвестицияларды тартуучу жана топтор тарабынан башкарылуучу чакан жана орто ишканаларга, ошондой эле жергиликтүү деңгээлдин өзөктүү милдеттерин чечүүгө жетишүү боюнча биргелешкен иште жергиликтүү коомчулуктарга жана бийлик структураларына колдоо көрсөтөт.
АРИСти түзүүчүлөр:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы;
- «Кыргыз Республикасынын айылдарынын жана кыштактарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмеси;
- «Каунтерпарт-Шериктеш» коомдук бирикмеси.
АРИСтин структурасы:
Курамына мамлекеттик органдардан 7 өкүл, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан 7 өкүл жана жарандык коомдон 7 өкүл кирген Байкоочу кеңеш - АРИСтин жогорку башкаруу органы болуп саналат.
Башкаруунун аткаруучу органы катары Аткаруучу директор белгиленген.