Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия региону боюнча туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча аймактык директору Самех Нагиб Вахба мырза Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган жана Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү долбоорунун алкагында ишке ашырылган "Кара-Жыгач" чакан долбоорунун иши менен таанышты.
Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айылында жайгашкан Кара-Жыгач долбоору боюнча таанышуу сапарынын жүрүшүндө Дүйнөлүк банктын делегациясы ПУРСВСнын "Суу менен камсыз кылуу инфраструктурасына инвестициялар" 1-компонентинин алкагында реабилитацияланган суу менен камсыз кылуу системасынын ишин көрсөтүштү.
ПУРСВСнын координатору Эрлан Корчубай уулу Кара-Жыгач айылындагы ичүүчү сууга жетүүнү камсыз кылуу боюнча аткарылган иштер тууралуу айтып берди жана бүгүнкү күндө бардык негизги курулуш жумуштары аткарылганын кошумчалады.
Мындан тышкары ДБ өкүлдөрүнө "Санитарияны өнүктүрүү" 2-компонентинин алкагында К. Табалдинов ат. орто мектепте өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы тууралуу маалымат берилди:
- имараттын бардык 3 кабатындагы ички санитардык түйүндөрдү реабилитациялоо жөнүндө;
- мектептеги жана айылдын калкынын арасындагы маалыматтык-билим берүү иш-чаралары жөнүндө;
- дем берүүчү гранттардын программасын ишке ашыруу боюнча иштер жөнүндө.
К. Табалдинов ат. мектептин директору Н.Ж. Мукамбетова Ж.Дүйнөлүк банкка жана АРИСке билим берүү мекемесине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, орто мектептин администрациясы тарабынан жаш муундар арасында санитарияны өнүктүрүүгө бардык аракеттер көрүлөрүн белгиледи.
Өз кезегинде Самех Нагиб Вахба Мырза жылуу кабыл алуу жана берилген маалымат үчүн ыраазычылыгын билдирип, санитариянын туруктуу өнүгүүсүн колдогон жана билим берүү мекемесинин окуучуларынын жыргалчылыгы үчүн түзүлгөн бардык шарттарды колдонгон орто мектепке болгон оң сезимдери менен бөлүштү, ошондой эле К. Табалдинов ат. ОМ үлгү болууга татыктуу экендигин белгиледи.
Дүйнөлүк банктын делегациясы ошондой эле "Жергиликтүү деңгээлде институционалдык чыңдоо" 3-компонентинин алкагында түзүлгөн "Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн суу түтүк жана сугат чарбасы" Муниципалдык ишканасынын (СМИ) ишмердүүлүгү менен таанышты, анын максаты жергиликтүү бийлик органдары жана суу менен камсыз кылуу боюнча муниципалдык ишканалар үчүн курулган суу менен камсыз кылуу системаларынын туруктуулугунда потенциалды түзүү болуп саналат.
Алсак, ПУРСВСтин институционалдык өнүктүрүү боюнча адиси З.М. Токушев Дүйнөлүк банктын өкүлдөрүнө долбоордун алкагында ичүүчү суу берүүчүлөрдүн ишин жакшыртуу үчүн муниципалдык суу менен камсыз кылуу ишканалары үчүн биллинг системасы боюнча СМИнин кызмат көрсөтүүлөрүн автоматташтыруу жана санариптештирүү жаатында жаңы программалык камсыздоо иштелип чыккандыгын маалымдады.
Кошумчалай кетсек, иш сапардын жүрүшүндө ДБ өкүлдөрү Кара-Жыгач айылындагы канализациялык тазалоочу курулмалар менен таанышышты, ошондой эле Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Интернационал ААдагы "Жар-Башы айылында ФАП куруу" микродолбоорунун алкагында курулган объектиге барышты.
Эске салсак, Дүйнөлүк банктын делегациясынын курамына Европа жана Борбордук Азия региондору боюнча туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча Дүйнөлүк Банктын аймактык директору Самех Нагиб Вахба мырза, Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн башчысы Навид Хасан Накви жана АРИСтин Аткаруучу директору Марс Наспеков башында турган өкүлдөрү, ошондой эле ПСИ-3 координаторлору Бактыбек Абдылдаев жана ПУРСВС координатору Эрлан Корчубай уулу кирген.
Самех Нагиб Вахбанын Кыргызстанга сапарынын башкы максаты туруктуу өнүгүүнүн негизги маселелерине карата Дүйнөлүк банктын стратегиялык ишмердүүлүгүн талкуулоо болуп саналат.