Айылды инвестициялоо долбоору (ПСИ) – бул Дүйнөлүк банк тарабынан финансыланган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кош финансыланган, АРИСтин алгачкы жана ийгиликтүү долбоорлорунун бири.
Айылды инвестициялоо долбоорунун негизги максаттары (
• айыл жеринде жакырчылыкты кыскартууга көмөк көрсөтүү;
• жергиликтүү коомчулуктарды күчөтүү аркылуу Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкарууну борбордон ажыратуу;
• жергиликтүү деңгээлдеги башкарууну жакшыртуу жана потенциалды өнүктүрүү;
• айылдык инфраструктураны жакшыртууга инвестициялык колдоо көрсөтүү;
• топтор тарабынан башарылуучу чакан ишканаларга колдоо көрсөтүү.
Долбоорду ишке ашыруу мезгили:
Айылды инвестициялоо долбоору – 1 (
Айылды инвестициялоо долбоору – 2 (
Географиялык камтуу: Долбоор Кыргыз Республикасынын бардык 475 айыл округунда (анын ичинде шаарлардын курамына кирген айылдарда) ишке ашырылууда.
Айылды инвестициялоо долбооруна катышуу үчүн коомчулуктарды тандоонун критерийлери
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги тарабынан өтүп жаткан жылдын
Колдоо көрсөтүлүп жаткан микродолбоолор:
Жергиликтүү керектөөлөргө жооп берген, коомчулуктардын өздөрү тарабынан аныкталган социалдык, коммуналдык,
Долбоордун компоненттери:
1. Коомчулуктун потенциалын жогорулатуу жергиликтүү коомчулуктарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, жамааттык уюмдарды жана өкмөттүк эмес уюмдарды социалдык мобилизациялоо, стратегиялык пландаштыруу, микродолбоорлорду ишке ашыруу жана ак ниет башкаруу жагынан окутууну жана колдоо көрсөтүүнү камтып турат. 2003—
• Ушул компонентти ишке ашыруу үчүн бүткүл республика боюнча өнөктүк уюмдардын тармагы түзүлгөн, аларды аймактык айылдык инвестициялык бирикмелер (ТИО жана СИО) билдирип турат;
• Бүткүл республика боюнча АРИСтин 50дөн ашык региондук, облустук жана райондук өкүлчүлүктөрү иштеп жатат, алар зарыл техника жана байланыш каражаттары менен камсыз кылынган;
• АРИСтин ишинин багыттары боюнча атайын окутуудан өткөн АРИСтин
• Өнөктөрдү окутуунун бардык багыттары боюнча окутуучу модулдар иштелип чыккан жана сыноодон өткөн; билим берүү долбоорлорун координациялоо жана мурда иштелип чыккан окутуу программаларын андан ары өркүндөтүү үчүн АРИСтин Окуу борбору түзүлгөн;
• Калктын социалдык жагынан корголбогон катмарларын ишке алда канча кеңири тартуу үчүн ар бир өзүнчө алынган аймактагы айылдык жаштардын, аялдардын, жакырчылыктын деңгээлинин маалымдамалар базасы түзүлүүдө.
2. Айылды инвестициялоо жергиликтүү коомчулуктардын инвестициялык пландарын ишке ашыруу үчүн гранттарды жана техникалык жардамды билдирет жана алар социалдык жана экономикалык жамааттык инфраструктурага, жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүнүн топтору ээлик кылган бизнес- ишканаларга бериле турган өлчөмү анчө чоң эмес инвестициялардан турат.
• Ушул компонентти ишке ашыруу үчүн микродолбоорлорду тандап алуунун жана ишке ашыруунун ачык эрежелери жана
• Микродолбоорлорду ишке ашыруунун техникалык талаптары: техникалык шарттар жана регламенттер иштелип чыкты.
Финансылоо:
Айылды инвестициялоо долбоору -1 (
Донорлор: Дүйнөлүк банк (Эл аралык өнүктүрүү Ассоциациясы), Япония Өкмөтү
Финансылоонун суммалары:
МАР — АКШнын 15 млн. доллары (грант)
КР Өкмөтү — АКШнын 3 млн. долларына жакын
Япония Өкмөтү — АКШнын 1 млн. 149 миң доллары
Айылды – инвестициялоо долбоору — 2 (ПСИ — 2)
Донорлор: Дүйнөлүк банк (Эл аралык өнүктүрүү Ассоциациясы)
Улуу Британиянын эл аралык өнүктүрүү министрлиги (DFID).
Финансылоонун суммасы:
МАР — АКШнын 15 млн. доллары (грант)
КР Өкмөтү — АКШнын 1 млн. доллары
DFID — 6 млн. 860 миң фунт стерлинг (грант).