Долбоордун максаты
Кыргыз Республикасы (КР) жана Эл аралык өнүктүрүү Ассоциациясы (МАР) Кыргыз Республикасында жакырчылыктан арылуу жана туруктуу экономикалык өсүшкө көмөк көрсөтүү жагында узак мөөнөттөн бери кызматташууда. Ушул максаттарда Дүйнөлүк банк (ДБ) Бишкек жана Ош шаарларынын жаңы конуштарынын тургундарынын базалык инфраструктуралык кызматтарга мүмкүнчүлүк алышын жакшыртуу үчүн гранттык финансылоо берген. Жогоруда аталган максатты ишке ашыруу үчүн Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы долбоору (ПГИБО) даярдалган жана ишке ашырылат.
Сунуш кылынып жаткан долбоордун максаты жаңы конуштардын тургундарынын жашоо шартын жакшыртуу жана аларды шаардык коомчулукка социалдык жана экономикалык интеграциялоого көмөк көрсөтүү үчүн ПГИБОго катышкан жаңы конуштардын тургундарына көрсөтүлүп жаткан инфраструктуралык кызматтардын мүмкүнчүлүгүн, сапатын жана натыйжалулуугун жакшыртуу болуп саналат.
Долбоорду башкаруу:
Кыргыз Республикасынын Президентинин
Ошондой эле долбоорду ишке ашырууга Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жана Долбоордун алкагында алардын алдында түзүлгөн муниципалдык долбоордук бөлүмдөр (МПО), Бишкек шаарынын муниципалдык аймактык башкармалыктары (МТУ) жана Ош шаарынын аймактык кеңештери (ТС) тартылат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин
Долбоордун компоненттери:
Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы долбоору төрт компонентти камтып турат:
A Компоненти: «Базалык инфраструктура»
B Компоненти: «Коомчулуктарга инвестициялоо»
C Компоненти: «Институттук өнүктүрүү»
D Компоненти: «ПГИБОну ишке ашырууга колдоо көрсөтүү»
A Компоненти: «Базалык инфраструктура»
Ушул компоненттин алкагында төмөндөгү: суу менен камсыз кылуу, жолдор, кыртыш алдындагы суулардын деңгээлинин төмөндөшү, ирригация ж.б секторлордогу инфраструктуралык чакан долбоорлор көрсөтүлүп жаткан инфраструктуралык кызматтардын сапатын жогорулатуу максатында ишке ашырылат.
А компоненти үч чакан компоненттен турат:
А1. Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын базалык инфраструктурасы;
А2. Ош шаарынын жаңы конуштарынын базалык инфраструктурасы;
А3.
Чакан компоненттер суу менен камсыз кылуу, жолдор, кыртыш алдындагы суулардын деңгээлинин төмөндөшү, тиричиликтин кесек таштандыларын жыйноо жана ташып чыгаруу сыяктуу секторлордогу жана башка инфраструктуралык микродолбоорлордогу артыкчылыктуу проблемаларды чечүүгө багытталган.
«Базалык инфраструктура» деген А компонентинин алкагында жаңы конуштарды камтуу Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын ишине жараша болот, алар так жана түшүнүктүү критерийлердин негизинде жыл сайын чакан долбоорлорду аныктоого жана аларды финансылоо үчүн АРИСке билдирмелерди жиберүүгө укуктуу болот.
«Базалык инфраструктура» деген А компонентинин алкагында ПГИБОну ишке ашыруунун биринччи жылында Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тарабынан, төмөндө көрсөтүлгөн жаңы конуштардын аймагын камтыган төмөндөгү чакан долбоорлор финансылоо үчүн тандалып алынган:
Бишкек шаары боюнча:
«7 жаңы конуштагы жолдорду реабилитациялоо жана куруу» чакан долбоору: Ак-¤ргө,
Ош шаары боюнча
«3 жаңы конушта суу менен камсыз кылуу системасын реабилитациялоо жана куруу» чакан долбоору: Калинин, Достук, Туран.
«Коомчулуктарга инвестициялоо» деген В компоненти
Ушул компоненттин максаты жаңы конуштардын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча, анын ичинде социалдык анча чоң эмес чакан долбоорлорду финансылоо аркылуу коомчулуктарды мобилизациялоо болуп саналат. Бул чакан долбоорлор жаңы конуштардын тургундарынын өздөрү тарабынан аныкталат жана ишке ашырылат.
В компоненти эки чакан компоненттен турат:
В1. Бишкек шаарынын коомчулуктарына инвестициялоо;
В2. Ош шаарынын коомчулуктарына инвестициялоо.
Эки чакан компонент жергиликтүү деңгээлдеги жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, балдар жана спорт аянтчаларын ж.б. куруу сыяктуу проблемаларды чечүүгө багытталган.
«Коомчулуктарга инвестициялоо» деген В компонентинин алкагында Бишкек жана Ош шаарынын ар бир жаңы конушу Долбоордун бардык талаптарын аткарган шартта, үч жыл боюу жыл сайын грант алуу үчүн билдирме берүүгө укуктуу. Жыл сайын берилүүчү гранттын суммасы чектелип коюлат жана бардык жаңы конуштар үчүн бирдей болот. Чакан долбоорлорду ишке ашыруу Бишкек шаарынын муниципалдык аймактык башкармалыктары (МТУ) жана Ош шаарынын аймактык кеңештери (ТС) тарабынан жүзөгө ашырылат.
Катышкан жылы
Бир жаңы конушка берилген сумма
АКШнын 5000 доллары
АКШнын 10 000 доллары
АКШнын 5000 доллары
В компонентинин алкагында жаңы конуштарды камтуунун долбоордук зонасы
Бишкек шаары:
Свердлов району:
№19, 20,
Биринчи Май району:
№ 13,14, 15,
Ленин району:
№ 3,
Октябрь району:
№
Ош шаары:
ТС № 1 «Туран»
№ 187a, 190a кварталдары;
ТС № 2 «Достук»
№ 215a, 220 кварталдары;
ТС № 4 «
№ 3, 7 кварталдары;
ТС № 9 «
№ 2, 3 кварталдары.
Институттук өнүктүрүү» деген С компоненти
Аталган компонент Бишкек жана Ош шаарынын мэрияларына техникалык жанат институттук жардам жана колдоо көрсөтүүгө арналган. Аталган компоненттин алкагында мэрияларга жана муниципалдык органдарга техникалык жардам көрсөтүлөт.
С компоненти эки чакан компоненттен турат:
С1. Бишкек шаарынын мэриясын институттук өнүктүрүү;
С2. Ош шаарынын мэриясын институттук өнүктүрүү.
Ушул чакан компоненттин максаты мэрияларды жана муниципалдык органдарды муниципалдык өнүктүрүү болуп саналат. Институттук өнүктүрүүнүн багыты талдоо жүргүзүүнүн жүрүшүндө, ошондой эле мэриялар тарабынан даярдалган техникалык тапшырмаларды аткаруу үчүн жалданган консультанттардын сунуштарынын негизинде шаарлардын мэрияларынын өздөрү тарабынан аныкталат.
«ПГИБОну ишке ашырууга колдоо көрсөтүү» деген D компоненти
Ушул компонент Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын алдында түзүлгөн муниципалдык долбоорлоо бөлүмдөрүнүн операциялык чыгымдарын финансылоо аркылуу ПГИБОну ишке ашырууга, ПГИБОнун натыйжалуулугуна жана натыйжаларына мониторинг жана баа берүү системасын түзүүгө жана күтүүгө, муниципалитеттердин кызматкерлеринин потенциалын өнүктүрүүгө ж.б. колдоо көрсөтөт.
Донор: Дүйнөлүк банк
Долбоордун жалпы наркы: АКШнын 14,350 млн. долл.
Берилген гранттын суммасы: АКШнын 12 млн. долл.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тараптан кош финансылоо: АКШнын 1,2 млн. долл.
Бишкек жана Ош шаарларынын муниципалитеттери тарабынан кош финансылоо: АКШнын 1,1 млн. долл.
Катышкан жаңы конуштар тарабынан кош финансылоо: АКШнын 50 миң долл.
Долбоордун колдонулуш мөөнөтү: 4 жыл.
Финансылоо жөнүндө макулдашууга кол коюлган дата:
Аткаруучу агентство: Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу (АРИС).