Меню

Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбооруБасып чыгаруу үчүн вариант

 
Коомдук мекемелердеги энергоэффективдүүлүктү жогорулатуунун артыкчылыктарын демонстрациялоо

«Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу» долбоору, коомдук имараттардагы энергеэффективдүүлүктү жогорулатуунун артыкчылыктарын демонстрациялоо мамлекеттик жана муниципиалдык мекемелердеги, билим берүү жана саламаттыкты сактоо секторундагы  имараттардагы энергияга болгон талапты төмөндөтүү үчүн жылуулук берүү жана энергоэффективдүү технологияны киргизүү жаатындагы ишенимдүү жана эффективдүү кызматтарга карай жолду жакшыртууга багытталган.

Ишке ашыруу: Кыргыз Республикасынын Коомчулуктарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу.

Долбоордун максаты – Кыргыз Республикасынын кээ бир долбоордук аймактарындагы жылуулук менен камсыздоонун эффективдүүлүүгүң жана сапатын жогорулатуу.

Донор:

Эл аралык өнүктүрүү Ассоцияциясы 

Каржылоонун жалпы суммасы:

Грант түрүндө – 10 000 000 АКШ доллары

Географиялык камтылышы:

Чуй, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Баткен, Ош жана Жалал-Абад областтары;
Бишкек жана Ош шаарлары

Ишке ашыруунун пландалган мезгили:

2019 -2023 ж.ж.

 
Долбоордун компоненттери

3.1 Компоненти: коомдук имараттардагы энергоэффективдүүлүктү жогорулатууну инвестициялоо – бул компоненттин алкагында кээ бир коомдук, эң негизинен, билим берүү жана саламаттыкты сактоо секторундагы имараттардагы энергоэффективдүүлүктү жана жер титирөөгө карата туруктуулукту камсыздоого карата инвестициялоо каржыланат.

Бул каралып жаткан чакан компоненттин алкагында негизиги эки иш-чара ишке ашырылат:

1-иш-чара: Тандалып алынган имараттардагы энергоэффективдүүлүктү жогорулатууну инвестициялоо.
2- иш-чара: энергоэффективдүүлүк тармагындагы потенциалдуулукту өстүрүү.

Долбоорго катышуу үчүн коомдук имараттардын критерийлери:

  • Мамлекеттик жана муниципиалдык менчикте турган (бала-бакчалар, орто мектептер, ооруканалар, клиникалар, балдар үйлөрү ж.б.) саламаттыкты сактоо, билим берүү жана социалдык коргоо алкагындагы коомдук имараттар;
  • Имараттардын түзүлүшүнүн туруктуулугу жана алардын жабылып калуусу, аянтынын кыскаруусу же менчиктелип кетүүсү планда жоктугу;
  • Электрлештирүүнун негизинде жылуулук берүү системасын колдонуу.

 

Коомдук имараттардагы энергоэффективдүүлүктү жакшыртуу жаатындагы алдын-ала каралган жумуштар 

1.   Дубалдарды жылуулоо;
2.   Терезелерди алмаштыруу;
3.   Тышкы каалгаларды алмашыруу;
4.   Чатыр жана шып жабуулорун жылуулоо;
5.   Реновациялоо, полду жылуулоо;
6.   Бөлмөлөрдөгү аба алмашуу системалары;
7.   Имараттын сейсмикалык жактан туруктуулугун бекемдөө (имаратты арматура менен бекемдөө, пайдубал бекемдөө);
8.   Жылуулук берүү системасын + жылуулук насосту жаңылоо:
      - же борбордук: аба алмашуу /жылуулук берүү/ абаны кондиционерлөө, жылуулук алмашуу аппараты жана жылуулук насосу;
9.   Ысык суу менен камсыздоо (ЫСК) – жылуулук насостору жана күн коллекторлору;
10. Жарык диоддору (LED) менен ички жарыктандыруу.

Күтүлө турган жыйынтыктар: 

  • Жогорку деңгээлдеги комфорттуулук, 3-чакан компоненттин алкагында (мисалга алсак, орто мектептер, ооруканалар, бала бакчалар, бейтапканалар ж.б) тандалып алынган коомдук имараттардын бийик туруктуулугу жана жакшы функционалдуулугу эң биринчиден, бейтаптарга, окуучуларга, бала бакча курагындагы жеткинчектерге, ушул жайларда убактысынын көпчүлүк бөлүктөрүн жумуш менен өткөргөн медициналык персоналдарга жана мугалимдерге пайда алып келет.
  • Мамлекеттик жана муниципиалдык органдар электр энергиясына кеткен чыгымдарды кыскартуу жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү шарттарны жакшыртуулар аркылуу пайда ала алышат.
  • Андан тышкары, долбоорду ишке ашыруудан пайда алган кыйыр бенефициарлар дагы болот. Мисалга алсак, электр энергиясына кеткен чыгымдарды кыскартуулар аркылуу бошогон каражаттарды муниципиалдык органдар аларды жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечүүгө жумшай алышат.
  • ПУТСтун алкагында жаңылана турган имараттары бар тандалып алынган бир катар шаарларда / жергиликтүү башкаруу органдарында, суу менен камсыз кылуу, көчөлөрдү жарыктандыруу, борбордук жылуулук менен камсыз кылуу жана коомдук имараттар сыяктуу ар кандай муниципиалдык секторлордогу энергоэффективдүүлүккө болгон баалоолорду кеңирирээк жүргүзүү.
  • Жергиликтүү компаниялар (мисалга алсак, жергиликтүү энергетикалык аудиторлор, долбоордук институттар, курулуш жана көзөмөл компаниялары) өздөрүнө пайданы энергоэффективдүүлүктү камсыздоо боюнча кызматтарга карата болгон талапты көбөйтүүдөн, аны менен катар эле, потенциалдык кеңейтүү жана тажрыйбаны тереңдетүү, энергоэффективдүүлүк жана сейсмикалык коопсуздукту инвестициялоолорду даярдоо жана ишке ашыруу аркылуу ала алышат.

 
Кыргыз Республикасынын Президентинин 31.10.2018-жылдагы бекитилген УП№ 221 жарлыгынын менен «Кыргыз Республикасынын 2018-2040-жылдарга карата өнүгүүнүн улуттук стратегиясы», ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2022 жылдарга карата «Биримдик, Ишеним, Тургузуу» аталыштагы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тарабынан 2018-жылдын 20-апрель  № 2377-VI токтому менен бекитилген Программалары, жылуулук берүү секторундагы чечүүчү прироритеттердин катарына  КР Өкмөтүнүн кыш айларындагы жылуулук максатында электрдүүлүктү кыскартуулардан, жылуулук берүү тармагында эффективдүү жана ишенимдүү кызматтарга карай жолду жакшыртуудан жана  мамлекеттик жана муниципиалдык энергия коротууларды төмөндөтүү үчүн энергоэффективдүү технологияларды киргизүүлөрдөн көз каранды.

Кыргыз Республикасынын 2018-2040 жылдарга карата өнүгүүнүн улуттук стратегиясында эскирген турак-жай жана турак-жай эмес фондду энергоэффективдүүлүк жактан кайра жаңылоо, энергия жана ресурс сактоочу жогорку эффективдүү технологияларды колдонулбаган жаңы курулуштарга тыйууларды салуу боюнча масштабдуу программаларды ишке ашыруу приоритеттери коюлушат.

Энергиянын экологиялык жактан таза (кичи ГЭС, күн жана шамал электрдик станциялары, күн коллекторлору, жылуулук насостору, биогазды колдонуу ж.б.) үлүшүн мамлекеттеги жалпы энергиянын тең салмактуулугун 50дөн кем эмеске % жеткирүү.

Коомдук бюджеттеги имараттардын көпчүлүк бөлүгү 25-60 жыл илгери курулушкан. Эски имараттарда энергетикалык эффективдүүлүктүн заманбап түрлөрү колдонулган эмес, ошондуктан ал, жылуулук ресурстарды үнөмсүз колдонууларга алып келет. Ал мекемелердин бюджетине, кайра бөлүү тармактарына көп күч келтирет, андан тышкары, ал электр энергиясынын жетишсиздигинен отун-көмүрдү колдонууларды көбөйгөндүгүнөн эсебинен экологиялык абалдын начарлашына алып келет.

Билим берүү жана саламаттыкты сактоо системаларындагы коомдук имараттардагы энергия колдонуулардын эффективдүүлүктөрүн жогорудатуу коомдук энергиянын азыркы чыгымдарын кыскартуу менен бирге эле, энергияга күч келүүнүн туу чокусу менен байланышкан колдонууларды азайтууга мүмкүндүк берет.

Энергоэффективдүүлүктү жогорулатууга инвестициялоолор бул объекттер тартуулаган кызматтардын (мисалы, балдарды багууну жакшыртуу жана имараттардын жакшы функционалдуулугу, ошондой эле, сейсмикалык коопсуздуктун жакшыртылган иш-чаралары) сапатын жогорулатууну кошуп алуу менен бирге бул анализде сан жагынан такталбаган экономикалык пайдаларды түзөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Дүйнөлүк банкттын жактырууларынан  кийин, 2017-жылдын 12-18 сентябрында «Жылуулук менен камсыздоо» Долбоору боюнча бир катар сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

2018-жылдын 26-январында Эл-аралык өнүктүрүү ассоцияциясы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Каржы министирлигинин ортосунда кол коюуулар болду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоору жана каржылык макулдашууларын ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоору кызыкдар министерстволор жана кызматтыктар менен макулдашылды. «Жылуулук менен камсыз кылуу» долбоорунун каржылык макулдашууларын ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин үч жолку окуусунда жактырылды.

2019-жылдын 5-февралында Долбоорду ратификациялоо Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кол коюлду. 2019-жылдын 26-апрелинде Жылуулук менен камсыз кылуу» долбоору расмий түрдө күчүнө кирди.

Долбоордун максаты - Кыргыз Республикасынын кээ бир долбоордук аймактарындагы жылуулук менен камсыздоонун эффективдүүлүүгүң жана сапатын жогорулатуу.

 
Долбоор төмөнкү компоненттерден жана чакан компоненттерден турат :

3.1 Компоненти: Коомдук имараттардагы энергоэффективдүүлүктү жогорулатууну инвестициялоо – бул компоненттин алкагында кээ бир коомдук, эң негизинен, билим берүү жана саламаттыкты сактоо (мисалга алсак, орто мектептерде, ооруканаларда, бала бакчаларда, клиникаларда ж.б) секторундагы имараттардагы энергоэффективдүүлүктү жана жер титирөөгө карата туруктуулукту камсыздоого жана ошондой эле, туура келген иш-чаралардын потенциалын өнүктүрүүгө  карата инвестициялоолор каржыланат.

1-иш-чара: Тандалып алынган имараттардагы энергоэффективдүүлүктү жогорулатууну инвестициялоо.
Бул иш-чара тандалып алынган имараттардагы энергоэффективдүүлүктү жана сейсмикалык жактан туруктуулукту жогорулатууну инвестициялоону жана туура келген консультациялык кызматтарды каржылайт.

2-иш-чара: энергоэффективдүүлүк тармагындагы потенциалдуулукту өстүрүү.
Жергиликтүү потенциалды энергоэффективдүүлүктү бекемдөө максатында жагымдуу шарттарды жакшыртуу, рыноктук мүмкүнчүлүктөрдү жакшыртуу жана энергоэффективдүүлүк тууралуу маалымат алууларды жогорулатуу иш-чараларына багытталды. Колдоонун конкреттүү тармактары  төмөнкүлөр: Жергиликтүү фирмаларды окутуу; Энергоэффективдүүлүк боюнча маалымат; Пайдаларды же/жана жанаша каржылоолорду бөлүштүрүүлөрдүн схемаларын пилоттоштуруу; Энергоэффективдүүлүк боюнча Жол карталарын ишке ашырууну колдоо.

3.2 Компоненти: Долбоорду ишке ашырууну колдоо – бул компоненттин алкагында долбоордун компонентин башкаруу жана эффективдүү ишке ашыруу үчүн колдоолор жүргүзүлөт. Алар (i) АРИС ОРП кызматкерлери үчүн жана АРИС кызматкерлерине административдик жактан колдоо көрсөтүүлөргө болгон чыгымдарды жабууларга көмөктөшүү (АРИСтин административдик пулу деп аталат); (ii) долбоор менен байланышкан операциялык чыгымдар жана тренингдер; (iii) Долбоордун эсептерин жыл сайын текшерүү (аудит).

 
Долбоорду ишке ашыруудагы биринчи циклдин алкагындагы тандалып алынган имараттар
 

Аталышы

Облус

Район

Имараттын аянты (жылытылуучу м2)

1.

Жалпы дарыгердик практика борбору

Чуй

Панфилов

3,413

2.

«Колокольчик» бала бакчасы

Чуй

Москва

505

3.

№ 82 орто мектеби

Бишкек ш.

Ленин

1,317

4.

А. Солтонов атындагы орто мектеби

Талас

Талас

1,084

5.

Р. Шүкүрбеков атындагы орто мектеби

Талас

Кара-Буура

972

6.

«Сретенка» башталгыч мектеби

Чуй

Москва

1,152

 

 
Долбоордун координаторудун м. а.:  Бидинов Урматбек