Меню

Айылдарды туруктуу өнүктүрүү долбооруБасып чыгаруу үчүн вариант

 
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) (Ислам Өнүктүрүү үчүн тилектештик фондунун администратору катары) демилгеленген. Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2015-жылдын 14-июлунда ратификацияланган. 

Донор

Ислам өнүктүрүү банкы

Каржылоонун жалпы суммасы:

11 000 000 АКШ доллары, анын ичинен:
6 000 000 АКШ доллары – Ислам өнүктүрүү банкынын каражаттарынан кредит,
3 000 000 АКШ доллары – Ислам өнүктүрүү үчүн тилектештик фондунун каражаттарынан кредит,
2 000 000 АКШ доллары - КР Өкмөтүнүн кош каржылоосу.

Географиялык камтуусу:

Чүй облусунун Жайыл, Кемин жана Панфилов райондорундагы айылдардын блогу.

Ишке ашыруунун пландалган мезгили:

2017 – 2021-ж.ж.

Ишке ашыруучу агентство:

Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС).

 
Ислам өнүктүрүү үчүн тилектештик фондунун «Айылдарды туруктуу өнүктүрүү» программасы коомчулуктардын демилгесине негизделген жана айылдык коомчулуктарга өз алдынча өтө жакыр абалдан чыгып жана чарбакер субъекттер болуу мүмкүнчүлүгүн берүүгө багытталган өнүгүүнүн комплекстүү жана инновациялык модели болуп саналат.

Программа Ислам өнүктүрүү үчүн тилектештик фондунун (ИӨТФ) 5 жылдык стратегиялык планында каралган комплекстүү, көп жылдык жана көп тармактык стратегиясын божомолдойт жана ошондой эле коомчулуктардын демилгесине жана ислам принциптерине негизделген микрокаржылоону илгерилетүүгө негизделген, айыл чарбасын жана айыл жергесин өнүктүрүү, адамдык потенциалды өнүктүрүү, айылдык инфраструктураны өнүктүрүү (саламаттык сактоо, билим берүү, суу менен камсыз кылуу жана санитария) аркылуу жакырчылыкты кыскартуу боюнча ИӨТФтин артыкчылыктуу багыттарына ылайык келет.

Ислам өнүктүрүү үчүн тилектештик фондунун, Ислам тилектештиги уюмунун катышуучу - өлкөлөрүндө жакырчылыктын деңгээлин азайтууга алып келүүчү, өндүрүштү өнүктүрүүгө жана кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүккө багытталган долбоорлорду жана программаларды каржылоо максатында түзүлгөн ИӨБдүн атайын фонду болуп саналат.

Жалпы максаты

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жакырчылык менен күрөшүү жана «Миң жылдыктын өнүктүрүү максаттарына» жетишүүдө көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Негизги максаты

Долбоордун негизги максаты коомчулуктун конкреттүү керектөөлөрүн эске алуу менен иштелип чыккан, коомчулуктардын жетекчилиги алдында чакан бюджеттүү, туруктуу чакан долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу долбоор камтыган аймакта, атап айтканда Чүй облусунун Жайыл, Кемин жана Панфилов райондорунда жакырчылыкты кыскартуу болуп саналат. Төмөндө айрым негизги күтүлгөн натыйжалар көрсөтүлгөн, өзгөчө саламаттык сактоо, билим берүү, айыл чарбасында кирешелерди жана жашоо деңгээлин жогорулатуу чөйрөлөрүндө. Фактылай сандык индикаторлор базалык изилдөө жана керектөөлөрдү текшерүү аяктагандан кийин белгилүү болот: 

  • Долбоорду ишке ашыруунун бүткүл мезгилинин ичинде эненин жана баланын өлүмдүүлүгүнүн деңгээлинин олуттуу пайыздык кыскарышы;
  • Окугандардын санынын олуттуу көбөйүшү, ошондой эле Долбоордун камтуу зонасында башталгыч жана базалык орто билимди алган эки жыныстын тең мектеп окуучуларынын жогорураак саны;
  • Үч максаттуу райондордо жакырчылыкка туш болгон үй чарбаларынын арасында кирешелер деңгээлинин олуттуу жакшырышы;
  • Тандалып алынган райондордо фермерлердин олуттуу саны арасында түшүмдүн жана мал чарбачылык продукциянын санынын жана сапатынын жакшырышы;
  • Долбоордун камтуу зонасында жана тандалып алынган айылдардын блогунда социалдык-экономикалык инфраструктураны жана базалык кызмат көрсөтүүлөрдүн (саламаттык сактоо, билим берүү, транспорт ж.б.у.с.) олуттуу жакшырышы.

Чүй облусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан төмөндөгү аспекттерге таянып АТӨД долбоорун ишке ашыруу үчүн пилоттук аймак катары тандалып алынган: 

  • Чүй облусунда калктын жогорку жыштыгы жана коомдук өнүгүүнүн басымдык кылган тенденциялары;
  • Болгон социалдык-экономикалык чөйрөгө басымды түзгөн ички миграция;
  • Түштүк региондо эл аралык донорлордун концентрацияланышы жана ошентип түштүк облустарга, өзгөчө Чүй облусунун алыскы райондоруна колдоонун жетишсиздиги;
  • Туруктуу жакырчылык жана облуста жагымсыз социалдык-экономикалык шарттар;
  • Долбоордук иштин борборго жакындыгы пилоттук долбоор катары АТӨД Долбоорун ийгиликтүү аяктоонун мүмкүндүгүн жогорулатышы ыктымал.