Меню

АРИС коронавируcтук инфекциянын COVID-19 кийинки жайылуусун алдын-алуу боюнча ыкчам чараларды кабыл алуу максатында өзгөчө кырдаал режимин киргизүү менен байланыштуу аралыктан иштөө режимине убактылуу өтүүдөБасып чыгаруу үчүн вариант

23. 03. 2020 г.

 
Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу  (АРИС), коронавирустук инфекциянын жайылуусун алдын-алуу жана КР АРИС кызматкерлеринин ден соолугунун коопсуздугун камсыздоо максатында, 2020-жылдын 22-мартынан коронавирустук инфекция (COVID-19) боюнча эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейинки мезгилге аралыктан иштөө режимине өтүү чечимин кабыл алган.

Мындай чечим, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 22-мартынан республиканын аймагында өзгөчө кырдаал режимин киргизүү сунуштары жөнүндө сунушуна ылайык кабыл алынды.

Аралыктан иштөө – бул кызматкердин жумуш берүүчүнүн жайгашкан жеринен  тышкары кызматтык милдеттерин аткарышы экендигин белгилеп кетебиз.

Долбоорлордун координаторлору жана региондук координаторлорго 2020-жылдын 22-мартынан коронавирустук инфекция боюнча эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейинки мезгилге аракеттердин ыкчам планын иштеп чыгуу; долбоордун ишмердиги менен байланыштуу подряддык уюмдар, контрагенттер, өнөктөштөр жана башка уюмдарга АРИСтин аралыктан иштөө режимине өтүүсү жөнүндө маалымдоо тапшырылган.

Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу өнөктөш уюмдарды кабыл алынган чечимге түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт жана  өзүнүн кызматкерлеринин аралыктан иштөөсү аркылуу долбоорлорду сапаттуу ишке ашыруу үчүн бардык зарыл ишмердикти жүргүзүүгө ниеттенет. Ар бир адамдын жоопкерчилиги жана жалпыбыздын биримдигибиз – түзүлгөн жеңил эмес кырдаалдан  татыктуу чыгууга жардам берет деп ишенебиз.