Меню

Учурдагы жылдын 27-августунда «Рынокторго чыгууну камсыздоо» (РЧК) долбоорун ишке киргизүү боюнча тегерек стол болуп өттүБасып чыгаруу үчүн вариант

28. 08. 2018 г.

 
Бишкек ш. Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фондунун (IFAD) колдоосу менен жаңы «Рынокторго чыгууну камсыздоо» долбоорун (РЧКД) презентациялоо болду, ал жерде анын максаттары жана милдеттери, механизмдери жана ишке ашыруунун пландары, бюджети, аткаруучулары жана алардын функциялары тааныштырылды.

Тегерек стол КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү менен Долбоорду ишке ашыруучу агентство Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу менен биргеликте уюштурулган. Анда Кыргыз Республикасынын ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча маминспекциясынын, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, эл аралык финансылык уюмдардын, Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү борборунун, Кыргызстанда өзүнүн ишмердигин жүргүзгөн банк секторунун өкүлдөрү, ошондой эле көрсөтүлгөн Долбоорду ишке ашырууга түздөн-түз мамилеси жана кызыкдардыгы бар уюмдар – сүттү, сүт продукциясын жана этти кайра иштетүүчүлөр катышты.

«Рынокторго чыгууну камсыздоо» долбоору биринчи кезекте республиканын мал чарбачылык тармагын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт жана мал чарбачылык продукциясынын кошулган нарк тутумунун катышуучуларынын активдерин жана киреше булактарын жакшыртууга багытталган. Презетанциянын жүрүшүндө белгиленип кеткендей, Долбоордун философиясы айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөр жана кайра иштетүүчүлөр ортосунда формалдуу жана ишенимдүү мамилелерди чыңдоодо камтылган. Долбоордун ишмердиги ветеринардык кызматтын мамлекеттик жана жеке секторлорун чыңдоого багытталат. 2018-2023-жж. мезгилинде Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө лабораторияларды реконструкциялоо жана заманбап жабдуулар менен жабдуу, ветеринардык лабораторияларды эл аралык аккредитациядан өткөрүү, ички ветеринардык постторду оңдоо, жеке ветеринарлардын потенциалын күчөтүү, ошондой эле суюк азотту өндүрүү боюнча заводду куруу жана ири мүйүздүү малды траспортировкалоо үчүн атайын унааны сатып алуу пландалган.

Жакшыртылган салымдарды жана инновациялык технологияларды колдонуунун натыйжасында мал чарбачылыктын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана мал чарбачылык продукцияны көбөйтүү күтүлүүдө: тамак-аш продукциясынын сапатын жакшыртуу, жоготууларды кыскартуу, экспортту жандандыруу жана жогорулатуу, жана натыйжада жумуш менен камсыз болуунун жана салыктык түшүүлөрдүн деңгээлин жогорулатуу.

 
Маалымат үчүн:

«Рынокторго чыгууну камсыздоо» долбоору республиканын беш облусунда ишке ашырылып жаткан «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү - 1 жана 2» долбоорлорунун (2013-2019-жж.) ырааттуу уландысы болуп саналат.

Долбоордун жалпы наркы – 55,4 млн. АКШ доллары.

Кыргыз Республикасы жана IFAD ортосунда РЧКД долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга КР Президенти тарабынан 2018-жылдын 24-апрелинде кол коюлган.

Фотогалерея