Меню

Учурдагы жылдын 22-майында Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын аймагында атайын техниканы тапшыруу аземи болуп өттүБасып чыгаруу үчүн вариант

23. 05. 2018 г.

 
Бул иш чара Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС) ишке ашырган Жайыттарды жана мал чарбачылыкты башкарууну жакшыртуу долбоорунун (ПУУПЖ) алкагында өткөрүлдү. Техниканы Чүй облусунун Кемин районунун 7 жайыт пайдалануучулар бирикмелери (ЖПБ) алышты.

Иш чарада райондук мамлекеттик администрациянын жетекчилери, жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин, жайыт комитеттердин башчылары, АРИСтин, жергиликтүү коомчулуктардын өкүлдөрү катышты.

Жаңы-Алыш, Алмалуу, Орловка, Кара-Булак, Көк-Ойрок, Ильич жана Кичи-Кемин жайыт пайдалануучулар бирикмелери 3 фронталдык жүктөгүчтү жана 4 фронталдык жүктөө менен экскаваторду алышты. Алсак, Жаңы-Алыш, Алмалуу жана Орловка айылдык аймактарынын ЖПБлары 7 млн. 248 миң сомдон ашык жалпы наркы менен фронталдык жүктөгүчтөрдү; Кара-Булак, Көк-Ойрок, Ильич жана Кичи-Кемин айылдык аймактарынын ЖПБлары 12 млн. 576 миң сомдон ашык жалпы наркы менен фронталдык жүктөө менен экскаваторлорду алышты. Жабдылган техниканын жалпы суммасы 19 млн. 825 миң сомдон ашыкты түздү.

Жогоруда көрсөтүлгөн техниканы Кемин районунун жайыт пайдалануучулар бирикмелери ПУУПЖ долбоорунун алкагында инвестициялык циклдин биринчи гранты боюнча алышты. Мурун атайын техниканы Чым-Коргон, Чоң-Кемин жана Кызыл-Октябрь айылдык аймактарынын ЖПБлары алышкан.

Фотогалерея