Бүгүн 20.05.2012, жекшемби
Аты жөнү:

Электрондук адрес

Билдирүү

Сүрөттөгү кодду киргизиңиз


Электрондук адрес

АРИС
Наши партнеры
База данных по тендерам

Жергиликтүү өкүлчүлүктөрдүн жаңылыктары

Кубанычбек Исмаилов: өлкөнүн 320 жайыт комитети АРИСтин 70 млн. сом суммадан ашык чакан гранттарын өздөштүрүп жатышат

 
12-июлда Талас облусунда жайгашкан Артка-Өтмөк капчыгайында АРИСтин
айыл чарба инвестициялары жана кызматтары Долбоорунун координатору Кубанычбек Исмаиловдун катышуусу менен облустун 37 жайыт комитетинин төрагалары менен көчмө жолугушуу өткөрүлдү.

 

Айылдыктардын жайыт жерлерди башкарууга активдүү тартылышы бирөөнүн эсебинен күн көрүү психологиясынын жеке келечек үчүн жоопкерчилик менен алмашкандыгын айгинелеп турат. Бул тууралуу жолугушуунун дээрлик бардык катышуучулары айтышты. Алар тарабынан жайыт чек араларын демаркациялоо, салык мыйзамдары жагындагы карама-каршылыктарды макулдашуу боюнча актуалдуу маселелер, бир катар райондордо орун алган корук зоналары жагында иш жүргүзүүнүн проблемалуу аспектилери көтөрүлдү. Ушул эле жерде АРИСтин аталган долбооорунун координатору Кубанычбек Исмаилов Талас облусунун Осмонкулов, Шадыкан, Бакайыр жана Үч-Коргон айыл округдарынын 4 жайыт комитетинин төрагаларына 200 миң сом суммасында АРИСтин чакан гранттарын алуу үчүн сертификаттарды тапшырды.

 

Жалпысынан алганда, жайыттардын инфраструктурасына колдоо көрсөтүү үчүн АРИСтин 90 млн. сом суммадан ашык субгранттарын Кыргызстандын бардык 454 жайыт комитети алат. К. Исмаиловдун айтканына караганда, өлкөнүн 320 жайыт комитети 70 млн. сомдук суммадан ашык ушул гранттарды өздөштүрүп жатышат. «Эң башкысы гранттык каражаттардын ар бир сомуна жайыттарды пайдалануучулар өздөрүнүн 60—70 тыйындык каражаттарын кошуп жатышат. Мына ошентип, бөлүнгөн гранттардын суммасы эки эсе жогорулаган жана 150 млн. сомго жакын каражатты түзөт. Мунун өзү жайыт комитеттеринин ишине карата ишенимдин жогорулагандыгын, алардын ишинин натыйжалуу болуп жатканын, демек микродолбоорлордун туруктуулугун айтып турат» — деп белгилеп кетти Кубанычбек Исмаилов.

 

К. Исмаиловдун пикири боюнча алдын ала талдоо жүргүзүү айыл жерлеринин тургундары артыкчылыктардын катарына көпүрөөлөрдү, жолдорду курууну же оңдоону, жайыттарга мал суу иче турган жабдууларды орнотууну таандык кылып жатышкандыгын көрсөтүп турат. «Азыр жайыттарды пайдалануучулардын толук кандуу кожоюндар катары чыгып, бузулган инфраструктураны калыбына келтирип жатышы – айыл чарбасын реформалоодогу чоң жетишкендик» – деп белгилеп кетти АРИСтин ПСИУ долбоорунун координатору.

 

"Өтмөк" көпүрөөсүн оңдоо жергиликтүү масштабдагы курч проблемаларды өнөктөшүп чечүүнүн мисалы болуп калды. Эки айыл округунун – Долоно жана Нуржанов айыл округдарынын жайыт комитеттеринин күч-аракети менен АРИСтин субгранттын бириктирип, айылдыктар ондогон жылдардан бери жергиликтүү тургундардын башын оорутуп келген мына ушул объектини оңдоп алышты. Көпүрөөнүн ачылышында Талас облусунун губернаторунун орун басары Ырыскелди Ботиков жайыт жерлерин сарамжал башкаруу маселелерине жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин өнүктүрүүгө АРИСтин өз убагында жардам бергенин баса белгилеп кетти.

Ключевые слова

Жалал-Абад АРИС Байкоо кеңеши ПСИ Эльмира Ибраимова Талас
Биз жөнүндө | АРИСтин аткарып жаткан долбоорлору | АРИСтин аткарып бүткөн долбоорлору | Биздин өнөктөштөр | Жаңылыктар | АРИСтин бюллетендери | Байланышуу |