Бүгүн, 14-февралда
Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун (АРИС)
Аткаруучу директору Эльмира Ибраимова долбоорлордун жаңы координаторлорун
жамаат менен тааныштырды.
Бишкек жана Ош шаарларынын
шаардык инфраструктурасы Долбоорунун координатору болуп Уметов Балбак Уметович
дайындалды, мурда Б.У.Уметов аталган долбоордо инженер болуп иштеген.
«Карызды конверсиялоо II-Коммуналдык инфраструктура» Долбоорунун кординатору болуп Муктаров Арстан дайындалды, ал да АРИСте узак убакыттан бери сатып алуулар боюнча адис болуп иштеген.