2012-жылдын 17-январында КР коомчулукту өнүктүрүү жана инвестицииялоо Агентствосунда (АРИС) Аткаруучу директор Эльмира Ибраимованын катышуусу менен "Өзүңдүн келечегиңдин ээси бол" ("Стань хозяином своего будущего") макалар жыйнагынын бет ачары болуп өттү.
Публицистикалык жыйнакты чыгаруу идеясы өлкөдөгү жайыт реформасынын негизги этаптарын чагылдыруу, ошондой эле эки структуранын – жайыт комитеттеринин жана фермерлер кошуундарынын калыптанышы жөнүндө айтып берүү болуп саналат. Кыргызстандыктардын өз тагдырындагы жана өз айылдаштарынын тагдырындагы өзгөрүүлөр, жан бактылык психологиядан арылып, жаратмандык психологияга өтүшү жөнүндө баяндаган жеке тарыхтары басылманын өзгөчөлүгү болуп саналат. Алардын тарыхы – биздин мамлекеттин ийгиликтүү жана позитивдүү адамдарынын тарыхы. «Биз айылдыктар менен бир топ жылдардан бери иштешип келе жатабыз, ошондуктан биз айылдыктар болуп жаткан өзгөрүүлөр үчүн жоопкерчиликти өзүнө аларына ишенебиз» – деп белгиледи Э. Ибраимова.
"Өзүңдүн келечегиңдин ээси бол" — бул АРИСтин колдоосу менен айылдыктар өздөрүнүн оор көйгөйлөрүн кантип чечип жатканыгын: өлкөнүн ажайып табигый ресурстарын сактап калууга жана айылдык калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга кандай көмөк көрсөтүп жаткандыгын баяндаган китеп.
Бет ачарга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э. Исаков, айыл чарба Министрлигинин жайыт Департаментинин директору А. Эгембердиев, КР Президентинин Аппаратынын, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын, Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстандын жайыт комитеттеринин жана фермерлер кошуундарынын төрагалары катышты.
Ушул басылманын автору жана аны иштеп чыгуучу “PRconsult” коомдук бирикмеси болуп саналат.
Маалымат иретинде:
Айыл чарба инвестициялары жана кызматтары Долбоорунун негизги максаттары жана милдеттери
(Долбоорду ишке ашыруу мезгили: 2008—2013-жылдар).
- Айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана жайыттарды туруктуу башкаруу аркылуу айылдык калк арасында жакырчылыкты кыскартууга көмөк көрсөтүү.
- Долбоордун милдети фермерлер менен малчылардын иши үчүн инфраструктураны жана институттук чөйрөнү жакшыртуу болуп саналат, мында мал чарба секторуна айрыкча көңүл бурулат. Атап айтканда, аталган Долбоор фермердик чарбалардын (айрыкча, Долбоор тарабынан камтылган аймакта жайгашкан мал чарбалардын) өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана калктын ден соолугуна таасир тийгизе турган дарттар (мисалы, бруцеллез) менен малдын ооруп калышын кыскартууга көмөк көрсөтөт.
- Долбоор зарыл болгон капиталдык инвестицияларды берип турат, колдоо көрсөтүүчү өзөктүү кызматтарды чыңдайт, тиешелүү илимий-техникалык билимдерди жайылтат, ошондой эле өлкөнүн баалуу жайыт ресурстарын натыйжалуу жана туруктуу башкарууга түрткү берет жана колдоо көрсөтөт. Мунун өзү фермерлерге жана малчыларга өз ишканаларынын өндүрүмдүүлүгүн, пайдалуулугун жана туруктуулугун жогорулатууга жана ушуну менен жакырчылыкты кыскартууга көмөк көрсөтөт. Региондордо бруцеллезге каршы күрөшүүгө багытталган программага колдоо көрсөтүү менен, аталган Долбоор ошондой эле калктын ден соолугун чыңдоого да олуттуу даражада көмөк көрсөтөт.
- Долбоордун натыйжаларынын өзөктүү индикаторлору төмөндөгүлөр болуп саналат:
(i) жайыт инфраструктурасын жана сапатты жакшыртуу,
(ii) фермердик жана малчылык чарбаларга колдоо көрсөтүү кызматтарына мүмкүнчүлүк алууну кеңейтүү,
(iii) мал чарбачылыгынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу.