АРИС жөнүндө
Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу (АРИС) Кыргыз Республикасынын Президентинин
АРИС мекеменин укуктук формасындагы коммерциялык эмес уюм болуп эсептелет жана юридикалык жактын статусуна ээ болот.
Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун (АРИС) максаттары
АРИСтин жана ал башкарган ар кандай долбоордун негизги максаты айыл жана шаар жерлеринде жакырчылыктан арылууга көмөк көрсөтүү болуп саналат. Ушул максатка жетишүү үчүн АРИС үч айкын милдетти аткарат:
• Турмуштук жагынан маанилүү инфраструктуралык кызматтарды көрсөтүүнү жакшыртат жана аларга мүмкүнчүлүк алууну жеңилдетет;
• Айылдык жеке менчик жана шаардык ишканаларды өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт;
• Жергиликтүү деңгээлде башкарууну жакшыртат.
АРИС өзүнүн ишин айылдык, ошондой эле шаардык калктын кеңири катмарынын арасында жүзөгө ашырат, мында киреше киргизүүчү жана жумуш орундарын түзүүчү, айылдык жана шаардык инфраструктурага инвестицияларды тартуучу жана топтор тарабынан башкарылуучу чакан жана орто ишканаларга колдоо көрсөтөт, ошондой эле жергиликтүү деңгээлдин өзөктүү милдеттерин чечүүгө жетишүү боюнча биргелешкен иште жергиликтүү коомчулуктарга жана бийлик структураларына колдоо көрсөтөт.
Ушул сыяктуу мамиле Кыргызстандын ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү саясатына колдоо көрсөтөт жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана жамааттык институттарды күчөтүүгө багытталган, мунун өзү алардын кеңири тартылышына, тургундардын өздөрү тарабынан аныкталган өнүктүрүүнүн керектөөлөрүн чечүүдөгү отчеттуулукка жана натыйжалуулукка көмөк көрсөтөт.
АРИСтин уюштуруучулары
Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосунун (АРИС) түзүүчүлөрү:
· Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы;
· «Кыргыз Республикасынын айылдарынын жана кыштактарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмеси
· «